Аярлуу катмарга кол сунган “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун ишмердиги
Адамзат күн сайын кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарга туш болгон турмушта боорукердиктин күчү жашоону өзгөртөт. Ушул өңүттөн алганда, "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду аярлуу катмардагы адамдарга жардам колун сунуп, аларга жылуу маанай тартуулоо миссиясын улантууда.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук коомдук фонду кыйынчылыкка дуушар болгон адамдардын муктаждыктарын жеңилдетүү максатын көздөгөн бейөкмөт уюм. Ал мамлекеттик органдар, жергиликтүү жамааттар, топтор менен өнөктөштүк принцибинде иштешкен фонд аларды каржылоо, окутуу жана зарыл жабдыктар менен камсыздоо миссиясын аткарат.
Негизинен аталган кайрымдуулук уюм ооруканаларды, хоспистерди, карылар үйлөрүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылып, жаңы төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү боюнча персоналды заманбап методика менен окутуу, төрөт учурунда реанимациялык иш-чараларды өткөрүүгө зарыл аппараттарды сатып берүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына жараша майыптар коляскасын тартуулоонун үстүндө иш алып барууда.
Билим берүү мекемелерине, мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана улгайган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн реабилитациялык борборлорго, балдар үйлөрүнө кайдыгер карабай, о.э. убактылуу башкалкалоочу жайларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, эмерек жана жабдууларды алып берүү, аялдардын, балдардын жана үй-жайсыз калгандар үчүн башкалкалоочу борборлорго жардам көрсөтөт.
Ошого катар табигый кырсыктардан, эпидемиялардан, экологиялык, өндүрүштүк жана башка штаттан тыш окуялардын натыйжасында жабыр тарткандар менен качкындарга керектүү эмеректер, тамак-аш, гигиеналык комплекттер, биринчи жардам аптечкалары, кийим-кече жана башка күндөлүк керектелүүчү буюмдарды гуманитардык жардам катары берет.
Фонд 2018-жылдын 8-октябрында юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгында катталган, ага чейин Кыргызстанда ишке ашкан баардык гуманитардык иш-чаралар АКШда жайгашкан “LDS Charities” глобалдык кайрымдуулук уюмунун көмөгү аркылуу жүргүзүлүп келген.
2009-жылдан тарта аталган кайрымдуулук уюму өлкөдөгү медициналык мекемелерди, тактап айтканда, Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен кызматташат. Фонд жаңы төрөлгөн ымыркайларга баштапкы реанимациялоо, багуу жана төрөт учурунда энелерге тез жардам көрсөтүү боюнча заманбап жабдыктар менен камсыздоонун үстүнөн иштеп келет.
2019-жылы Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы жана "Эл-Ди-Эс Черитиз" биргеликте эки чоң долбоорду баштаган. Анын биринчиси 2018-2020-жылдары Чүй облусу менен Бишкек шаарында ымыркайлардын баштапкы реанимациясына мониторинг жүргүзүү жана колдоого багытталган. Андан кийин долбоор 2021-2023-жылдары өлкөбүздүн эң алыскы аймактарына Жалал-Абад облусунун 14 районуна жана Нарын облусунун 5 районуна кеңейди.
COVID-19 пандемия учурунда уюм ошол мезгил үчүн актуалдуу болгон гуманитардык жардамдарды көрсөттү. Өлкө боюнча жети төрөт борборуна 25 000 долларлык жеке коргонуу каражаттарын, улуттук эне жана баланы коргоо борборунун неонаталдык блогуна 4 инкубатор, 4 монитор жана 15 пульсоксиметр менен камсыздаган. Бул жаңы төрөлгөн жана эрте төрөлгөн балдарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын кыйла жакшыртууга өбөлгө түздү.
2024-жылдан тарта Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен "Эл-Ди-Эс Черитиз" биргеликте жаңы долбоордун үстүндө иш алып барууда. Ал реанимацияда жана жаңы төрөлгөн баланы багууда медайымдар менен акушерлер үчүн медициналык билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатууга багытталган. Долбоорго Кыргызстандын медициналык колледждери тартылып, медициналык персоналды баштапкы даярдоо боюнча окуулар жүрүп жатат.
Азыр долбоор Ош шаарында ишин баштады. Биринчи чоң семинар Бишкекте медициналык колледждердин баардык кызматкерлери жана окуучулары менен өттү.
Жакын арада дем алуусу кыйын төрөлгөн ымракайларга Bubble SPAP жасалма дем алуучу аппараттары менен камсыз кылуу боюнча башка долбоор башталат. Ушул жылдын январь айында Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын көз жаракат бөлүмүнө көзгө операция жасоо үчүн микроскоп, стерилизатор өңдүү 3 заманбап жабдуулар тапшырылды. Алардын жалпы баасы 66 миң АКШ долларын түздү.
Айта кетсек, бизде көз ооруларын, көз паталогиясын дарылоочу эки эле бөлүм бар. Бири улуттук госпиталда, экинчиси Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында. Мындан ары ушул заманбап жабдуулардын жардамы менен бул бөлүмгө кайрылган бейтаптарга жардам берүү жакшырат. Келечекте фонд Кыргызстандагы бир катар ооруканаларга, билим берүү мекемелерине, калктын аярлуу катмарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү пландап жатат.