Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Ашырбаев: “Кара-Кечеден акчасын төлөбөй көмүр алып кетишти”

Канатбек Ашырбаев: “Кара-Кечеден акчасын төлөбөй көмүр алып кетишти”

16-октябрь, 01:00
1 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору менен маек.

-- Канатбек мырза, бүгүнкү күндө кыргыз эли канчалык деңгээлде көмүр менен камсыз болду?

-- Быйылкы 2020-2021-жыл күз, кыш мезгилине республикабыз боюнча 2 млн. 460 миң тонна таш көмүр дайындалыш керек. Анын 1 млн. 110 миң тоннасы калкыбыздын керектөөсүнө жумшалат. Ушул көлөмдүн бүгүнкү күндө республикабыз боюнча 9 айдын ичинде 1 млн. 230 миң тонна көмүр дайындалды. Былтыркы жыл менен салыштырганда 98,8 пайызды түздү. Калкты көмүр менен камсыздоо план боюнча жүрүп жатат.  

 -- Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташтыбы? Анткени басып алгандар, каракчылык-тоноочулук болду деди эле?

-- Кара-Кече көмүр кесиндисинде биздин ишкана штаттык режимде иштеп атат. 6-октябрда бир топ кишилер барып, ал жерде директорду, башкы инженерди арыз жазып кетүүсүн мажбурлаган. Ошол эле учурда, биз азыр тактап атабыз, бүгүнкү күндө кырктай машина болду, мүмкүн көбөйөт чыгар. Мыйзамсыз түрдө акчасын төлөбөй, таразага тартпай көмүр алып чыгып кетишкен. Бул фактыларды көмүр кесиндисинде турган видеолор толук жазып калган. Ал материалдардын баарын  топтоп, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөзүп берип атабыз. Иликтөө, тергөө, оперативдик иштер жүрүп жатканынан кабарыбыз бар. Мамлекетке келтирилген зыянды, чыгымды толуктоо, жоопко тартуу маселелери али алдыда. 

-- Азыр көмүр чыгып атабы?

-- Ооба, күн сайын 150-170 машина көмүр жүктөлүп чыгып атат. Орто эсеп менен алганда, 3,5-4 миң тоннадай болуп калат. Сапаттары мыкты, кесек көмүрлөр. Элдин социалдык, бюджеттик мекемелердин керектөөсүнө жөнөтүлүүдө. Көмүр жетиштүү ачылган. Биздин мамлекеттик ишкана буга чейин тогуз айда калктын керектөөсүнө 200 миң тонна дайындап, жүктөп бергенбиз. Дагы 270 миң тонна дайын турат. Элдер кабатыр болбой эле коюшса болот.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер