Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жигитим менен батирде жашап жүрүп, баш кошууга келгенде таштап кетти...

Жигитим менен батирде жашап жүрүп, баш кошууга келгенде таштап кетти...

10-август, 12:44
1 556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күз айларында баш кошуп, чоң той бермек болдук. Ал арада Курмандын туулган күнү белгиленмек болду. 25 жаш болуп-толуп турган, гүлдөгөн жаш курак эмеспи. Бул датаны жакшылап белгилөөнү ойлондук. Жакшы көргөн досторубузду чакырдык. 25 жашты ойдогудай эң сонун белгиледик. Досторубуз тарагандан кийин Курман экөөбүз бирге таң атырдык. Той күндөрү белгиленип калгандан кийин ага толугу менен күйөөмдөй эле ишенип калгам. Келечекти кыялданып, ээрчитип алган балдарымды элестетип, өзүмчө эле бактылуу болуп жүрдүм. Экөөбүздүн тең ата-энебиз айылдарда. Бизди көзөмөлдөгөн деле жан жок. Анан бир батирге чыгып, чогуу жашап калдык. Мезгил күзгө жакындап келет. Арадан эки айга жакын убакыт өттү. Бирок акыркы күндөрү Курман өзгөрө баштады. Жашырынып телефон менен сүйлөшөт. Дайынсыз жок болуп кетет. Айтор, жүрөгүм түпөйүл болуп жүрдү. Бир күнү “иштерим чыгып жатат, айылга барып келейин” деп жөнөп кетти.

Баргандан соң эле телефону өчүрүлүп, экөөбүздүн байланышыбыз үзүлүп калды. Бир жума зарыгып күттүм. Ашып кетсе бир жумада келип калмак. Бирок таптакыр дайынсыз. Арадан эки жума өткөндө, мага жагымсыз бир нерсе болорун жүрөгүм сезе баштады.

Курманды издедим. Тааныштарга чала баштадым. Баары эле менден өздөрүн ала качат. Алардын арасында да чындыкты, ачуу чындыкты айткандары бар экен.  Курмандын жакшы досторунун бири Нурлан ачуу чындыкты айтты.

--Анара, Курман үчүн кечирим сурайм. Курман айылга үйлөнүү үчүн кеткен. Ата-энеси деле кыйнаган жок. Бул Курмандын өз каалоосу эле болду окшойт. Ата-энеси тапкан он гүлүнүн бири ачыла элек, мектепти быйыл эле аяктаган жапжаш кызга үйлөнүп алды. “Болгон жагдайды өз оозуң менен Анарага түшүндүр” деген сөзүмдү уккусу да келген жок. Курманың азыр жаңы үй-бүлөсү менен шаарга келди. Бактылуу жашап жатышат. Бекем бол, Анара. Сен жакшы адамсың. Сөзсүз жакшы адамга жолугасың...

Нурландан ушул сөздү эшиттим. 

Эки-үч күндөй наар албай сулк жаттым. Акыры абалымды ата-энеме түшүндүрдүм. Той болбой калганын айттым. Ушунча бирге жүрүп, Курмандын мындай арам ою бар экенин кайдан билипмин? Эркектерди жек көрүп калдым. Бир нерсени түшүндүм. Ишенчээктик адамдын алсыз сезими тура. Сенин баеолугуңду байкагандар дароо ал сезимиңди тебелеп-тепсеп пайдаланышат экен... 


Анара


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер