Турдакун Усубалиевдин “Кыргызстан” совхозу боюнча эскерүүсү
Турдакун Усубалиевич Россия менен Кыргызстандын идеологиялык жана экономикалык үзүрлүү байланышынан жаралган Ярославль облусундагы «Кыргызстан» совхозу жөнүндө төмөнкүдөй эскерет: «Россиянын Ярославль облусунан салтанатка чакыруу телеграммасын алгандагыдай көптөн бери мындай жүрөк толкуткан жагымдуу сезимге келе элек элем, - дейт Турдакун Усубалиевич. – 2001-жылдын 24-августунда «Кыргызстан» айыл чарба комплексинин чейрек кылымдык юбилейине чакырылып калдык. Көптөгөн жылдары жылуу достук мамиледе бир туугандай, бир мамлекетте чогуу биргелешип иштеген эмгектерибиз алдыбызга панорамадай тартылып турду. Ярославль жергесинде биз курган совхоздун аты кадимкисиндей сакталып, ак эмгектен жаралган жумуштарыбыз эч унутта калбаптыр.
Тарых деген унутулгус улуу окутуучу, аны оңдоого, кайрадан жазууга болбойт. Ондогон жылдар мурда көптөгөн улуттардын башын бириктирген Советтер Союзу деген кубаттуу держава жашап өткөн. Жетимишинчи жылдардын башында КПССтин Борбордук Комитети Россия Федерациясынын кара топурактуу эмес зонасына айыл чарбасын өнүктүрүүгө жардам берүүгө чакырык менен кайрылган. Кыргызстан биринчилерден болуп ал чакырыкты колдогон. Анткени, Кыргызстан Россия менен биргеликте 130 жылдан бери бир мамлекетте чогуу, 70 жылдан бери Советтер Союзунун карамагында ынтымактуу жашаганы себеп болгон. Бул жылдарда орус эли кыргыз элинин билимдүүлүгүнө, экономикасынын, маданиятынын, искусствосунун ар тараптан гүлдөшүнө олуттуу салымдарды көрсөтүшкөндүгүн эч унутууга болбойт. Ошондуктан кыргызстандыктар бир туугандык жардамын көрсөтүүгө дайым даяр экендигин биринчилерден болуп билдиришкен.
1976-1985-жылдары Ярославль облусунун Шурскөл селосунда кыргызстандыктар айыл чарба комплексине караштуу жол салып, үйлөрдү, орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, соода борбору жана өндүрүш объектилерин курууга бел байлашкан. Убагында республиканын долборлоо жана курулуш мекемелери, инженер- техникалык кызматкерлери, катардагы жумушчулары өз каалоолору менен барышып, Кыргызстандын элинин атынан ардактуу тапшырмасын ийгиликтүү аткарышкан.
Баратканыбызда, Москва–Ярославль автоэстакадасынан бурулган жерде чоң тамгалар менен бадырайып жазылган «Кыргызстан» деген жазуусу бар такта көрүндү. Биздин жолчуларыбыз курган жыйырма чакырымдык асфальтталган жол менен жөнөп бараттык. Ошондогу бир эсте каларлык окуяга токтолоюн:
Долбоорлогон курулуштардын ичинен эң оору, создуктуруп жай бүткөнү жол салуу жумушу болду. Автомобиль жана шоссе жолдор министрибиз Кыдырма Абышевич Орозалиевден “эмнеге жол куруубуз кечеңдеп жатат?” десем, “шагыл жок, бир нече облустарды тейлеген бир эле жарыбаган карьери бар экен, кезегибизге бир айдан ашык убакыттан бери жетпей жатабыз” деди. “Башка жолу жокпу?” десем, “бар, Кыргызстандан 60 миң куб шагылды ташышыбыз керек. Бирок, шагыл ташычуу платформалар бизде жок, аны Москвадан сураш керек” дейт.
Борборго келип, министр Павловский Иван Григорьевичтен “Ярославль облусуна шагыл ташууга платформа керек” десем, а киши таң калып, “4 миң чакырымданбы?” деди. Ары кетип, бери кетип жатып, акыры менин даярдап барган эсебиме макулдугун берип, Кыргызстандын шагылы Россиянын жолуна төшөлдү.
Биз Неро деген ажайып көлдү жээктеп өттүк. Кыргызстандык ирригаторлор ал жерден суу чыгарганга күчтүү насостук станция орнотту эле, чейрек кылым өтсө дагы бузулбай иштеп жатыптыр. Жол боюндагы биз курган курулуштардын баардыгы мурдагысындай иштеп жаткандыгы биз үчүн өтө жагымдуу окуя болуп, деңгээлибизди көтөрүп баратты.
Биз барган делегацияны мектептин мугалимдери, окуучулары жана жергиликтүү жашоочулары жаркыраган орто мектепти жана башка көптөгөн объектилерди куруп бергендиги үчүн ыраазылыгын кайталап айтышып, нан, туз, ыр-бий менен тосуп алышты. Бала бакча, борбордун көркүн ачкан соода түйүнү, буу менен жылуучу турак жай үйлөрү жана маданият үйү мурдакыдай иреттүү көрүнүп, көз жоосун алып, заңкайып турду.
Салтанатка Россия Федерациясынын региондорунан, министрликтен 600 адамдан ашык катышышты. Биздин делегациянын жетекчиси Ош облусунун губернатору Накен Касиев президент Аскар Акаевдин атынан «Кыргызстан» совхозунун жамаатына куттуктоо сөзүн окуп берди. Ярославль облусунун губернатору А.Лисицын сүйлөп, шефтик жардамын аябай ири айыл чарба комплекстин бекер куруп бергендиги тууралуу кыргызстандыктарга ыразылыгын кайталап айтып жатты.
Кыргыз Республикасынын биринчи жетекчиси катары совхозду куруудагы эмгегимди эске алып, губернатор Ярославль облусунун администрациясынын коллегиясынын кабыл алган токтомун окуду:
“Урматтуу Турдакун Усубалиевич!
Сиз Ярославль облусундагы «Кыргызстан» совхозунун түпкү атасы катары жогору бааланасыз. Сиздин күрдөөлдүү аракетиңиз менен чейрек кылым мурун жаралган эң сонун идеяңыздын негизинде кыргыз курулушчуларынын аракети менен мыкты айыл чарба комплексин турмушка ашырдыңыз. Ярославлдыктар ошол мезгилде кыргызстандыктардын баардык деңгээли бийик болгондугуна, күнөстүү Кыргызстандын элинин жароокер жана достук мамилесине жогору баа беришкен.
«Кыргызстан» совхозу көптөгөн улуттарды камтыган Кыргызстан менен Ярославль облусундагы «Достук үйүнө» айланды. Экономикалык катаал сыноодо бекемдигин далилдеп, бүгүнкү күнү облустагы он алдыңкы чарбанын бири болуп катталып турат. Жалпы жердештеримдин атынан көрсөткөн олуттуу жардамдарыңызга ыраазылыгыбызды билдирем. Сизге бекем ден соолукту, жаңы ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын келечекте гүлдөп өнүгүшүн каалап кетмекмин!».
Албетте, мен адам пенде катары элибиздин бир туугандык көрсөткөн жардамдарыбызды россиялыктар унутпай жогору баалагандыгына сыймыктанып, толкундап отурдум. Он жылга жакын убакытта бекер иштебеппиз. Даңктуу Ярославль жергесинен Россиянын тарыхына унутулгус Александр Невский, Ярослав Мудрый сыяктуу улуу мекенчил адамдарды тартуулаган.
Урматтуу окурманым, ярославлдыктардын жазган катын жеке өзүмө эмес. «Кыргызстан» атындагы өндүрүштүк комплексти курууга катышкан жалпы кыргызстандыктарга арналган баасы деп түшүнөм. Чындыгында өз колубуз менен курган «Кыргызстан» комплексин орус-кыргыз элдеринин достугун даңазалаган “эмблема” катары кабыл алса болот. Чарбада орустар, кыргыздар жана башка улуттун өкүлдөрү ынтымактуу эмгектенип, жашап жатышат. Бүтүндөй өндүрүштүк жана социалдык комплексти курууга республикабыздан 41 миллиондон ашык рубль сарпталган.
Акыркы он жылдан бери чарбаны Александр Николаевич Овчаров жетектейт. 1999-жылы Россия президентинин жарлыгы менен “Айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наам берилген. Чарбанын эмгек өндүрүмдүүлүгү орточо райондук деңгээлден эки эсеге, орточо айлык дагы 1,8 эсеге жогору турат. Чарба жыл сайын 2600-2700 тонна сүт, 170-180 тонна эт, 650-700 тонна картошка өндүрөт.
Чарба өз эмгекчилерине ар кандай камкордуктарды көрсөтүп турат. Дыйкандарга айыл чарба техникаларын пайдалануу акысыз, малчыларга, механизаторлорго жана куруучуларга түшкү тамак бекер берилет.
Чарбанын экономикалык көтөрүлгөнүнө жаңы өндүрүмдүү айыл чарба технологияларын колдонгонуна байланыштуу. Мисалы, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө финндердин айыл чарба техникасын пайдаланат, картошканын жогорку түшүмдүү сортторун жана аны багуунун технологиясы голландиялыктарга таандык. Сенаж даярдоонун жаңы технологиясын жакшы өздөштүрүшкөн. Брикеттелген сенаж үч жылга чейин тоюттук сапатын жоготпойт. Германдыктардын уй саачу аппараттарын, муздаткычтарын колдонуп, 15 суткага чейин сүттүн сапаты кармалып турат.
Кайталап айтсам, Ярославль жергеси бизди жакшы маанайда кабыл алышты. Андай жылуулук мамилени үйүңдө же өтө жакын адамдарыңдан гана сезесиң. Мен Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ынтымактуу туура жолдо бараткандыгына, экономикалык байланышка, улуттар ортосундагы достукка дагы бир жолу толук ынандым. «Кыргызстан» совхозу бирден-бир түбөлүк достуктун символу экендигин далилдеп турат. Көптөгөн ишенимдүү таянычтар бизде дагы, орустарда дагы жетиштүү. Жыйынтыгында, алдыда эки тарапка тең пайдалуу бириккен иштерди жүргүзүү болоруна толук ишеним бар”.
"Азия Ньюс" гезити