Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Жумалиев: “Мага негизсиз, жалган айыптар коюлду”

Кубанычбек Жумалиев: “Мага негизсиз, жалган айыптар коюлду”

18-февраль, 11:22
3 664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР башкы прокурору К.Т.Зулушевге,

УКМК төрөгасы К.К.Ташиевге

К.М.Жумалиевден 


АЧЫК КАТ

Урматтуу Курманкул Токторалиевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 4-февраль күнү башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалиевичтин билдирүүсү боюнча Биринчи Май райондук соту мени 4-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алууга чечим чыгарган. 

Мени кармоого жана камакка алууга 2016-жылы коррупциялык жол менен ОсОО "Эл аралык медициналык университетине" (ЭМУ) лицензия алган деген божомол башкы негиз болууда. Ошону менен катар сиздер өзүңүздөр ынангандай, тергөө менин күнөөмдүн жана коррупциялык негиздин олуттуу далилдерин таап бере алган жок. Ошол эле учурда мен Жогорку Кеңештин иштеп жаткан депутаты экендигимди баса белгилегим келет. Мага карата процессуалдык чаралардын мындай жүрүшү тергөө тобу тарабынан укук бузуулардын бири болду. Ал эми түздөн-түз мага коюлган “эл аралык медициналык университетине мыйзамсыз лицензия алган деген айыптоонун негизсиз жана жалган экендигине, фактыларды кылдат изилдөөдө аныкталарына ишендиргим келет. 

Түшүндүрүп берейин. 2016-жылы 120 студентке 6 жылга лицензия алынган, ал лицензияга ылайык ар жылы 20 студенттен гана окутуу үчүн берилген. 2016-жылы студенттер окууга кабыл алынган эмес, башкача айтканда, бул лицензия колдонулган эмес.

Бул маалыматтардын баардыгы билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн расмий документтеринде жана университеттин өзүнүн документтеринде чагылдырылган.

Бул жалган айыптар мага коюлганда билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялык кеңеши документтерди биринчи жолу тапшырганда лицензия берүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматты биринчи жолу уктум. Айыптоолор “ошол кезде депутат катары кысым көрсөтүп, лицензия алган” деген божомолго негизделген экен.

Бирок, лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу боюнча жооптуу болгон ЭМУнун биринчи ректору Индира Абдыжапаровна Ибраева мага бул тууралуу айткан эмес. Анүстүнө, менин билишимче, бул маалымат расмий тастыкталган жок. Ошондой эле мындай корутунду мекеменин өзүндө катталган эмес, бул лицензиянын "берилбегендиги" окуясына жана уруксат алуу учурунда кандайдыр бир көйгөйлөрдүн болгондугуна шек жаратат.

Бул жалган айыптоолор эл аралык медициналык университетин тартып алууну көздөгөн, мурун дагы кайра-кайра чакырык жасаган адамдар тарабынан кара ниеттик менен атайын жасалган деп божомолдой алам. 


Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Мамлекеттик ишмер, саясатчы катары, бүтүндөй өмүрүмдү Кыргыз Республикасынын илим-билимин, өнөр жайын өнүктүрүүгө арнадым. Былтыркы жылдын май айынан тарта түшүнүксүз себептерден улам, “Чоң казат” кыймылынын чабуулунун бутасына айландым. “Байларды тоноо” ураанынын астында мага каршы кампания башталып, натыйжада менин ишмердүүлүгүм толук дыкат текшерилип чыкты. 

КР экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (финансылык полиция) тергөө тобу тарабынан кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу, чет мамлекеттерге жана ал жактан кайра Кыргызстанга акча которуу, мага жана менин туугандарыма тийешелүү болгон 61 компаниянын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгү боюнча деталдуу изилдөө жүргүзүлдү. Сотко чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө мага коюлган күнөөлөрдүн негизсиз экендиги далилденип, айыптоолордун баары жокко чыккан. 

Аныкталган анча-мынча кемчиликтер тез арада жоюлган. Анүстүнө, ал кемчиликтер көптөн бери мага тийешеси жок компаниялар боюнча болчу. 

Бүгүнкү күндө 61 компаниянын 40тан ашууну жабылган. Мен жана менин туугандарым компаниялардан негиздөөчүлүктөн чыктык. Бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маалымат базасынан оңой эле текшерсе болот. Бул текшерүүлөрдүн натыйжалары соттук инстанциянын чечиминде чагылдырылган.

Азыр дагы мага коюлуп жаткан айыптар жогорудагыдай негизсиз жана жалган. Кыргызстандагы мыйзамдын үстөмдүгүнө шек келтирген жалган маалыматтарды тараткан адамдар кармалып, жазаланышы өтө маанилүү деп эсептейм.


Урматтуу Курманкул Токторалиевич! Камчыбек Кыдыршаевич!

Менин бир гана өтүнүчүм, учурдагы сотко чейинки өндүрүш сизге жана Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевичке карата сот тарабынан адилетсиз жүргөндөй болбостон, объективдүү жүргүзүлсүн.

Мага коюлган калп айыптоолорду эске алып, президент Садыр Жапаров жарыялаган мыйзамсыздыкка жана адилетсиздикке каршы күрөштү жаманатты кылган мыйзам бузууларды токтотууга жана мыйзамдык базага кайтып келүүгө чакырам!

Маанилүү! 

Ошондой эле мен жана менин туугандарым менен байланышкан компаниялардын баардык учурдагы активдеринин мыйзамдуу келип чыгышын чагылдырган төмөнкү маалыматтарды бергим келет.

Биринчиден: Банктардан алынган кредиттерди мен жана менин алыс-жакын туугандарым тарабынан жеке адамдардан жана компаниялардан алынган карыздарды, мага караштуу компаниялар тарабынан алынган кредиттерди талдоонун жыйынтыгында, менин ишкерлигимдин баардыгы кредит жана карызга негизделгени баардык адамдарга көрүнүп турат жана түшүнүктүү. Бүгүн биз – мен жана менин туугандарым банктарга 12 400 000 АКШ долларын жана жеке адамдарга жана компанияларга 4,9 миллион АКШ долларын, башкача айтканда, 16 940 000 АКШ долларын төлөшүбүз керек.

Экинчиден: Бул карызды кайтаруу Таш-Көмүр шаарына жакын жерде курулуп жаткан цемент заводу толук курулуп бүтүп, ишке кирген учурда гана мүмкүн болот. Завод 2020-жылдын 1-августунда иштеп башташы керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам ишке киргизүү кечеңдеген. Заводду толук кандуу ишке киргизүү үчүн дагы болжол менен 16-18 миллион АКШ доллары талап кылынат. Мындай сумманы заводго салууга даяр инвестор менен макулдашуу бар. Бирок инвестор мен өнөктөш болгон шартта гана келет. Эгерде завод пайдаланууга берилсе, анда 3500дөн ашуун жумушчу жана инженер-техник кызматкерлер иштешет.

Мындан тышкары, 800 миң тонна тампонаждык цемент жана портландцемент өндүрүлгөндө, бюджетке жылына 1 миллиард сомдон (12 миллион АКШ доллары) ашык каражат түшөт. Заводдун мындай натыйжалуулугуна жетишүү үчүн менин ишим жана бир катар иш-чаралар Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда, Таш-Көмүр шаарына жакын жерлерде цемент чийки затына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багытталган.

Үчүнчүдөн: Мага жана менин жакын туугандарыма таандык болгон же азыр таандык ар бир объекттин келип чыгышынын мыйзамдуулугун далилдөөгө даярмын, бул турак жай жана турак жай эмес коммерциялык кыймылсыз мүлк кайсы каражаттарга сатылып алынгандыгын жана качан, канчага сатылганын көрсөтүүгө даярмын. Кыймылсыз мүлк бизнеси 2006-2015-жылдар аралыгында мен эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебеген мезгилдеги эң негизги ишим болгон. Жогорудагы маалыматтар финансы полициясынын сотко чейинки өндүрүшүнүн материалдарында толугу менен бар.

Маалымат үчүн:

1993-2005-жылдар аралыгында мен мамлекеттик кызматтарда болдум

2005-жылы мен мамлекеттик кызматтан кетип жатканда Бишкек шаарында бир гана батирим, Чүй облусунун Аламүдүн районунда эки жер тилкем болгон. 

2006-2015-жылдары мен илимий иштерим жана бизнес менен алектендим. Бизнесимди колдоо үчүн банктардан, жеке адамдардан жана алыскы туугандардан насыя алгам. Насыя алуу үчүн мен алыскы туугандардын мүлкүн күрөөгө койгом.

Төмөндө алыскы туугандарым, мени менен байланышкан компаниялар алган кредиттердин жана карыздардын алынган жылдары, максаттарын белгилеп өтөйүн

2007-жыл:

1. Кредит. Алыскы тууганым Каратаева Энера алган. ОАО «Оптима банктын» Токмоктогу филиалынан 250.000 АКШ доллар өлчөмүндө алынган. Кредиттин максаты: турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу.

2. Кредит. ЧП «Жаманаев». ОАО «Оптима банк». Кредиттин суммасы 1,5 миллион АКШ доллары. Кредиттин максаты: турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда цемент чийки затына геологиялык чалгындоо жүргүзүү.

3. Кредит. Жумалиев К.М. ОАО «Финанскредитбанк». Кредиттин суммасы 700.000 АКШ доллары. Кредиттин максаты: Турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда геологиялык чалгындоо ишин жүргүзүү.

2010-жыл

4. Кредит. ОсОО «Гоин». ОАО РСК банк. Кредиттин суммасы 1 млн. АКШ доллары (4,900,000 сом). Кредиттин максаты: Гоин соода борборун өрттөн кийин калыбына келтирүү. 

5. Кредит. Жумалиев К. ОАО «Оптима банк». Кредиттин суммасы 250,000 АКШ доллары. Кредиттин максаты: кыймылсыз мүлк сатып алуу.

2013-жыл

6. Карыз. Жумалиев К. «Аэнаи» компаниясынан алынган. Карыздын суммасы 1,9 млн. АКШ доллары. Максаты: “Гоинге” алынган насыяны төлөө, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда геологиялык чалгындоо жүргүзүү.

2016-жыл

7. Кредит. ЧП «Жаманаев». ОАО «Оптима банк». Кредиттин суммасы 4 млн. АКШ доллары. Максаты: турак жана турак эмес жайларды сатып алуу. Турак эмес жайларды оңдоо жана реконструкциялоо. 

2018-жыл

8. Карыз. Жумалиев К. «Эдюкейшн Эдвайзер» Пакистандык компаниядан. Карыздын суммасы 3 млн. АКШ доллары. Максаты: Таш-Көмүргө жакын жерде цемент заводун курууга жумшоо

9. Кредит. ОсОО «Курманбек». ОАО «Айылбанк». Кредит суммасы 4,3 млн. доллар. Максаты: жылына 860 миң тонна өндүрүм кубаттуулуктагы цемент заводу үчүн жабдууларды сатып алуу. Жабдыктар сатылып алынган. 

10. Кредит. ОсОО «Аструм Юнайтед корпорейшн». ОАО «Айылбанк». Кредит суммасы 490.000 АКШ доллары. Кредит максаты: суу куюучу линияны сатып алуу, суу куюучу линияны ишке киргизүү жана эксплуатациялоо, имараттарды оңдоо, суу куюу үчүн инфраструктура жана жайларды куруу.

2020-жыл

11. Кредит. ОсОО «Эл аралык медициналык университет». ОАО «Халык банк». Кредиттин суммасы 675.000 АКШ доллары. Максаты: окуу процессин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон имаратты менчикке сатып алуу. 

12. Кредит. ОсОО «ММУ». АКБ «Кыргызстан», 400.000 АКШ доллары. Максаты: окуу процессин уюштурууга медициналык жабдыктарды сатып алуу. 

13. Кредит. ОсОО «ММУ». ОАО «KICB банк», 275.000 АКШ доллары. Максаты: окуу имаратын сатып алуу. 

14. Кредит ОсОО «Клиника Авиценна Медикал», негиздөөчүсү ОсОО «ММУ» Демирбанктан 1.200.000 АКШ долларын алган. Максаты: 600 орундуу клиникага медициналык жабдууларды сатып алуу, клиника үчүн имаратты оңдоп түзөө. 


Алынган насыялар жана карыздар боюнча талдоо жана корутундулар.

Тыянак 1. Жалпысынан 2007-2020-жылдар аралыгында 23,640,000 млн. АКШ доллары өлчөмүндө насыялар жана карыздар алынган.

Тыянак 2. Алынган карыздык акчалай милдеттенмелер, компаниялардан жана жеке адамдардан алынган насыялардын 9,4 млн. АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күндө карыз берүүчүлөрдүн алдындагы карыз 4,9 миллион долларды түзөт. 3,4 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз жабылды.

Тыянак 3. Кыргызстандын банктарынан 14 240 000 АКШ доллар насыя алынган. 2.200.000 АКШ доллары өлчөмүндө насыялар, банктык пайыздарды эсепке албаганда, төлөнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай банктардан алынган насыялар 12 400 000 АКШ долларын түзөт.

Тыянак 4. Эгерде биз төлөмдөрдү жана салыктарды өз убагында төлөбөсөк, анда банктар күрөөгө коюлган баардык мүлктөрдү алып кетишет.


Урматтоо менен, Жумалиев К.М.

15.02.2021 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер