Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Министр Чодуевдин айынан Уланбек Качибековду эки маселе боюнча сотко бергени даярдап жатам”

Жамин Акималиев: “Министр Чодуевдин айынан Уланбек Качибековду эки маселе боюнча сотко бергени даярдап жатам”

06-март, 17:38
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   -- Жамин ага, жакында эле сиздин дарегиңизге...

-- Болду, эмне деп сурарыңды түшүнүп турам. Ал мындай: өткөндө сиздердин “Азия Ньюс” гезит аркылуу азыркы айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдун ишмердигин сындап, анын адис эместигин, майдалыгын, иштин көзүн билбегендиги тууралуу айтып, керектүү макала жарык көргөн. Сынды туура кабыл алгандын ордуна азыркы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев өзүнүн коомдук кеңешчиси аркылуу пресс-конференция берип, менин дарегиме жагымсыз сөздөрдү айттырды. 

-- Кимдер аркылуу?

-- Бул каралоону уюштуруп аткан шыктандыруучусу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев. Ал эми мени башыман ылдый “жугунду” төгүп, каралап аткан  жигит “Кудайдан жөө качкан” Уланбек Качибеков министрдин кеңешчиси болуп иштейт. Биздин дыйканчылык институтта бөлүм башчы болуп келгенине жарым жылдан ашып, 8 ай болуп калды. Эң кызыгы, бу жигит өткөн кылымдын 80-жылдары болуп-болбогон нерселерди жомок кылып, “Акималиев талкалап койгон” деп божурап атат. 1989-жылы институттан кетиптир. Биздин институтка күйүп-бышып, баарын билип сүйлөгөнгө моралдык укугу да жок экен. Эмгек китепчесин алсам, 19 беттен туруп, “күлү бир жерге додо болбоптур”. Ар кайсы мекемеде тийди-качты иштептир. Негизгиси, Акималиевди жамандап, президент уксун, өкмөт башчы уксун, коомчулукта Акималиев жөнүндө терс пикир жаралсын, андан кийин актанып жата берсин деген ниетте Чодуевдин заказын аткарды. Өткөндө айттым эле “Жамин Акималиевди жумуштан алуу операциясы башталды” деп. Булардын максаты мени жумуштан кетирүү болуп турат.

-- Жумуштан кетирүү операциясы мурун эле башталгансыды эле?

-- Мени 2017-жылдын 25-февралында Скрябин атындагы агрардык университеттин ректору Рысбек Нургазиев “жашы келип калды” деп кызматтан алып, бир жарым жыл соттошуп, Жогорку сот 2019-жылдын 10-июнунда чечим чыгарып, Нургазиевдин мени кызматтан алган буйругун “мыйзамсыз” деп таанып, мени дыйканчылык илим-изилдөө институтунун директорлугуна отургузуп, эки жылда албаган айлыгымды төлөттүрүп берген. Жогорку сот мыйзамдын негизинде гана иш алпарган. Алар биздин Башмыйзамыбыз болгон Конституциянын 16-беренесине гана таянган. Ал жерде “Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, туткан дини, курагы, саясый же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес” деп кашкайып жазылып турат. Анан кандайча жашы өтүп кетти деп мени кызматтан алат?! 

-- Өкмөттүн жобосу бар болуш керек эле?

-- “Илим изилдөө институттардын директору 70 жаштан кийин жумуштан кетиш керек” дегенди айтып атсаң керек. А бирок, Конституциянын 6-беренесинде “Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат” деп жазылып турат. Сен айтып аткан жобо ченемдик актылар болот экен. Мыйзам болуп эсептелбейт жана Конституцияга каршы чыгат экен. Мейли, өкмөттүн токтому, же жобосу болобу, алар Башмыйзамдын гана негизинде чыгышы абзел. Ошол эле 6-беренеде “Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана КРда түздөн-түз колдонулат” деп турат. Демек, мени жумуштан кетирүү операциясы, аны колго алган тараптын айлалары алты кетип, мени курулай каралоого өтүп башташты. Дагы бир жолу айтам, бул курулай каралоо! Ошентип койсо эле өкмөт башчы ишенип, мени жумуштан шыпыра коёт дейсизби? Мухамметкалый Абылгазиев билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу жетекчи. Баарын талдап, кимдин ким экенин беш колдой билген адам. 

-- Сизди “үй-бүлөсү менен ичип-жегич” деп да кетти көрүнөт?

-- “Орок, Жалды талкалашып, жеке менчикке сатып байышкан коррупционерлер” дешти, мындан артык былжыраган сөз жок! Бизде ушундай чарба бар болчу. Ошону чынында монополияга каршы мамлекеттик агенттик “миллионго жакын карызы бар экен” деп сотко берет. Соттон жеңип чыгат да, банкрот кылып, кайра башкага сатып атпайбы. Бу жерде менин эч бир тийешем жок. Ошентсе да чыгарган чечимдери туура эмес болгон. Ошол кездеги мыкты прокурор Аида Саляновага кайрылып, чиелешкен маселени карай турмак болгон кезде жумуштан кетип калды. КГБ, азыркы УКМКга кайрылдым. Тергөө кызматындагы Самудин уулу деген мыкты, билимдүү жигит карап чыгып, “туура эмес иш болгон экен. Силердин чарбаңарга эч кимдин акысы жок. Мыйзамда бул жерлер түбөлүк берилген” деп, мен эмес алар УКМКнын атынан сотко беришти. Жогорку сотко чейин барып, ал жактан “банкрот туура болгон” деп чечим чыгарып койгон. Ушуну да мага шылтап атышат.    

-- “Каралоо” деп атасыз, андай болсо Уланбекке чара колдонуу жагын карап атсаңыз керек?

-- Былжырагандардын баарын эмес, эки маселе боюнча сотко кагаз даярдап атам. Качибековду сотко берем, далилдеп берсин, антпесе болбойт. Өз абийиримди сактап калышым керек. Мыйзамда жазылып турат, каралаган кишиге кылмыш иши козголушу керек. Калганын сот аныктасын.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер