ИИМдин беш орун басары. Баскан жолдору купулга толобу?
“Көп суур ийин казбайт” дейт. Турмуш көрсөттү. Анын сыңарындай, ИИМдин беш орун басарына учкай баа берели. Адилеттүүлүктөн тайбай, калыс кептен келтирели. Окурман деле биз жараткан ой-пикирге кошулса керек. “Ой, үстүнөн түшүптүр!” деп санын чапкандай кылалы.
Табиятынан Октябрь Урмамбетов майдачыл болсо да, жаманбы-жакшыбы милициянын тепкичтерин аттабай басып өтүптүр. Оперликтен телчигип, бөлүм башчы, РИИБнин орун басары, начальник, ОИИБ жетекчиси, кыскасы, бир катар кызматтардан соң ИИМдин орун басарлыгына жеткен экен. Асмандан “топ” эте түшпөптүр. Жарайт, экзаменден өттү.
Нурбек Абдиев да оперликтен жогору көтөрүлүп, бөлүм башчы, башкармалыктын начальниги, айтор, кылмыш иликтөө багытында даңкан ыргытып, из салып, милициянын ысык-суугуна күйүп, кайсы бир деңгээлде эмгек кылганын танбайлы. Учурда министрдин татыктуу жандоочусу. Баракелде, Нурбек Такабаевич!
Эми Адылбек Бийбосунов, Сүйүнбек Ниязбеков жана Эркебек Аширходжаевге токтололу. Бул үчөө ИИМдин орун басарлыгына чейин РИИБ, ОИИБ жетекчиликтеринде иштебептир. Кызык. Милициянын түйшүктүү, ырааттуу жолунан өтүшпөй эле кайып каскагынан секирик жасашып, генерал-майор наамдарына чейин алышканы таңгаларлык. Үч жылдан бери орундарынан козголуп да коюшпай, көчүктөрү деле талыса керек. Натыйжада, Баткен, Ош, Жалал-Абад ОИИБлеринин башчылыгына үчөөнү бөлүштүрүп, элге кызмат кылдырса кандай? Генералдык чин-даражаларын акташсын да. ИИМдин борбордук аппаратынан топтогон тажрыйбаларын бөлүшсүн, кокус чыр-чатак, ар кандай кырсыктар орун алса, жол баштап алдыда жүрүшсүн да, туурабы? А болбосо жылуу-жумшак кабинеттеринде отурушуп эле беттеринен май тамып, борго байлангандай эле образ жаратып калышты го? Төрдө отуруп алып акыл үйрөтүшпөй, эл менен иштегендин үлгүсүн көрсөтүшпөйбү? Ай ким билет? Реалдуу практика болбогондон кийин аймактарга барышса апкаарышып, чайналып калуудан коркушабы? Өздөрүн көрсөтүшсүн да...
Кыскасы, Адылбек Бийбосуновго, Сүйүнбек Ниязбековго жана Эркебек Аширходжаевге жол көрсөттүк. Буга чейин ИИМдин орун басары катары армансыз эле жан багышты, натыйжада, эл үчүн да кызмат кылышсын. Жок дегенде айта жүргөнгө жакшы, милициянын тарыхында да калышат.
"Азия Ньюс" гезити