Артур Медетбеков, генерал: “Афганистан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу өткөн наркотрафиктин жолун көзөмөлдөө зарыл”
-- Артур мырза, Камчыбек Ташиев криминалга акча бергендер да, алардан акча алгандар дагы камаларын айтты. Ушул тактика менен кетсек, чындап эле Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнө чекит коюлабы?
-- Криминалга аёосуз согуш жарыяланганы туура. Бирок согуш бир эле күндүк эмес, системалык түрдө болушу керек. Ошондой эле “караларды” ордуна койгон менен криминалдык топторду толугу менен жоготуу мүмкүн эмес экенин да эстен чыгарбайлы. Себеби, дүйнө жүзүндө социалдык-экономикалык кризис болуп жатат. Мындай учурда криминалдык топтор пайда боло берет. Анткени, алар өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар. Болгону ал жактагылар чектен ашпай, минималдуу төмөндүктө жашашат.
Кыргызстанда криминалдык топторду токтотуш үчүн аларды каржылагандарды жана курал-жарактан колдоо кылгандарды токтотушубуз зарыл. Ошондой эле алар менен байланышып кеткен укук коргоо органдарына жана криминалдар менен бирге иш алып барган чиновниктерге, бирге бизнес кылгандарга тыюу салуу керек. Эгер көзөмөлдү катуулатпаса, эртең башкасы чыга берет. Ошон үчүн аларга жарыяланган согушту токтотпошубуз абзел.
-- Булардын кесепеттери мамлекетке тийдиби?
-- Криминалдык топтордун көбү акыркы 20 жыл ичинде күчөп кетишти. Эгемендүүлүк менен кошо союз мезгилинде болбогон кылмыштуулуктун жаңы багыттары келди. Алар террористтик күчтөр, наркотрафик менен шугулдангандар жана уюшкан кылмыштуу топтор. Мына ушулардын баардыгы тең мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып, 30 жылдын ичинде көптөгөн чиновниктер жана ар кандай жогорку деңгээлдеги саясый жетекчилер, укук коргоо органдары менен коюн-колтук алышып, үч жолку төңкөрүшкө катышып, Кыргызстандын саясый түзүлүшүнө жана мамлекетке чоң доо кетиришти. Ошону менен бирге тышкы инвесторлордун келишине жана ички бизнестин өсүшүнө тоскоолдук жаратышты. Анысы аз келгенсип, криминалдык топтордун кийген кийими, айдаган машинелери өздөрүнүн жүрүш-турушу өспүрүмдөргө идеал катары сезилген жагдайлар жаралып, жаш балдар криминалдык уюшмаларга умтулган учурлар болду.
-- Эмнеге таасир, так талашкан криминалдык топтордун башчылары биринен сала бири аталыктан баш тартышты?
-- Алардын аталыктан баш тартып жатканы – Камчы Көлбаевдин укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнү таасир бергендей. Ошондой эле криминалдык топторго аёосуз күрөш жүрө баштаганын түшүнүп, бийликтин кысканынан корко баштагандай. Ошон үчүн биринен сала бири баш тартышты. Ошондой эле өз ара кылган кызматына жараша берилген статустарынан да баш тартып башташты.
Булардын аталыктан баш тартышы жетишкендик катары эсептелет. Бирок, криминалдар ушуну менен жоголуп кетиши мүмкүн эмес. Мезгилдин өтүшү менен кайрадан анабашчы шайлашы, ага Кыргызстандын чет мамлекетте жашаган жаштары аралашып калышы мүмкүн. Мисалы, Россияда Кыргызстандын жаш өспүрүм балдарынын миңге жакыны ар кандай түрмөлөрдө отурушат. Мына ошол мушташ же наркотик менен колго түшкөндөрдүн арасынан криминалдык топтун анабашчысы чыкпайт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, Кыргызстан-Афганистан-Тажикстан аркылуу өткөн наркотрафиктин жолу бар. Ошол наркотрафикти көзөмөлдөө үчүн чет өлкөлүктөр келечектеги өкүлүн шайлоого жана ага ошондой статус берүүгө мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал. Укук коргоо органдары мына ушундай жагдай жаралбашы үчүн көзөмөлдү күчөтүшү зарыл.
-- Эми криминалдарга акча берген же жардамын көргөн деген шылтоо менен ич ара тиш кайрап жүргөндөр учурдан пайдаланып, бир топ адамды камап салбайбы?
-- Укук коргоо органдары саясатчыларды же бизнесмендерди бул күрөшкө далили жок кошуп, жөнү жок жазалай турган болсо, эл жакшы баа бербей коёт. Себеби, криминалдык топтор менен күрөшүүдө биринчи кезекте мыйзам иштеп, сапаттуу жана толук далилдер болушу керек. Антпесе, коомчулуктун ага болгон реакциясын катуулатып, өздөрүнө каршы кылып алышы мүмкүн. Ошон үчүн мыйзамдуулукту сакташ керек.
-- Айрымдар Камчы Көлбаевдин өлүмүнө кайгырып, социалдык тармакта аны баатыр көрсөтүүгө аракеттер күч болгонун айтышууда...
-- Социалдык тармакта колдоо көрсөткөндөй, идеал туткандай көптөгөн посттор жазылды. Ошондой эле криминалдык топтордун анабашчыларына жан тартып, ар кандай колдоо көрсөткөндөй таасир калтыргандар кездешүүдө. Өкүнүчтүүсү, алардын пикирин туу туткан жаш балдардын калыптанышы мамлекетибизде орчундуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Ошон үчүн адашкан жаш балдардын аң-сезимин өзгөртүү үчүн маалыматтык профилактикаларды жүргүзгөнүбүз маанилүү.
"Азия Ньюс" гезити