Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн Жерүй кенинде үлүшкө ээ болбой калганбыз?

Эмне үчүн Жерүй кенинде үлүшкө ээ болбой калганбыз?

02-июль, 12:00
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти С.Н.Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз менен жолугушуу болгондо тоо-кен тармагындагы көйгөйлүү маселелер, анын ичинде Жерүй алтын кенинин тегерегиндеги ой жүгүртүүлөрдү камтыган катымды жолдодум эле. Каттын эң негизги мазмуну “эмне себептен бул алтын долбоорунда Кыргызстандын үлүшү болбой калган жана ошондой эле Жер казынасы мыйзамынын жана Салык кодексинин негизинде биздин кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар?” деген сунуштар киргизилген. Ушул жогорудагы айтылган жагдайларды камтыган каттарды (тоо-кен тармагын тескеген бирдиктүү структуранын керектигин, “Горный кодекс” эмес “Кодекс о недрах” болсо туура болорун, илимдин тоо-кен тармагы менен интеграциясын чечүү региондордогу орун алган кендердин негизинде программа түзүүнүн зарылдыгын аныктаган сунуштарды камтыган каттарды декабрь 2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен тоо-кен тармагынын ардагерлери менен жолугушуу болгондо берилген. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү мезгилге чейин жооп ала албадык. Учурдагы сизге кайрылуумдун себеби, өзгөчө Жерүй алтын кенинин ээси болуп жарыялаган “Альянс-Алтын” компаниясы жөнүндө сөз болмокчу. 

4-май 2015-жылы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин алдында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими менен “Восток-Геолдобыча” компаниясы Жерүй кенинин ээси болуп жарыяланган. “Восток-Геолдобыча” компаниясы Жерүй долбоорунун 100% үлүшүнө ээ болгон. Себеби, конкурстун туура эмес, одоно катачылык менен түзүлгөн жобосу ушундай болуп калган. Буга чейинки бул Жерүй долбоорунун ээси болуп келген компаниялар ошол эле “Жерүйалтын”, “Таласголд” Кыргызстандын үлүшүнө 40% берип келишкен, анткени чалгындоо иштерине кетирилген чыгымдар (исторические затраты) 40 млн. доллардан кем болгон эмес. Чындыгында биздин үлүш 40%дан кем болбош керек эле. Мисалы, Кумтөр долбоорунда биздин үлүшүбүз 26,4%, “Алтынкенде” 40%, “Эти Бакыр Терексайда” 25%, Макмалда 34% болуп эсептелинет.

Жерүй кенинин жалпы кору 105 тонна алтын бар деп эсептелинсе, “Альянс-Алтындын” маалыматынын негизинде 20 жыл иштетүүдө 80 тонна таза алтын өндүрүлөт. Жалпы валовый киреше 4,2 млрд. долларды түзсө, ал эми таза кирешеси экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде 1,5-2,5 млрд. доллар болуп жатат. Ал эми биздин үлүшүбүз болбогондуктан, бизге бир дагы сом таза киреше түшпөйт. Конкурсту өткөргөн аткаминерлер эмне деп айтышууда? “Биз Жерүй кенин 100 млн. долларга сатып, экономикага чоң пайда түшүрдүк” дейт. Буга жооп иретинде мындай деп айтат элем, “мурунку кетирилген чыгымдар 40 млн. доллар болсо, буга кошумча “Кыргызалтын” ишканасынын бул долбоордо кетирген кошумча чыгымы 10 млн. доллар болсо, жалпы кетирилген чыгым 50 млн. доллар болуп жатса, инфляциянын коэффициентин эске алсак, 60-70 млн. доллар болсо,  кантип биз 100 млн. доллар пайда таптык?” деп айта алабыз. Болгону 30-40 млн. доллар бюджетке түшүргөн болуп жатпайбызбы. Салыштырмалуу мисал келтирип кетейин: “Кыргызалтын” мекемеси тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде Терек-Сайдагы жайгашкан алтын кендерин (Перевальное, Терек, Тереккан) жалпы кору 10 тонна алтынды түзгөн, иштетүү үчүн түзүлгөн “Эти Бакыр Терексай” мекемеси 10 тонна алтыны бар кен үчүн бюджетке 20 млн. доллар төлөп беришип, андан сырткары “Кыргызалтын” мекемесине 25% үлүш беришти. Бул деген Жерүй долбоорунда 80 тонна алтын кору бар кенде 1% дагы үлүшүбүз жок, 1,5 млрд. долларлык таза кирешеден бир дагы сом пайда албайбыз. Кайсы долбоор кыргыз эли үчүн пайдалуу болуп жатат: Жерүйбү же “Эти Бакыр Терексайбы”? Ɵзү эле ачык көрүнүп турбайбы! 

Ал эми Кыргызстандын “Жер казынасы” мыйзамынын негизинде ОАО “Восток-Геолдобыча” 22-май 2015-жылы ОсОО “Альянс-Алтын” компаниясын Кыргызстанда ачышат. 100% үлүшү ОАО “Восток-Геолдобычага” тийешелүү болот. Көп убакыт өтпөй ОАО “Восток-Геолдобыча” 2015-жылы июнда 99,9% үлүшүн “Liontaine Holdings Ltd” аттуу Кипр компаниясына сатып жиберген. Кипрдик компаниянын маалыматы боюнча бул долбоордо Алиджан Ибрагимов 40% үлүшкө ээ болгон жана ошондой эле Дени Бажаевге, Муса Бажаевге, кипрдик мененджерлерге тийешелүү болгон. Эгерде биз “Жер казынасы” мыйзамына кунт коюп карап көрсөк, талаптарды аткарууга төмөнкү шарттар коюлган: “Жер казынасын пайдалануучулар” деген беренеде “Аукциондун же конкурстун жеңүүсү деп таанылган чет өлкөлүк юридикалык жак ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышуусу бар туунду компанияны түзүүгө милдеттүү” деп көрсөтүлгөн. Бул нормага байланыштуу “Альянс-Алтын” компаниясы бидин өлкөбүздөгү кабыл алынган мыйзамдарга толук жооп бериши керек эле.

Тактап айтсак, 30-март 2017-жылы “24.kg” сайтына чыккан маалыматта Жерүй долбоорунун жетекчилигинде 60% үлүш Муса Бажаевге, ал эми 40% үлүш Алиджан Ибрагимовго тийешелүү деп Жерүй долбоорунун ээлери өздөрү айтышууда. Бул деген: эгерде 2015-жылы май айында “Восток-Геолдобычанын” учредителдери башкалар болсо, конкурстук комиссиянын чечими чыккандан кийин 2015-жылы июнда жана 2016-жылы 20-февралда “Восток-Геолдобыча” өздөрүнүн учредителдерин эки жолу алмаштырышкан.  

Демек, “Жер казынасы” мыйзамында:  

Статья 26. “Приостановление и прекращение права пользования недрами”.             п.1. Основание для приостановления прав пользования недрами.  

  1. Неуведомление уполномоченного государственного органа по реализации госполитики по недропользованию в установленный срок о смене участников лицензиата – юридического лица, если такая смена влечет уплату бонуса в соответствии с налоговым законодательством КР.

п.3. “Основание для прекращения прав пользования недрами”. 

6.) Непредоставление или выявление факта предоставления недропользователем недостоверных сведений о бенефициарах компании. 

Бул 26-берененин негизинде эмне деп айтсак болот: 2015-жылы 22-майда ОсОО “Альянс-Алтындын” учредителдери (конкурстун алдында) бирөөлөр болсо, 2015-жылы июнда 99,9% үлүшүн сатып, башка учредителдер катталган. Ал эми 2016-жылы 20-февралда Хабаровск шаарында “Восток-Геолдобычанын” жаңы уставы кабыл алынып, учредителдери өзгөргөн. Азыркы күндө акыркы учредителдери белгисиз, так маалымат геология департаментинде жок. Ушуга байланыштуу керек болсо лицензия мыйзам чегинде жокко чыгарылышы керек. 

Дагы бир мыйзам ченемдүү көрүнүш Салык кодексинин 302-статьясынын 3-пунктунда «Изменение доли собственности... влечет уплату бонуса» деп көрсөтүлгөн.

Бул 3-пункт боюнча эмне деп айтсак болот? 99,9 үлүш өзгөрдүбү, демек, мамлекетке жок дегенде 4 млн. доллар төлөнүшү керек, себеби бюджетке 100 млн. доллар төлөшкөн. Бийлик “Восток-Геолдобыча” биржада турат деп айтышы мүмкүн, анда биздин талап мындай болуш керек: расмий түрдө лицензияны ОсОО “Альянс-Алтын” алган, бул компания биржада турабы? Ал эми “Восток-Геолдобыча” болгону учредитель эле, анын ичинде кимдер бар? Бирок бизге жеткен акыркы маалыматтар боюнча Муса Бажаевдин үлүшү 60% болсо, ал эми Алиджан Ибрагимовдун үлүшү 40% деп айтылууда.  

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде парламенттин жана өкмөттүн алдында коюла турган суроо талаптар төмөнкүлөр болуш керек деп эсептейм.

1. Конечный собственниктер ким, 26-берененин негизинде аларды такташ керек. Себеби геология департаментинде бул маалымат жок.

2. Бонус төлөнүш керек, жок дегенде 4-8 млн. доллар 302-статьянын 3-пунктунун негизинде, бул бюджетке керектүү акча.

3. Мыйзам чегинде 26-берененин негизинде лицензиянын шарты кандай?

4. Азыркы мезгилде бул компаниянын өкүлдөрү айтып жатыптыр, “биз бюджетиңерге 100 млн. доллар төлөгөндөн сырткары соттун чечиминин негизинде кошумча 580 млн. доллар төлөп бердик” деп. Кайсы соттун чечиминин негизинде кимдерге берилген, аны такташыбыз керек. Финансылык аудит жүргүзүлгөнбү? (Биздин маалыматыбыз боюнча мурунку лицензиянын ээсинин “Визор” компаниясынын болжолдуу чыгымы 200 млн. доллардын тегерегинде болгон, анан кайдагы 580 млн. доллар жөнүндө сөз болуп жатат?).

Коюлган суроо-талаптардын негизинде, парламенттик жана коомдук комиссия түзүлүп, жогорудагы суроолорго жооп алсак, кыргыз коомчулугу үчүн чоң жетишкендик болот эле. Бул суроолорго жооп алсак, биз сөзсүз түрдө бул долбоордо өзүбүздүн (мамлекетибиздин) үлүшүн алсак болот. Эӊ негизгиси, бул орчундуу маселени чечүүдө Россия мамлекети менен мамилелерибиз бузулбаш керек. 

Биздин ассоциациянын мүчөлөрүнүн пикиринде “Альянс-Алтын” мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүп келүүдө. Социалдык долбоорлор да өз ордун таап, тийешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Биз дагы бул долбоордун токтоп калбай иштешине түздөн-түз кызыкдарбыз. 

Россия менен мамилебиз узулбашы керек. Жер казынасынын беренелери баардык недропользователдер үчүн бирдей иштеш керек. Эгерде биз өзүбүздүн жер казынасын иштеткен ишкерлерге мыйзамдын негизинде кандай талаптарды койсок, башка дагы чет элдик ишкерлерге ошондой мамиле түзүүбүз абзел. Учурунда биздин ассоциациянын өкүлдөрү ошол мезгилдеги “Альянс-Алтын” мекемесинин жетекчиси М.Шубинге жана россиялык менеджерлер Ю.Алешин (“Альянстын” төрагасынын кеңешчиси), А.Румянцевге (“Русский платинанын” кеңешчиси) үлүш маселеси боюнча сунуш-пикирлерибизди айтсак, бийлик тараптан жумушчу аянтчасы түзүлсө, сүйлөшүүгө даяр экендерин билгизишкен. Менин пикиримде, бул үлүш жана бонус маселеси бүгүнкү күндүн талабы деп эсептейм.


Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кен адиси, техника илимдеринин доктору, инженердик академиянын академиги, КР өнөр жайына эмгек сиӊирген кызматкер

Байланыш тел.: 0777-80-99-99   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер