Жамин Акималиев, академик: “Айыл чарба продукциясын сатуу, экспортко чыгаруу ойдогудай эмес”
-- Жамин ага, быйыл дыйкандарыбыздын бактысына суу кенен болду. Бирок муну менен эле көйгөйлөр чечилбесе керек. Өкмөт айыл чарбасына алгылыктуу көңүл бөлө алдыбы?
-- Туура айтасың, быйылкы жылы сугат суусунун мол болушунан улам жана айыл чарба министрлигинин жаңы жетекчилиги жакшы иштегендиктен, түшүм жогору болууда. Бул жакшы көрүнүш. Бирок, алынган айыл чарба продукциясын татыктуу баада сатуу, аны экспортко чыгаруу жана кайра иштетүү жагы дагы деле болсо ойдогудай эмес. Ушунун кесепетинен жыл сайын өндүрүп алынган азык-түлүктүн 35 пайызы коромжуга учрап, фермерлерибиздин маңдай тери менен жаралган эмгектери акталбай жатат.
-- Түпкү себептери бар чыгар?
-- Негизги себеби, айыл чарбабыз бөлүнүп-жарылып отуруп, мурдагы 500 колхоз-совхоздун ордуна дээрлик 450 миң майда чарбалардын пайда болгонунда десек болот. Өндүрүш канчалык көлөмдүү болсо, ошончолук көп пайда апкелерин дүйнөлүк тажрыйба эчак эле далилдеген. Өзүбүздүн эле 1994-жылга чейин иштеп турган орточо аянты 2300 гектар жери бар ири чарбаларыбыз да муну тастыктап келген. Агезде колхоз-совхоздор мамлекеттин тапшырмасына ылайык айыл чарба азыктарын толугу менен өндүрүп берчү. Ал эми даяр продукцияны кайра иштетүү жана сатып алуу мамлекеттин милдети эле. Азыр болсо андай ыңгайлуу шарттардын бири да жок. Дыйкандар, малчылар өзү менен өзү болуп турган чагы. Мына ушуга байланыштуу өкмөттүн ыйык милдети – бул быйылкы жылдын 23-июлунда жарыяланган президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын кыйшаюусуз аткаруу болуп саналат. Бул өтө манилүү мамлекеттик документтин ток этер жери – фермердик чарбалардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири товардык өндүрүштү көбөйтүү үчүн аларды кооперативдин же чарбанын башка формаларына ыктыярдуу бириктирүүгө керектүү шарттарды түзүүдө жатат. Менин оюмча, бул чоң максаттын ишке ашышы майда чарбаларды материалдык жана моралдык тараптан кызыктыруу түздөн-түз пайда жаратмак.
-- Алар кайсылар?
-- Биринчиден, кооперативге өтүүгө умтулган фермер-дыйкандарды жок эле дегенде беш жылга чейин салыктын баардык түрлөрүнөн бошотуу. Экинчиден, ирилешүүгө багыт алган чарбаларга 6 пайыздуу жеңилдетилген каражат эмес, дегеле үстөгү жок насыя менен камсыз кылуу. Үчүнчүдөн, кооперативге кирүүгө белсенген азаматтарга биринчи кезекте айыл чарба техникаларын ылайыктуу лизингге берүү жана жер-жерлерде МТСти (машино-тракторлук станцияларды) уюштуруу. Төртүнчүдөн, жаңыдан түзүлүп жаткан кооперативдерди өз убагында сапаттуу үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана сугат суу менен камсыз кылуу. Бешинчиден, тезирээк ирилешкен чарба кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жана аларды идеология багытында даңазалоо. Алтынчыдан, алдыңкы кооперативдердин ишин башкаларга кеңири жана ылдам жайылтуу.
-- Президенттин жарлыгында жайыт маселеси да бар экенин билебиз...
-- Биз үчүн бул маселенин мааниси өтө зор. Жараткан кыргыз элине 9 миллион гектар жапжашыл жайлоону берген экен. Эми ошол бекер жайыттарды биз кандай пайдаланып жатабыз? Так кесе айтып коёюн, абдан начар. Натыйжада атагы алыска кеткен жайлоолорубуз такыр жерлерге айлана баштады. Жок дегенде ата-бабаларыбыздай болуп, жайлоолорубузду улам-улам эс алдырып, конуш которуп, көчүп турууну унуттук. Биздин малчылар жайыттарына кеч барып, саргарып кеткенче бир жерде эле отура беришет. Ушунун кесепетинен жайлообуздун жарымына жакыны керектен чыга баштады. Дагы бир таңгала турган маселе, ушул убакка чейин мамлекеттик менчик болуп эсептелген жайыттарыбызды айыл аймактары же болбосо райондук мамлекеттик администрациялары эмес, коомдук уюм болуп эсептелген жайыт ассоциациялары башкарат. Жайлоолордон түшкөн баардык каражаттар ошол өкмөттүк эмес мекемелердин пайдасына жумшалат. Бул эми акылга сыйбаган иш да! “Жамандын үйүн коногу бийлейт” дегендей болуп атпайбы. Биздин өкмөтүбүз тез аранын ичинде бул маселени жергиликтүү бийликтин пайдасына чечип берүүсү зарыл.
-- Президент жашыл экономика тууралуу да кеп козгогондой болду. Бул боюнча да айта кетесизби?
-- Муну кээ бирлери биологиялык заттарды пайдалануу катары түшүнүшөт. Жок, андай эмес. “Жашыл айыл чарба” деген бул – илимий негизделген таризде, которуштуруп айдоону өндүрүштө өздөштүрүү деп түшүнсөк болот. Ал үчүн чарбанын жок эле дегенде 5 гектар жери болуш керек. Биздин азыркы 1,5-2 гектар жери бар дыйкан чарбаларыбыз эч убакта которуштуруп айдоону пайдалана алышпайт. Натыйжада, жыл сайын бир жерге кайталанган эки-үч өсүмдүктү себе беришип, кыртыштын асылдуулугун кетиришти, 30 жылдын ичинде 1,5-2 эсеге чейин төмөндөдү. Жерибиз аябай арыктап бүттү. Көп жылдык чөптөр, анын ичинде беде, эспарцет катышкан 6-7 талаалуу жерди которуштуруп айдоодо тез арада семиртип, анын түшүмдүүлүгүн 1,5 эсеге чейин көтөрсө болот. Президент өзүнүн жарлыгында атамекендик үрөн чарбасынын өсүшүнө жана айыл чарба адистерин даярдоонун сапатын жогорулатуу жагына көңүл бурган. Эгерде биз илимий изилдөө мекемелеринде иштеген илимпоздордун айлыгын медицина кызматкерлеринин айлыгына теңесек, анда таланттуу жаштар илимге тартылып, жаңы технологиянын жана өсүмдүктөрдүн алдыңкы селекциясын, алдыга жылышын жана асыл тукум малдын көбөйүшүн камсыз кылат элек. Жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) кадрларды даярдоонун бирден-бир жолу бул – коррупцияны түп-тамырынан жулуу жана өндүрүшкө керектүү гана адистерди чыгаруу болуп эсептелет. Алар окумуштуу агроном, зоотехник, ветеринар врачтар жана инженер-механик менен инженер-гидротехниктер.
-- Биздин өкмөтүбүз азык-түлүк коопсуздугу боюнча алгылыктуу иштерди жасабай жаткансыйт, кандай чараларды көрсө болот?
-- Өкмөт айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүдө мамлекеттик буюртмага өтүүсү керек. Эгерде азыркы учурда бизге жетпей жаткан азыктарга, тактап айтканда, буудай, өсүмдүк майы, кумшекер, мөмө-жемиш, эт жана жумуртканын өндүрүшүнө өкмөт жыл сайын мамлекеттик заказ берип, анан өндүрүлгөн азыктарды сатып алуу ишин камсыз кылса, биз 3-4 жылда эле азык-түлүк коопсуздугуна толугу менен жетет элек. Кыскасы, президент өзүнүн жарлыгынын аткарылышын өкмөткө жүктөдү. Демек, биз жакын арада министрлер кабинетинин республикабыздын агро өнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүсүн камсыз кыла турган программасын камтыган атайын токтому чыгат (!) деген үмүттөбүз.