Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас ШИИБ начальниги Чыңгыз Айтимбетовдун түбү ОПГга барып такалабы?

Манас ШИИБ начальниги Чыңгыз Айтимбетовдун түбү ОПГга барып такалабы?

23-июль, 00:28
1 180 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Соңку убакта Манас шаарынан ар кандай резонанстуу кылмыштар катталып, коомчулуктун талкуусуна алынууда. Милиция көчө бейбаштарына алы жетпей качканы, чет элдик жарандардын мас жүрүшкөнү, одоно түрдө тартип бузушканы, дегеле шаарда кылмыштуулукка каршы алдын ала иш-чаралар жүрбөгөнү сынга алынган кербези. Эмне үчүн мындай болуп атат?

     “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбаса керек. Манас ШИИБ начальниги Чыңгыз Айтимбетов убагында кыңыр иштерге шек саналып жүрсө, эмнеге бул кадрды дыкат текшербей жоопту кызматка коюшкан? Оштон ОПГ менен коюн-колтук алышканы, сойкуларды калкалаганы ачыкталабы? Убагында шериктери оор беренелер боюнча камалып кеткенби? “Кой терисин жамынган карышкыр” беле? Айтор, суроолор арбын. 

     Натыйжада, Манас шаарында милициянын аброюна шек кетип, коомчулукта талкуу жараткан окуялар байма-бай кайталанууда. Эми эмне кылуу керек? Начальник Чыңгыз Айтимбетовдун иштей албай жатканы ачык байкалууда. Башкасын айтпасак да, бул эргул убагы келгенде ОПГга байланыштуу жоопкерчиликке тартылабы? Тергөө, иликтөө органдары дыкат киришсе, береги соболдун түйүнү чечилсе керек...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер