Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгерде Насирдин Исанов президент болуп калганда, биз мынчалык алдастабайт элек

Эгерде Насирдин Исанов президент болуп калганда, биз мынчалык алдастабайт элек

07-август, 21:03
983 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен Насирдин Исанов менен бир райондон болуп, райондук деңгээлдеги чоң-кичине мааракелерде чогуу болсок да, иш боюнча же дагы башка жагдайларда эч качан бетме-бет келип сүйлөшкөн эмеспиз. Тагдыр бизди сүйлөшүүгө, кайсы бир маселелер боюнча пикир алышууга да мүмкүнчүлүк бербеди. Ага ал кезде зарылчылык деле жок эле. Себеби Насирдин Исанович 1974-жылы Ош облусунун комсомолун жетектеп калган кезде мен тарых факультетин аяктап, саясатка саресеп сала баштаган элем. Мен анын Ноокаттан болорун, Москвадан ЖОЖду бүткөнүн, келечеги көптү үмүттөндүргөн жигит экенин гана билчүмүн. Бул кишинин ишмердигине өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын аягында, курулуш министри жана Нарын, Ысык-Көл облустук кеңешинин төрагасы болгондо көңүл буруп, кызыга баштадым. Анүстүнө ошол туштарда «Түштүктө түмөн түйшүк бар» деген көлөмдүү материалымда түштүктөн кадрлардын аз экенин фактылар менен анализдеп жазган элем. Ошондуктан мен Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата даярдап жаткан бул макаламды гезит-журналдардагы Насирдин Исанов жөнүндөгү материалдарга жана Мундузбек Тентимишевдин «Насирдин Исанов эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьери» деген олуттуу эмгегиндеги фактыларга таянып жаздым.

Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында, саясат таануу илиминде өз орду бар, легендарлуу парламенттин легендарлуу төрагасы КР Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов «Насирдин Исанов эл атасы» деген макаласында «Бубак басып буурул болгон байыркы замандан бери кыргыз тарыхында белгилүү инсандарды айтпаганда дагы, жакынкы эле ХХ кылымда кыргыз мамлекетин курууга зор салымын кошкон И.Айдарбеков, А.Орозбеков, А.Сыдыков, Б. Исакеев, И.Раззаков, Т.Кулатов жана башкалардын ысымы өлкөбүздүн тагдырындагы өчпөс тамга, өчпөс белги» деп, дагы бир топ жаңы тарыхыбызга экскурс жасап келип, «америкалыктар өз мамлекетин куруудагы биринчи жетекчилерин «мамлекеттин негиз салуучу аталары» (отцы основатели государства) деп эсептеп, алардын атын өтө сыйлашат жана урмат көрсөтүшөт. Ошол эле сыяктуу Насирдин Исанов дагы эгемендүү Кыргыз Республикасынын негиз салуучу аталарынын бири болуп кыргыз тарыхында анын ысымы түбөлүк сакталып кала берет» деп ташка тамга баскандай белгилептир. Демек, ал «мамлекетти түптөгөндөрдүн бири» катары таасын бааланат.

Насирдин Исановдун Ош облусун жетектеген тарыхый инсандардын колунда иштеп калышы анын тагдырына чоң роль ойноду го деп ойлойм. Алардын биринчиси Акматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаев Насирдин Исанов Оштогу пахтадан кездеме токуучу комбинаттын курулушунда башкы инженер болуп иштеп жаткан жеринен чакырып, жакшы иштеп жаткандыгын белгилеп, өзү жетектеген обкомдун курулуш бөлүмүнүн инструкторлугуна дайындайт. А.Сүйүнбаев мезгилинде Т.Усубалиевдей эле абройго ээ болучу. Фронтовик катары ошол кездеги империянын жетекчиси Л.И.Брежнев менен да «на ты» деп сүйлөшкөнүн азырга чейин аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт (Б.Назаралиев «Генерал Асанкулов»). Ал эми 1970-жылы ошол эле Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеп жаткан дагы бир кайталангыс инсан Султан Ибраимов союздук маанидеги «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасынын райкомдун укугундагы парткомунун секретарлыгына сунуш кылат. Ошентип Москвадан жетик билим алып, Кыргызстандын курулуш объекттеринде камчы салдырбай иштеп, Кыргызстандын тарыхында терең из калтырышкан бул эки инсандан сабак алуу Н.Исановдун келечектеги саясый жолун аныктады. 

Ал эми жаңы барган жеринде ошол кездеги союзга таанымал курулушчулар З.Л.Серый жана К.Б.Хурыев менен катар иштөө чоң университет болду. Албетте, бул университеттен алган тажрыйбаны дүйнөлүк бир да окуу жайынан ала албайсың. Бул жөнүндө Мундузбек Тентимишев жогоруда көрсөтүлгөн эмгегинде минтип белгилеген экен: «Аталган парткомдун секретары болуп турганда «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасынын жетекчиси Зосим Львович Серый, башкы инженери Казбек Бексултанович Хурыев сыяктуу бийик кадыр-барктуу жетекчилер менен тез тил табышып, чоң абройго ээ болду, булардан билим жагынан да кем калбай, жогорку деңгээлдеги инженер-куруучу экенин көрсөтө алды. Өндүрүштүк иштерди талкуулоо, кадрларды жайгаштыруу, которуштуруу маселесин чечүүдө алар Насирдин Исанов менен сөзсүз макулдашчу болушту».

Мына ушул жалпы союздук маанидеги курулуштун партиялык уюмун жетектеп, ага чейин А.Сүйүнбаев кийин С.Ибраимов андан кийин З.Л.Серый жана К.Б.Хурыевден окуп үйрөнүп, төрт жылдан кийин Ош облусунун (Кыргызстандын жарымы) комсомолун жетектеп 1976-жылдан 1983-жылы Курулуш министрлигине чейин Борбордук Комитетте бөлүм башчынын орун басары жана бөлүм башчы болуп чоң мектептен өттү.

Курулуш министри эки облус бириккен облустук кеңештин төрагасы кызматтарды аркалап, мамлекеттик кызматтын эң чоң тепкичине эгемендик алганга чейин эле жетип, эгемен жылдарда мамлекеттеги эң чоң президенттик же премьерлик кызматка даяр кадр экени коомчулукка белгилүү болуп калган эле. Азыр эми бул гезиттик материалда Насирдин Исанов эмне үчүн президент болуп шайланбай калганын колдо болгон материалдар жана Ж.Аманбаевдин, Тажибаев Абдивайит аксакалдын айткандары менен анализ жасасак, узакка созулуп кетчүдөй. Бул жерде Ысык-Көл, Нарындын депутаттары колдогон Н.Исановду түштүктүн депутаттарынын колдобой коюшу алар бир жолу болбой калгандан кийин болочокто А.Масалиевди президент катары көргүлөрү келген. Эми бул чоң саясат дагы көпкө изилденээр. 

Мындан аркы мени кызыктырган жагдай, союз таркап, ар кимибиз өзүнчө суверендүү мамлекет болгон кырдаалда рыноктун шартын, рынок экономикасын түшүнгөн адамдардын (адистердин) ири алдында Насирдин Исанов турду деп билем. Анткени Н.Исанов Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө эле Москвадагы Эл чарба академиясында өзүнүн кандидаттык диссертациясын коргойт. Анын ректору биз ар бир жазганын колго калем алып окучу академик Аганбегян ошол кезде Горбачевдун экономика боюнча кеңешчиси эле. Ал эми анын илим боюнча проректору Буничтин да ар бир макаласы өзүнчө эле жаңы ачылыш эле. Мына ушулардын жетекчилигинде москвалык дөө-шаалардын катышуусу менен жогорку деңгээлде диссертациясын коргойт. 

Аскар Акаев менен качан, кандай кырдаалда таанышканы жөнүндө маалымат жок. Насирдин Исанов өзү жазганында «...Аскар Акаевди замандашым катары көптөн бери билем» деген эле маалымат бар. Ал эми М.Абыловдун айтымында, ошол жактоодон кийин банкет болот, аягында бардыгы кеткенден кийин А.Акаев Н.Исановдун бөлмөсүнө келип, көпкө сүйлөшүп отурушат. Бул кезде А.Акаев Кыргызстандан депутат, ал эми Н.Исанов Ысык-Көл облустук кеңештин төрагасы. Демек, рынок экономикасы боюнча мүмкүн пикирлери туура келип калгандыр. Ошондон жети ай өткөндөн кийин бири президент, бири премьер-министр болуп жолдору чогуу болуп калат.

Айтмакчы, «рынок экономикасы дегенди нарк экономикасы десек» деп сунуш киргизген» деп айтып жазып жүрүшөт.

Бардык союздук республикалар эгемендүүлүккө жетишкенден кийин ар кимиси өз жолдору менен кетишти. Биздин коңшулар пландуу экономиканын «токумун жеп, жаазына кол койгон» тажрыйбалары мол Н.Назарбаев менен И.Каримов да алгачкы жылдары бир топ алдастап, анан барып пландуу экономиканын алгылыктуу жактарын алышып, рынокко ыктап кетишпедиби. Эгерде чү дегенде эле Н.Исанов президент болуп калганда, биз мынчалык алдастабайт элек. Анын «өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар» деген кыргыз макалын тез-тез колдонгону да буга күбө. Анүстүнө биз пайгамбардай көрүп жүргөн орустун мыкчегер адистери, окумуштуулары А.Собчак, В.Жириновский, Г.Попов, Ю.Лужков ж.б. менен тыгыз мамиледе болушу, ошондой эле бир топ республикалардын премьерлери жана президенттери менен рынок маселесинде жакындан санаалаштыгы Н.Исановго биздин мамлекет кандай жол менен кетерин анализдеп, реалдуу түрдө баалай алганга мүмкүнчүлүк берген. Дагы бир маалыматка таянсак, Американын мамлекеттик катчысы 1991-жылы июль айында СССР али жоюла электе эле союздагы өзүнчө ой жүгүрткөн окумуштууларды, чоң-чоң ишканалардын жетекчилерин жана айрым республикалардын президенттерин чогултуп, өзүнчө талкуу өткөрөт. Бул иш-чарага Насирдин Исанов да чакырылат.

«Чакырылгандар ой-пикирлерин айтышып, күнөөнү негизинен союздун президентине, өкмөттүн жетекчисине коюп жатышты. Союздун ичиндеги башаламандыктын болушуна ири алдыда кайра куруу, айкындуулук күнөөлүү экендигин, президентти, өкмөттү сотко берип, иштен кетирүү керек экендигин айтышып, ушул маселеде жардам берүүсүн өтүнүштү.

Анан Джорж Бейкер мага кайрылып (Н.Исановго – Ж.Ж.), «бул жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?» деп сурады. Мен ал өзү Москвага келерден эки күн мурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн аралап, а жерде Израиль мамлекети менен Палестинанын ортосунда согуш оту тутанып кетүү коркунучу пайда болуп жаткан кезде тынчтыкты сактап калуу ишине мамлекеттик катчы катары өтө зор салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирдим да, союздагы жогоруда саналып өткөн кемчиликтерди, саясый-экономикалык абалдын начарлап бара жаткандыгын жоюу жагы биздин өзүбүздүн негизги милдет экендигин, андыктан мамлекеттик катчы биздин мамлекеттин ички турмушуна кирише албастыгын белгилеп, түзүлгөн абалдан чыгып кетүүнүн жолдору боюнча өз ой-пикиримди жашырбастан айттым (астын сызган мен – Ж.Ж.). Андан соң, мамлекеттик катчынын жер жүзүндө тынчтыкты орнотуу үчүн жасаган ишине ийгиликтерди кааладым.

Мамкатчы менин жаныма басып келип, подностогу эки бокал шампандын бир рюмкасын мага сунуп, бир рюмкасын өзү кармап, залда отургандарга кайрылып, «мен ушул бокалды Насирдин Исановдун ден соолугу үчүн алам!» деп ичип жиберди» (М.Тентимишевдин көрсөтүлгөн эмгегинен).

Мына жогорудагы кичинекей эле учурдан байкалгандай, Насирдин Исановдун башкаларга окшобогон өзгөчө ою бар экенин айгинелеп турбайбы! Андан ары «бу америкалыктар, биздин ички иштерибизге кийлигише бербегиле, өзүбүздүн маселебизди өзүбүзгө эле койгула» деп жатпайбы. Мына ушундай эле кырдаал, ушундай эле маселе СССРдин биринчи жана акыркы президенти Горбачев менен да болгонун белгилеп жүрүшөт. Горбачев СССРдеги экономикалык оор абалдан чыгуу жолдорун талкуулайт. Ошондо Н.Исанов өзүнүн көз карашын так, даана тизмектеп айтып берет. Ошондон кийин Горбачев эски тааныштардай «Насирдин» деп кандайдыр бир сүймөнчүлүк менен кайрылат.

Эми дагы бир кыргыз коомчулугунда азыркыга чейин анча белгилүү боло бербеген кыргыздын улуттук валютасы ‒ сомду жаратуу идеясынын башатында да Насирдин Исанов тургандыгы, калыстык үчүн белгилей кетели, 1991-жылдын сентябрь айында Америкадан окуп, рынок экономикасынын шартында акча-кредит жана валюта саясатынын маселелери боюнча жакшы тажрыйба алып келген 39 жаштагы Сагыналы Сулайманбеков Улуттук банктын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганы, бул идеяны Н.Исанов кызуу колдоп, 1991-жылы тар чөйрөдө академик Т.Койчуевдин айтымында, Исановдун демилгеси менен жумушчу топ түзүлүп, улуттук валютаны даярдоо жана киргизүү жөнүндө кызуу иш башталат. Биз азыр отуз жылдан көбүрөөк мезгил өтсө да болгонун болгондой фактылар менен далилдеп ордуна коюп койсок.

Аягында каргашалуу алтын маселеси жөнүндө Кумтөргө байланыштуу маселелер (К.Исабеков «Кумтөр» акталбаган үмүттөр, С.Жапаров «Саясаттагы он жыл» ж.б.) туурасында. Бирштейнге тийешелүү маселелер жөнүндө өтө узак сөз кылсак болот. Ошондуктан бул гезиттик вариантта Н.Исановго тийешелүү жагдайын тезис формасында гана берейин.

Эл аралык аферист Б.Бирштейн (еврей, 1947-ж. Вильнюста туулган) А.Акаевге кантип жагып калганы белгисиз. СССР мезгилинде эле КПСС БКнын финансы жагын тейлеген чиновниктерди эле эмес вице-президент Янаевдин да ишенимине кирген жулик болгон экен. 1991-жылдын октябрында Акаевдин указы менен «Кыргызстан-Сиабеко» мамлекеттик жеке компания түзүлөт. Ал Сиабеконун кожоюну катары эле:

– Кыргызстанды реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы;

– Кыргызстандын чет мамлекеттердеги толук ыйгарым укуктуу соода өкүлү (демек, Кыргызстандын дипломаттык паспортунун ээси – Ж.Ж.);

– КР перезидентинин кеңешчиси деген кызматтарды аркалайт.

Мына, жөнжай көз салып караганда деле премьер-министр Н.Исановдукундай эле укуктарга ээ болуп жатпайбы! Анан жеңилдетилген кредиттерди алып келем деп биздеги кашыктап чогулткан алтындарыбызды күрөөгө коёбуз деп өз самолеттору менен алып кетиши өтө шектүү иштер да. Мындай жосунсуз иштерди көрүп-билип жүрүп кайран Насирдин Исанович жүрөгү зыркыраса керек го. 

Ушул жерге дагы бир кичинекей окуяны кыстара кетейин. Казат Акматовдун айтымында, «ушу 1991-жылдардагы Дүйнөлүк банктын алдындагы Эл аралык валюта фондусунун (МВФ) 2,5 миллиард доллары жөнүндө. Эгемендик алгандан кийин Кыргызстан «экономикасы начар өлкөлөрдүн» тизмесине кирген. Ошондой өлкөлөргө МВФ Уставына ылайык бекер жардам бере алат экен. Чыңгыз Айтматов анда Бенилюкска посол болуп жаңы барган. Ч.Айтматовдун ал уюмга жазган катынан соң, МВФнын уюштуруучулары болгон үч адам Чыкеме келет дагы, Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар жардам берүүнү сунуш кылышат. Сүйүнгөн бойдон Чыкем муну мага кабарлайт. Мен анда президенттик кеңештин мүчөсү элем. «Сен кирип Акаевге кабарла, эмне дейт экен жообун айт» дейт. Акаевге айтсам дегеле ордунан тура чуркап сүйүндү. МВФтин алиги ортомчуларын ээрчитип алып Европадан Чыкем келди. Баарыбыз Акаевге чогулдук. Макулдашылды. Маселе биздин улуттук банкта калды. Төрагасы маркум Кемелбек Нанаев ‒ Акаевдин көздөй кишиси. Ал «Вашингтондо АКШнын мамлекеттик банкында Кыргыз Улуттук банктын эсебин ачыш керек экен. МВФ айтылган сумманы ошол эсепке которот» дешти. Чет элдиктер үчүн көнүмүш болсо керек, мындай учурларда ачык эле соодалашып сүйлөшө кетишти. Алар айтышты «эсебиңерге акча түшкөндөн кийин биздин аткарган эмгегибизге тийешелүү «комиссионный» деген сумманы наличкага айлантып бересиңер деп» (К.Акматов. Ачуу чындык, акыйкат сөз).

Ошентип биз жактан ал «комиссионный» дегенди ким алат? Эми бул биздин жөнөкөй тил менен айтканда, мүмкүн 10-10% теңби же 20-20данбы бөлүштүрүп алат дегендик. Ал эми официалдуу документте МВФ Кыргызстанга чыпчыргасын 2,5 млрд. доллар жардамга, бекер, акысыз берди дегенди түшүндүрмөк. Булар мүмкүн Н.Исановдон бекитип же дагы башка себептерден улам (ич ара «комиссионныйды» бөлүшө албай, мезгили узарып кетип) 2,5 млрд. ала албай калышат. 

Мына ушундай Кумтөр маселеси сыяктуу жагдайларда Насирдин Исанов кимдир бирөөгө (кимдир бирөөлөргө) тамагына тыгылган сөөк болду го. Анткени ал кезде А.Акаев да «кайдагы бир деги эле табиятта жок кызыл сымап контрабанда менен чыгып кетип жатса, өкмөт (Н.Исанов) билмексен болуп отурат» деп опурулганы бар. Ошондуктан Насирдин Исановдун көзүн тазалоо эл аралык мафия деген атка конгон Бирштейин эле эмес, өзүбүздөгү көзү акчага тойбогон үлкөн чиновниктердин да максаты болгон го деген кынтыксыз шектенүүнү пайда кылат.


Жолборс Жоробеков, саясый илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгеги сиңген ишмер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер