Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мунаркан Өмүралиева: “Ковидден кийин өзүн-өзү көзөмөлдөй албагандар көп”

Мунаркан Өмүралиева: “Ковидден кийин өзүн-өзү көзөмөлдөй албагандар көп”

23-август, 18:50
1 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин бириккен борборунун директору менен маек.

-- Алгач коронавирустан кийин калыбына келтирүүчү бөлүмдөрдүн ачылуу себептерине токтолсоңуз?

-- Ковид менен ооругандардын психикасында көп өзгөрүүлөр болууда. Адамдарда паника, тынчыздануу, чочулоо сыяктуу постковидный коркунучтар калып атат. Ооруп бүткөндөн кийин кайра-кайра кайрылгандар көп. Башкача айтканда, башта тынч эле жүргөндөр өзүн-өзү көзөмөлдөй албай атышат. Ошондой эле мурда кант диабети, холестерини жайында болгондордун көрсөткүчтөрү көтөрүлүп кетүүдө. Жадагалса, дене табы үч айлап түшпөй жүргөндөр болду. Жүрөккө, уйку безине, боорго терс таасирин берип, өт коюлуп, тамак сиңирүүнү начарлаткан учурлар да бар. Кыскасы, адамдын эсинде сакталган патологиялык оорулар кайрадан козголуп атат. Унутчаактык күч алып, бат-баттан көңүлдөрү өзгөргөндөр арбын. Акыл-эс тутуму начарлап кеткендер да кездешүүдө.

-- Эми ушундай постковиддик синдромго чалдыккандар үчүн борборлор иштесе, ал жерде кайсы адистер жардам көрсөтүшөт?

-- Адамды кадимки жашоого келтириш үчүн алгач психологдор жардам беришет. Андан кийин жабыркаган органдарды дарылоо башталат. 

-- Учурда борборлорду ачуу аракети кайсы этапта?

-- Министрликтен постковиддик синдромду далилдүү медицина иштеп чыгышы керек, аны дарылоо боюнча өзүнүн алгоритми болушу үчүн. Ал бейтаптар ооруканага жатып дарыланышпайт да. Ошон үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда өзүнчө бөлүмдөр ачылышы зарыл. Биз бул боюнча министрликке кайрылганы турабыз. Алар уруксат берсе, иштей баштайбыз.

-- Ковид болуп ооругандарда жогоруда айтылган симптомдор болсо, жалпы ден соолугун өз алдынча калыбына келтирүү үчүн эмне кылса болот?

-- Көңүлдү позитивге буруп, жакшы күндөрдү эстеп, алдыга жакшы максат менен умтулуу керек. Өзүн-өзү көзөмөлдөгөнгө аракеттенип, жаратылыш койнунда көп сейилдөө зарыл. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер