Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Министр Ибраев тарифти 26 тыйынга көтөрүп, мыйзамды одоно түрдө бузду”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Министр Ибраев тарифти 26 тыйынга көтөрүп, мыйзамды одоно түрдө бузду”

07-февраль, 20:52
2 399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетика министрлиги тарифти май айында 26 тыйынга көтөрөрүн билдирди. Башка коңшулаш өлкөлөр менен салыштырып, бизде бир топ арзан экенин айтып келет. Сиз кандай пикирдесиз? 

-- 2021-жылдын сентябрында министрлер кабинети инфляциянын деңгээлине жараша электр энергиясынын тарифин жыл сайын жогорулатуу тууралуу токтом кабыл алган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы инфляция деңгээли 6,3%ды түзгөн. Бул көрсөткүч боюнча тариф май айында 7 тыйынга жогорулашы керек болчу. Бирок энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифти 26 тыйынга көтөрө турганын билдирди, бул инфляциянын өсүшүнөн төрт эсе көп. Ошону менен бирге энергетика министрлиги тарифти негизсиз көтөрүп жана министрлер кабинетинин токтомун бузуп жатканын баса белгилеп айтсак болот.

Министр өз чечими менен электр энергиясынын баасын инфляция деңгээлинен дээрлик 4,5 эсеге көп жогорулатууда. 10% көтөрсө мейли эле, бирок 26% көтөрүү – бул өтө ашыкча! Таалайбек Ибраев нормативдик-укуктук актыларды одоно түрдө бузуп жатканын билдирет. Министрлер кабинети жана энергетика министрлиги 2021-жылдын 20-сентябрындагы токтомго тийешелүү толуктоолорду киргизиши керек эле. Ошондо гана баары мыйзам чегинде болмок.

-- Башка өлкөлөргө биздеги “арзан бааны” салыштырууну да чечмелеп берсеңиз?

-- Министрдин Кыргызстандагы тарифтер менен Россиядагы тарифтерди салыштыруусу туура эмес. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда электр энергиясы башка өлкөлөргө, атап айтканда, Россияга салыштырмалуу арзан” деп эле айта бермейи бар. Мен буга макул эмесмин, анткени акыркы маалыматтар боюнча Россияда шаардык калк үчүн электр энергиясынын тарифтери 1 кВт/саатка 3 рубль 66 тыйынды түзөт. Бул электр энергиясын 10890 кВт/саатка чейин колдонгондор үчүн. Ал эми бизде 700 кВт/сааттан ашса тариф көтөрүлөт. Ошондой эле элдин жашоо деңгээлин, атап айтканда, эмгек акыны эске алуу керек. Россияда орточо айлык акы болжол менен 700 доллар болсо, Кыргызстанда болгону 300-350 доллардын тегерегинде. Албетте, ал жакта тарифтер жогору, ошондуктан мындай салыштырууга мүмкүн эмес.

-- Дээрлик системадагы ырааттуулукту байкай элекпиз...

-- Электр энергиясынын тарифин канчага көтөрсөк, ошончо коррупция өсөт. Энергетикалык тармактын жакшырганын дээрлик байкай элекпиз. Бул маселени комплекстүү түрдө чечүү керек. Себеби, коммерциялык жана техникалык жоготууларды кыскартуу маселелери бар. Бул жоготууларды кыскартуу менен 1,5-2 миллиард сом үнөмдөсө болот. Эң чоң коррупция мамлекеттик сатып алуулар системасында, ошондуктан бул процессти ачык жана айкын кылуу зарыл. Ошондой эле эксперт кирешеси жогору компаниялар үчүн тарифти 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Алар: алтын казуу, көмүр казуу, литейка, шифер, цемент заводдору сыяктуу кирешелүү ишканалар. Андан сырткары, алкоголдук жана тамеки заводдору да бар. Бул ишканалар чоң пайда табышат. Аларга 1 кВт/саат үчүн кеминде 10-15 сомдук тариф коюу керек. Ошентип 6-7 миллиард сом кошумча киреше алууга мүмкүн болмок. Ал эми жөнөкөй эл үчүн тарифти 26 тыйынга көтөрүү карапайым эл үчүн бир топ эле оорчулук жаратат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер