Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түш сыяктуу жашоодон жолугабызбы?..

Түш сыяктуу жашоодон жолугабызбы?..

12-май, 23:57
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе)

Сени ойлобой деле калгам. Андан бери көп жыл өтүп кетпедиби. Канча суулар акты? Заман өзгөрдү. Баягы кыялдар, романтика деле жүрөктө жашабай калган. Бирок, күтүүсүздөн түн уйкумду бузуп, будуң-чаң салгандай эле кылдың. Ооба, сейрек сезимдер...

Экөөбүз чогуу жашайт экенбиз. Бир маалда сени көчүрүп кете баштады. Эмнегедир жүзүң кайдыгер. Студент кездегидей. Эч өзгөрүлгөн эмес. Саамга арбалып, коштошуунун күүсүнө жакындап бараттык. Бир маалда оокаттарыңды жыйнашкан бир эркек пайда болду. Атын Бактыгул деди. Мен сураган деле жокмун. Өзү эле кыжырды кайнатып, сүйлөп кирди. Маани деле бербей, четте карап турдум. Аңгыча бөлмөгө Кубаныч Зайнидин башбакты. Учурашып калды. Эмнеге келди? Жүрөктү өйүгөн бир бүдөмүктүктү ача албай аткансып тырышып, кыжалаттана баштадым. Мен анчейин түшүнбөй турам да. Өзүмдү жок адамдай сезип жатканымчы? Ушул арада Бактыгул столдун үстүндө турган электро-техникалык буюмдарды жерге кулатып жиберди. Байкоостонбу, аны аңдап карагыча эле өзүмдү кармай албай катуу кыйкырып, сөгүнүп жибердим. Ошону менен ойгонуп кеттим, аттиң...

Ичимен кайнап турсам керек. Ыргылжың тариздемин. Туруп эле телефонду жандырып, саатты карадым. Таңкы үчтөн сегиз мүнөт өтүптүр. Кандайдыр бир жагымсыздык курчап алгансыды. Терезени ачып, чылым түтөттүм. Сенин жылдыздуу жүзүңдү даана элестеткенге аракет жасасам да, бүдөмүк агыласың... Түшүң түшкүрдүкү, бул эмне болгон көрүнүш? Бактыгул аттууну дегеле тааныбайм. Кубаныч Зайнидин менен бир ай мурда алагүү кезде сүйлөшкөм. А сени кайсы айларда, же жылдарда эстегенимди электен өткөзө албай, бушайманга баттым. Эмне кылам? Жатайын. Түш кайра уланбасы белгилүү. Жашоо деле ушундай жалган да. Кайсы бир жылдары бүгүнкү күндөрүбүз, дээрлик өмүрүбүз көз ирмемчелик убакытта өтүп кеткенин билбей калабыз. Доор алмаша берип, кимдин эсинде калмак элек? Биздин акылыбыз аңдабаган түш сыяктуу жашоодон жолугабызбы? Үмүттөнбөйм деле. А назилинде жолдор бар окшойт...

Адамзаттын руху өлбөс...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер