Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мейманканаларда түнкүсүн чатак салышкан курултайчыларды милиция араң бастыбы?

Мейманканаларда түнкүсүн чатак салышкан курултайчыларды милиция араң бастыбы?

01-декабрь, 12:28
13 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки күн бою курултай өтпөдүбү, баарыбыз көрдүк. Ар кандай маанидеги баалар берилүүдө. Элдин бугу ичинде катылып келе жатканын баамдадык. Эми бул жагынан талдоо кылып, мактоого ала албайбыз, сөз көбөйөт. Ансыз да кошоматчылар кооздоп бүтө албай жатышат... А эң кызыгы, курултайдын биринчи күнү аяктап, делегаттар ресторандан тамактанышып, андан соң мейманканаларга жатышканда кызыктын баары башталыптыр. Ар аймактан келишкен аксакал-көксакалдардын айрымдары алагүү тартышып, ичтери ысыганда бири-бирине сөз ыргытышып, жаакташканга чейин барышып, мушташа кетишерде ажыратышып, айтор, кызык оюн салышыптыр. Айла кеткенде милиция кайтарууга алганы, көчөгө бастырбай түнкүсүн жаткан жерлеринде эс алдырышып, араң карап кутулушканы тар чөйрөдө талкууга алынды. Бул жагын терең аңдаган билермандар экинчи курултай өткөргүс болушуптур. Туура да, түнкүсүн адыраңдап эле жатышса, кимдин нерви чыдамак эле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер