Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Ысыкеева, психолог: “Ыймандуу болуу – бул жеке эле хиджаб, куран аркылуу келбейт”

Айгүл Ысыкеева, психолог: “Ыймандуу болуу – бул жеке эле хиджаб, куран аркылуу келбейт”

29-май, 21:30
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айгүл айым, соңку убакта кичинекей кыздарга кыйнап хиджаб кийгизүү, динге мажбурлап басынтуу аракеттери күчөп баратат го? Мындай жосундардын акыр аягы эмнеге алып барат? Биз өспүрүмдөрдүн эрки, каалоосу, алардын тандоосу менен эсептешип, эркиндик үчүн кам көрө алабызбы?

-- Учурда мамлекет көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калат. Кээ бир кезде 7 жаштагы кыздарга хиджаб кийгизип койгонун көрүп жаның кейийт. 10-11 жашка чейинки балдар өзүнө жоопкерчиликти, өзүнчө ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алууну, анализди жакшы өздөштүрө элек кез, жанындагы адамдардын айтканына, сунушуна, талабына таянып жашайт, баарына ишенет. Качан гана өспүрүм куракка келгенде өз алдынча ой жүгүртүп, анализдеп, салыштырып, териштирип баштайт. 18 жашка чейин күндөн-күнгө аз-аздан жакын адамдардын жардамы менен үйрөнүп өздөштүрөт.

Балдар өзүнүн тандоосун толук кандуу кылалбайт, перспективасын, келечегин толук кандуу көрө албайт. Мисалы, хиджаб кийгенден кийин кыздын жашоосуна кандай чектөөлөр кирерин ата-энеси кызы менен ачык сүйлөшүүсү зарыл. “Хиджабга макулсуңбу? Жагып жатабы? Эмнеси жакпады?” деп ойлонууга убакыт берип, көнө алабы же ыңгайсызбы, балким кызы каалабайбы – ушуларды билүүсү шарт. Мен өзүм балдардын хосписинде иштеп, көп мисалдарды көргөм. Кызынын макулдугун сурабай хиджаб кийгизип, “ыйманга үйрөнсүн” деп медресеге берип коюшкан. Ал жактагы шарт, ал кызга болгон мамиле абдан жагымсыз болгон. Кыз кыйналып, көнбөй, эч ким менен бугун бөлүшө албай, рак дартына чалдыгып, кийин каза болду. Депрессияга түшүп, өрчүп, психосоматикалык реакция болуп, ооруга айланып кеткен.

Ата-энесинин кыйноосуна кабылган мындай жаш кыздар толтура. Ыймандуу болуу – бул жеке эле хиджаб, куран аркылуу келбейт. Бул татаал процесс. Ыймандуу болууга биринчи иретте ата-энесинин баласына кылган мамилесинен жаралат. Баласын угуп, сыйлап, көңүлүн карап, колдоп, эч ким менен салыштырбай, коргоп, коркутпай, урбай, кордобой, акылдашып, каалоосу менен эсептешип, кеңешип турса, бала ыймандуу болот. Ал адилеттүү мамиле көрөт. Өзү дагы акыйкатка умтулуп чоңоёт.

Мамлекет тарабынан ушул сыяктуу туура тарбия жөнүндө маалымат балдарга дагы, ата-энелерге дагы жеткиликтүү болушу керек. Ал чараларды балдар бакчасы, мектеп, жергиликтүү коомдор аркылуу жеткизүүнүн жолдорун изденип, сунушташ керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер