Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Электр энергия, суу, көмүр, ыш көйгөйлөрүн кантебиз? Аларды чечүү сунуштары...

Электр энергия, суу, көмүр, ыш көйгөйлөрүн кантебиз? Аларды чечүү сунуштары...

15-октябрь, 20:12
599 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көмүр казуучулар азыркы күндө өндүрүп-сатуу менен алек. Бул өтө эле жеңил жолдо каражат табуу дегендик. Өлкөбүзгө, элге кандай тескери себептер, ыңгайсыз шарттар түзүлүп жатканын алар ойлонуп да, түшүнүп да коюшкан жок. Ушул жагдайга байланыштуу элдин байлыгын туура, натыйжалуу пайдалануу максатында көмүрдү байытуу жолу менен кошумча каражат табууну ишке ашыруу зарыл болуп турат. 

“Кыргызкөмүр”, ЖЧК “Стой-Стоун”, Бишкек мэриясы (ЖЭБ) жана дагы башка өндүрүүчүлөр менен Жумгал өрөөнүнөн жылына 2,0-2,5 миллион тонна көмүр казуу пландалууда. Өндүрүүчү-керектөөчү биргеликте иштегени жакшы жыйынтык алып келиши үчүн сөзсүз тандап бөлүү фабриканы уюштуруу зарыл. Түштүк тарапта Кара-Суу, Араван райондорунда жергиликтүү өндүрүшчүлөр көмүрдү байытып, анан кардарларга сунуштоодо. Бул алгылыктуу башталыш сөзсүз бийлик тараптан колдоого арзыйт.

Көмүрдү байытуу жолу – бул эң жөнөкөй арзан ыкма, суу менен көмүрдүн күлүн (зольность) жана учуучу затын кескин азайтып, анын сапатын, кубаттуулугун (калорийность) көтөрөт. Бул иш төмөнкү жетишкендикти берет:

-- өндүрүлгөн чийки көмүрдүн сапаты 4000 ккал/кгдан 6000-7000 ккал/кг көтөрүлөт, күлдүн көлөмү 15-18%дан 4-5%га чейин түшөт. Мисалы, Бишкек ЖЭБге  жылытуу мезгилине 700-750 миң тонна жергиликтүү көмүр керектелет. Ушул сарптала турган көмүрдүн ордуна болжолдуу 15-20% сапаты жогорку байытылган көмүрдү алсакошол эле көлөмдөгү жылуулук энергияны чыгаруу үчүн 100-150 миң тонна көмүр аз керектелет. Күлдүн жана учуучу заттын кескин азайганынын пайдасы – от казандан чыкканда абанын булгануу кесепети төмөңдөйт;

-- өндүрүлгөн көмүрдү жеринен байытуу ыкмасы ишке ашырылса, Бишкек ЖЭБдин иштөөсүнө экономикалык-техникалык жактан чоң жетишкендик көрүлүп, экологияга жакшы натыйжа берет. Калган от казандарды дагы оңдоп-түздөп, чыпкаларды ылайыктап, жалпы иштөөсүн жергиликтүү байытылган көмүргө өткөрүүнүн натыйжасы – импорттолгон 500-600 миң тоннадан толук баш тартууга мүмкүнчүлүк берет. 

-- Бишкек шаарынын менчик турак жай керектөөчүлөрүнө 180-200 миң тонна көмүр керектелет. Булардын түтүн морлору 5-10 метрден ашпайт, түтүн, газдын бийиктикке чыгуусун жана жетишерлик чоң аралыкка таралышын камсыз кылалбайт, жыйынтыгында абанын булгануу кесепетине алып келүүдө. Буга кошумча Бишкек ЖЭБдин, кичи-чакан ишканалардын от казандары уюп каптаган ышка салым кошууда. 

Бул көйгөй маселени чечиш үчүн байытылган көмүрдөн брикет чыгарып, Бишкек шаарынын, дегеле жалпы Чүй өрөөнүн толук камсыз кылуу зарыл. Чийки көмүрдү ташып кирүүгө тыюу салуу менен айлана-чөйрөнү, бөтөнчө абанын булгануу, ыш (смог) көйгөйүн кескин чечүүгө болот. 

Мамлекетибиз акыркы жылдары тездик менен өнүгүү жолунда баратат. Ири ишканалар ачылып, курулуш жогорку темпте өсүп, социалдык мекемелер арбып, тейлөө кызматы өркүндөп, менчик турак жайлар көбөйүп, элдин жашоо-турмушу алдыга жылып, жылдан жылга энергоресурска мамлекетибиздин талабы (муктаждыгы) жогорулоодо. 

Электр энергиянын жетишсиздиги бөтөнчө кыш мезгилинде коңшу Казакстан, Өзбекстанда дагы болууда. Булар АЭСти куруу маселерин тездетип жатышат.

2025-26-жылкы кыш мезгилине бизде 4-5 миллиард кВт/саат жетишсиздик күтүлүүдө. Аба ырайынын, дагы башка себептерден улам Токтогул ГЭСинде суунун топтолушу былтыркыга карагангда 1,5 миллиард куб/метрге аз. Мындай соң өлкөдө өчүрүүлөр, чектөөлөр болушу мүмкүн.

Өткөн жылдары жаңы электр кубатты ишке киргизбегенибиздин себебинен бүгүн анын жетишсиздикке кабылып, импорттоо коркунучу бар. Бул маселени чукул, тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок, анүчүн жок дегенде 5-6 жыл керек (ири көлөмдөгү, чоң кубаттуу электрстанцияны ишке киргизүү зарыл). 

Мамлекеттин энергияны үнөмдөө мыйзамын колдоп, ишке ашыруу зарыл, башкача айтканда, мекеме, ишканаларга энергопаспорт түзүп, сарпталуучу энергоресурка норматив киргизүү керек. Бул ишти аткаруу үчүн тажрыйбалуу адистерди даярдап, методика, инструкция, норматив жана каражат менен камсыз кылуу маселелери бар.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин көптөгөн өндүрүш ишканалары, социалдык имараттар, бюджеттик мекемелер, турак жайлар күз-кыш мезгилинде жылуулук берүүчү шаймандарын электр казандарына өткөрүп жиберишкен. Менчик тарапты алсак, электр энергияга кескин тыюу салынганы менен ири көлөмдөгү казандар (өзгөчө бюджетке караштуу мекемелерде) азыркы күндө дагы пайдаланууда. Буларды мүмкүн болушунча газга өткөрүү, көмүр кендерине жакын жайгашкан мекемелерди от казандарына ылайыкташтыруу шарт. 

2023-2024-жылдары Бишкек шаарынын жылуулук берүүчү ишканалары (“Теплокомэнерго”) көмүрдөн газ менен иштөөчү от казандарына өткөрүлгөн. Ошол демонтаж болгон от казандарды оңдоп-түздөп, аймактарга пайдалануу керек. Кыскасы, жалпысынан үнөмдөгөндү үйрөнөлү. Кечки, эртең мененки эң чоң кескин энергиянын өсүшүн азайтуу максатында дээрлик чыгымды эсептөөдө 2-х ставочный тарифти киргизүү зарыл.

Электр энергиясына болгон баа мезгил-мезгили менен дагы жогорулай берет. Анын жетишсиздигин карап, тармактагы ишканаларды иретке келтирип, чыгымдарын (жоготуу) үнөмдөп, алынган кредитти кыскартып, импортту жапмайын, ири чоң кубаттуу электр өндүрүүчү булакты ишке киргизмейин тариф турукташпайт.

Учурда кыска мөөнөттө курулуучу альтернативдик булактарды пайдалануу, жашыл энергетиканын станцияларын куруп, ишке ашырууда көп иштер аткарылууда. Бир тараптуу жашыл энергетика тармагын (суу агымы, күндун нуру, шамал станциялары) өздөштүрө берген туура эмес. Бул кемчилик бөтөнчө Батыш, Европа өлкөлөрүндө көрүндү. 

Суу ресурсу, анын агымы жылдын мезгилине, айыл чарбанын жаз-жай айларынын муктаждыгына, күндүн нуру, шамал – жалпы эле аба ырайынын туруксуз болушуна жараша электр өндүрүүчү станциялардын иштөө кубаты жогорудагы себептерден толук көз каранды боло берет.

Суу көйгөйү ГЭСтердин иштөө регламентин сактоого чоң тоскоолдук жаратууда. Көрсөтүлгөн себептерден улам энергосистеманы туруктуу деңгээлде кармаш үчүн сөзсүз кубаттуу электр өндүрүүчү станция болуш керек. Булар: ТЭЦ, КЭС, ГРЭС, АЭСтер. Келечекте Балыкчы–Кара-Кече темир жолунун бүтүшү күтүлүүдө. Импорттон көмүр алууну токтотуп, өзүбүздүн отун байлыгыбызды пайдаланганыбыз оң. Бул атамекендик көмүр өндүрүүчү ишканалардын өсүшүнө чоң түрткү берет. Темир жолду пайдаланып, Орто-Токой суу сактагычынын чыгыш тарабына КЭС-800/1200 мВт-тык станцияны долборлоо натыйжалуу. Ошондо станциялар бирдиктүү энергосистемада иштеп, Токтогул каскадындагы ГЭСтердин иштөө регламенти сакталып, суунун көлөмүн сактоо керектүү деңгээде болуп, орчундуу маселелер жаралбай калат. Токтогул ГЭСинин суу сактагычына 19 миллиард метр/куб суу топтомоюнча, жаңы курулуп жаткан Камбар-Ата–1 ГЭСинин иштөөсүнө, суунун көлөмүн топтоого мүмкүнчүлүк жок. 

Өлкөбүздүн түштүк тарабы өндүрүш, социалдык-экономикалык тез өнүгүү жолунда болуп, жылдан-жылга энергоресурска талап өсүүдө. Муктаждыкты жабуу үчүн жергиликтүү отун байлыгына карап жылуулук электростанция (ТЭЦ, ГРЭСти) куруу зарыл. Келечекте атомдук АЭСти түштүк тарапка пландоо керек. АЭС – бул энергияны туруктуу чыгаруучу булак, аба ырайы, шамал, күн, суунун агымына көз каранды эмес. Дүйнөлүк практикада АЭСти жашыл энергетика катары эсептеп жүрүшөт. Кыргызстан, Госкорпорация “РосАтом” менен чакан АЭСти курууга меморандумга кол коюшкан. “РосАтом” менен АСММди (АЭС малой мощности) “Стой-Эксплуатируй-Реализуй” деген долбоор менен курдурса болот. Өзүбүздүн адистерди даярдаганга дагы мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Датка-Тажикстан ВЛ-500 кВт 2025-жылы бүттү, эл аралык энергетикалык долбоор CASA-1000 бүтүрүлүүдө. Эми Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө ири көлөмдөгү электр энергияны жогорку баа менен туруктуу экспорттоого толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга биз даяр болушубуз керек.

Жогорудагы көйгөйлүү маселелер, коюлган максаттар чечилиши менен өлкөбүздө экономикалык өсүш, туруктуу өнүгүү программабыз сөзсүз ишке ашырылат. 


Т.Рысалиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер