Акыркы кабарлар
» Саясат » Мелис Мырзакматовдун саясый карьерасы сыноодо турат
Мелис Мырзакматовдун саясый карьерасы сыноодо турат
19-март, 10:26

“Улуттар Биримдиги” партиясы менен Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна аттанган Мелис Мырзакматов алдын ала нааразычылыгын айта баштады. Сыягы, марага жетпей каларын сезип атат окшойт. “Ошто шайлоо таза өтпөйт” деп айгай салууда. Бул жолку таймаш деле белгилүү. Эч кандай өзгөрүү жок. Акчалуулар алдыга чыгат. Башынан эле ошол. Бишкекте, Ошто, дегеле баардык аймактарда ушундай... Эгерде Мелис Мырзакматов “Улуттар Биримдигин” Ош шаардык кеңешине өткөзө албаса, анда күздөгү парламенттик жарышка үмүт кылбай эле койсо болот. Ошол бойдон саясый карьерасына чекит коюлат. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” дегендей, күтө туралы да...
"Азия Ньюс" гезити