Каректерге жарык берген, чебер дарыгер Чолпон Югай

Бул макаламда нечендеген адамдардын жашоосунан караңгылыкты айдап, жарык дүйнөгө жол ачып жүргөн, каректин чебер устаты, врач офтальмолог-микрохирург, медицина илимдеринин кандидаты Югай Чолпон Эсентуровна жөнүндө сөз уланмакчы. Бул айым 1971-жылы Фрунзе шаарында жарыкка келген. Ата-энеси педагог болгондуктан, алардын жумушуна байланыштуу үч жолу окуган мектебин которууга мажбур болгон. Кайсы мектепте, кайсы класста окубасын, өзүнүн зээндүүлүгү, зиректиги, эмгекчилдиги, тартиптүүлүгү жагынан алдына бир дагы окуучуну өткөрбөй, 10-классты “эң жакшы” деген баалар менен аяктап, лидерликти бир дагы окучууга алдырган эмес. 8-класста окуп жүргөндө бир-эки бала кат жазып, ыр арнап, майрам күндөрдө бири-бирине билгизбей белек берип, артынан ээрчип калышканы – бул жөн гана ал кездеги балалыктын таттуу күндөрүнөн экен. 10-класста башка мектепте окуп калгандыктан классташ балдардан жакындаганга аракет кылгандары деле болбоптур. Анүстүнө келген күндөн эле баардык сабактар боюнча класстагылардан алдыга озуп, мыкты өздөштүрүп, мугалимдердин сүймөнчүк окучуусуна айланып баратса, класстын кээ бир “мен” деп жүрүшкөн кыздарында көралбастык, кызганыч пайда болгонун сезсе дагы билмексен эле. Бир жолу математика сабагынан текшерүү иш жазып, жанына жакын отурган балдарга жардам бере баштаганын байкап калган математик мугалим акырын жанына басып келип, кыздын дептериндеги чыгарылган эсепти көрүп, кайра өз ордуна барып журналга бир нерсе белгилеп, анан башын көтөрүп, “Баялиева, сен бара бер үйүңө” десе кыздар бири-бирин карап мурундарын чүйрүшкөн.
Чолпон 10-классты аяктаган учурда кесип тандоодо кайсы жогорку окуу жайга тапшырсам (?) деген ойго убакыт коротпой эле мурунтан жүрөгүндө жүргөн Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайына экзамендерди жалаң “5ке” тапшырып, жогорулатылган стипендия менен студенттик билеттин ээси болгон. Белгилей кетүү эп: бул кыз мектепте окуп жүргөндө эле ата-энеси, эже-инилеринен бирөө-жарымы сыркоолоп калса, “мен врач болуп, дарылап айыктырам” дечү. Кээ бир учурларда чоң атасын ойлоп, эмне үчүн көзү начар көрөрүнө кейип, кыжалаттанчу тура. Медакадемияда 2-курсту аяктап, 3-курска келишкенде эле адистиктер боюнча группалар түзүлүп, Чолпон дагы чоң атасынын көзүнүн начар көрүүсү, тагынып жүргөн көз айнеги эсине түшүп, көз доктурлук багытка, офтальмология адистигине бөлүнгөн. Аны дагы жалаң “5” менен бүтүргөн.
Жыйырма беш жылдан бери Бишкектеги “Көздүн микрохирургиясы” бейтапканасында көзгө операция жасоо боюнча адис болуп иштеп келе жатат. Иши бир топ эле оор, өтө чеберчиликти талап кылат. Заманбап техникаларды колдонуу менен айына жүзгө жакын адамдардын каректерин тазалап же алмаштырып, түстүү дүйнөгө жол ачат. Жумасына 150-180 бейтапты тейлейт. Убактысынын ушунчалык тардыгына карабастан, күндүр-түндүр иштеп “Возрастная макулодистрофия” деген темада кандидаттык диссертациясын жазып, 2002-жылы Москва шаарындагы С.Н.Фёдеров атындагы МНТК “Микрохирургия глаза” клиникасында ийгиликтүү жактаган. Москвада авторефератты чыгарууда Югай Валерий деген корей жигит чоң көмөгүн көрсөткөн. “Ошол убакта эле бири-бирибизге жагып калдык окшойт, эки жыл кыз-жигит болуп эрчишип жүрүшүп, ата-энелерибиздин макулдугу менен баш кошуп, турмуш курдук. Ал бизнесмен, эки кызыбыз бар, студенттер” деп менин суроомо көз доктурум жооп берди.
Жаш кезинде Чолпон жылдыздай бакырайган көздөрү, аппак жүзү жана жигиттердин жүрөгүн эриткен жылмаюусу менен аларды суктандырып жүрсө, эми өзүнүн жогорку адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, кесибиндеги өзгөчө чеберчилиги далайларды кубантып, караңгылыкка чүмкөлгөн каректерине жарык киргизип, алардын чын жүрөгүнөн айтылган алкыштарына арзып жүрөт. Ошолордун бири менмин. 80 жаштан ашып, 90го кадам таштаган аксакалмын. Чолпон айым, сизге узун өмүр, чың ден соолук, татаал жана өтө жоопту ишиңизге ийгилик каалайм, бар болуңуз!
"Азия Ньюс" гезити