Медербек Алиев: “Атыр Абдрахматова иш жүзүндө өзүнүн принципиалдуулугун көрсөткөн кадр”
-- Медербек Кубанычевич, акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча сиздердин комитетке арыз жазган экен. Бул боюнча эмне айта аласыз?
-- Мыйзамга ылайык, акыйкатчыны, анын орун басарларын кызматка дайындоо, кызматтан алуу – бул Жогорку Кеңештин укугу. Ошого байланыштуу акыйкатчынын орун басары арыз жазган экен “жумуштан кетем” деп. Анан Жогорку Кеңештин комитети милдеттүү да караганга. Биз карадык. Комитеттин жыйынына акыйкатчынын өзүн да чакырдык эле, бирок ал чет өлкөдө, акыйкатчылардын жыйынында болуп, келе албай калды. Мен ойлойм, бул жөнөкөй жумуштук процесс го. Себеби, жаңы акыйкатчы келди, жаңы талаптарды койду, көз карашы, пикири башка. Ошондон улам коллективдин кайсы бир кызматкерлери мүмкүн ал талаптар менен макул болбой жаткандыр. Жакында комитетте карайбыз, көрөбүз го.
-- Жамгырчиева өзүнүн арызында коллективде оор моралдык-психологиялык климат түзүлүп калганын жазыптыр...
-- Ар кандай коллективде, ал мейли чаканбы, чоңбу, мамлекеттикпи, же жеке менчик болобу, сөзсүз жетекчилик менен кол астындагылардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралат. Анан бири-бирин, албетте, жамандайт. Бул жумушчу процесстин бир үзүндүсү да...
-- Акыйкатчы келгенден кийин коллективден 13 адамдын кеткени сизди кандайдыр бир ойлорго түртпөйбү?
-- Бир нерсени так билбесең, көп сөздү айтыштан алыс болуш керек. Тем более комитетти жетектеп турган киши катары. Бирок, менин байкашымда, Атыр Абдрахматова принципиалдуу, реалдуу, буга чейин иш жүзүндө өзүн көрсөткөн кадр катары ойлойм.
-- 1-июлдан баштап парламент жайкы эс алууга кетет. Комитет бул ишти караганга үлгүрбөй калды го?
-- Ооба, күзгүгө калды.
"Азия Ньюс" гезити