Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскүл Акимжанова: “Өндүрүү алсыз, а элдин талабы азык-түлүккө күчөп баратат”

Рыскүл Акимжанова: “Өндүрүү алсыз, а элдин талабы азык-түлүккө күчөп баратат”

13-декабрь, 18:00
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бай элим” компаниясынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Эмитеден эле картошка баасы 40 сом, жумуртка, май, кумшекер, сүт баалары да күн санап көтөрүлүүдө. Ошол эле бензиндин баасы асмандап баратат. Кыш, жаз айларында тамак-аш тартыштыгынын азабын тартпайбызбы?

-- Ар бир эле азык өзүнүн нарк баасына көз каранды. Ошол эле жумуртканы ала турган болсок, тоокторду баккан жем, ошол эле жүгөрүлөр эки эсе кымбаттады. Тооктордун жеми эле эмес, аларды дарылаш керек. Бир температурада кармап багуу зарыл. Тоокту багууга керектүү нерселердин баасы кымбаттап жатса, албетте, жумуртка кымбаттайт. Ошол эле сүткө токтолсок, уйларга жем бериш керек. Жемдин былтыркы баасы менен быйылкы баасын салыштырып эле жыйынтык чыгарсак болот. Өткөн жылдагы баасынан 2-3 эсе өсүп жатат. Бирок сүт 2-3 эсе көтөрүлгөн жери жок. “Жемге салыштырмалуу сүт арзан эле” деген ойго келесиңер... Ошол эле бензиндин кымбатташын да белгилесек болот. Баардык нерсе өзүнүн өздүк наркына түздөн-түз себепчи болот. Айыл чарба азыктары боюнча быйыл көп жерде кургакчылык көйгөйү күч алды. Көп дыйкандар өздөрүнүн түшүмүн ойдогудай ала албай калышты. Андан тышкары, пандемия убагында бүт тармактардын иши жай жүрүп, ал гана эмес, жабылууга да дуушар болушту. Элдин талабы күчөп жатат. Бирок ал талаптарды аткарып жетишүүгө өндүрүү тармагы алсыз. Ошондуктан баалар улам кымбаттоодо. 

Үчүнчү себеп – Кытай мамлекети өз логистикасын татаалдаштырып, лимит коюп, көп жерлерин жаап таштаганы болуп жатат. Ошол жактан сырье ала албай, көптөгөн продукциялар көтөрүлүүгө дуушар болууда. Мисалы, азык-түлүк эле эмес, техникалар да кымбаттаган кези. Алардын бири-бири менен тыгыз байланыштары бар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер