Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Интеллигенциянын басымдуу бөлүгү коррупцияга аралашып, улуулугун жоготуп алышкан”

“Интеллигенциянын басымдуу бөлүгү коррупцияга аралашып, улуулугун жоготуп алышкан”

04-июль, 21:34
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бизде саясый элита, интеллигенция, аксакалдар деген барбы? Эмнеге бийликке сунуштарын, акыл-насааттарын айтышпайт?

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:

-- “Калыс сөзүн айтпаса, карылардан не пайда, акыл-насаат айтпаса, аксакалдан не пайда?” деп кыргызда кесе айтылган. Академик, профессор, айтор, пайгамбар жашынан өтүп калса да бийликке жагалданып, кошомат артып жүргөн карылар көп. Бул – трагедия. Себеби бар. “Бала тентек, аял ойноок болсо оңолот. Аксакал жасакерлик кылып, калыс сөзүн айтпаса журт жоголот” дейт. Азыр өзүн саясый элита атаган улуу муундагы саясатчыларды Махатма Ганди так аныктаган: “Колонизаторлор тарбиялаган элита – өз элинин башкы душманы” деп. Булар эл үчүн эмес системага кызмат кылган, өлкө эмес өз кызыкчылыгын көздөгөндөр. Эгемен эл болобуз десек, элита да элден чыгышы керек. Эртеңкиге жаңы саясый элитаны калыптандыруу – бүгүнкү бийликтин негизи максаты болушу зарыл. Билимдүү, тажрыйбалуу, принципиалдуу, туура баалуулуктарды карманган, бир топ тилде эркин сүйлөгөн, элдин, мекендин баркын чындап туйган, ички-тышкы күч, душмандарга туруштук берчү инсандарды өстүрүү абзел. Ошондо гана кыргыз эли эл катары сакталып, мамлекет күчтөнөт.

Төрөбай Колубаев, серепчи:

-- Азыр интеллигенция, аксакалдар дегенде даражалуу кызматтарда иштеген Медеткан Шеримкулов көз алдыбызга келет. Баарыбызга, бийликтегилерге ошол кеңеш берчүдөй, жол көрсөтчүдөй сезилет. Бирок, ал да учурунда калпыстыкка жол берген. Иранда элчи болуп жүргөндө арзыбаган ишке аралашканы үчүн кызматтан кеткен. Азыр Эл Баатыры болуп жүрөт. Ал эми учурунда мамлекетти башкарган экс-президенттер чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт. Анан кимиси менен мактанабыз? Аксакалдарыбыз, интеллигенциянын басымдуу бөлүгү коррупцияга аралашып, улуулугун жоготуп алышкан. Ошон үчүн алар бийликке кеңеш бергенге батынышпайт, сындай да алышпайт. Себеби, аксакалдардын дээрлик көбү өз кызыкчылыгы үчүн бийликтен кызмат сурашып, уул-кыздарын, неберелерин иш менен камсыздашып, бизнестерин коргошуп, ооздорун жаап отурушат. Ооз ачкандын баарын ордуна коюп жатканда эч кимиси сүйлөй алышпайт, кеңеш берүүнү айтпай эле коёлу.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер