Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуштун эч кимге кереги жок. Украин менен орусту кыя албай турган чагыбыз!

Согуштун эч кимге кереги жок. Украин менен орусту кыя албай турган чагыбыз!

13-март, 22:00
768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда жүрөк титиреткен Украина менен Россиянын кылчайнашуусу ар бирибизди кабатыр кылып аткан чагы. “Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат” деген кыргызда накыл кеп бар. Ал ортодо кыргыздардын кээси Украинага жан тартса, басымдуу бөлүгү эмне болсо да орус менен кан-жинибиз сиңишип калган сыңары кылчактамай жашоо.  

“Россия менен Украина тирешинде Кыргызстан кандай позицияда туруусу керек?” деген суроо салдык. 

Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер:

-- Биз жалпы коңшу мамлекеттер менен бир мамиледе, бир саясатта бирге болушубуз керек. Айрыкча Казакстан, Өзбекстан ж.б. Орто Азия өлкөлөрү. Мына ушундай жагдайда Россияга болгон терс көз карашыбызды билдирбеген оң. Колдон келсе, эки бир тууган Россия менен Украина элин биримдикке чакырып, буларды бир столго отургузуп, сүйлөшүү ымаласына келтиршибиз керек. Болбосо, бизде айрым бир интеллигенттер, анын ичинде Америкада балдары окуп, билим алып, жашап жүргөн же жашап келишкендердин айрым бир пикирлерин соцтармактан окуп калып атабыз. Алар Россияны жерден алып көргө уруп атышат. Менин оюмча, бул туура эмес. “Америкадай болобуз, Америка – адамзаттын жаркын келечеги” дешип. Биз бир нерсени эске алганыбыз оң, менталитебиз, өзүбүздүн тарыхыбыз, салт-санааларыбыз бар да. Ошол эле учурда таптакыр орус болуп кетпеген күндө да, кылымдар бою келаткан тыгыз байланыштарды эске алуубуз абзел. Украин менен орустар бир тууган эл. Албетте, “орустар эртең украиндерди “муунтуп” алса, анан кезек биз тарапка өтүп, казактарга, кыргыздарга келет” деген ойлор цивилизациялуу заманда болбогон сөз. Бул жагынан алып караганда, биз прагматикалык саясат жүргүзүшүбүз керек.

Исмаил Исаков, коомдук ишмер:

-- Биз Россиянын согушун колдоого алуудан алыс болуп, өзүбүздүн экономикалык оор абалыбыздан чыгуу жолдорунун үстүнөн иштешибиз өтө маанилүү. Ошону менен бирге эркин массалык маалымат каражаттарын ооздуктоо жана саясый куугунтуктарды улантуу аракеттерди токтотуп, элдин биримдигин камсыз кылып, азыркы келе жаткан апааттан бирдикте, ынтымакта чыгууга бел байлашыбыз керек. Кыргыздардын “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан өлүптүр” деген жакшы сөзү бар. Украинанын эркиндигин, Россиянын ымаласын бир учурда эңсеп, тиги же бу жакка тараза ташын оодара турган убакыт эмес. Бизге эки мамлекеттин достугу, ынтымак-ырашкердиги керек. Согуш деген согуш. Ал жерде кан төгүү бар. А кан төгүлгөн жерде өч алуу же басынтуу, кордоо, ыза ж.б. негатив жараткан жагдайлар болот. 

Айылчы Сарыбаев, коомдук ишмер:

-- Кыргызстандын эки өлкө менен дипломатиялык байланышы бар. Бирок, Кыргызстан, Россия менен бирдикте ЕАЭБ жана ШОСко мүчө. ЕАЭБ менен ШОСТун келечегеи кең жана Кыргызстан булар менен киндиктеш. Украиндер Кыргызстанда орустарга караганда көп. Бирок, Россияда түпкүлүктүү келгин да кыргыздар көп. Россия жеңет. Украинанын келечеги бүдөмүк. Бишкектеги акцияга чыккандар негизинен ошол түпкүлүгү украиндер. Бир азы АКШнын суусун ичкен кыргыздар. Демек, кыргыздардын келечеги ким менен жакшы болсо, ошону менен болуш керек. Азыр “көп векторлуубуз” деп сактанган болбойт. Андай кылсаң, ошол таяк өз башыңа тийет. “Азыркы Батыштын цивилдешкен эли мененбиз” дегендер туула электе туна чөккөндөр. Мен деле бир кезде ашыккан батышчыл болчумун. Азыр мага  Батыш цивилизациясына,  АКШга караганда өз элимдин келечеги артык. Мен Евразиянын келечегине ишенем, башка сөз жок.

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер:

-- Россия жана Украина биз менен бирге СССРде чогуу союздук мамлекеттерден болуп эсептелет. Ошо СССРде тарыхий да, стратегиялык да бир максатта, бир ниетте жүргөнбүз, чынында буга далилдин кереги жок. Биздин позициябыз эки мамлекеттин ортосундагы бүгүнкү кырдаалды бириктирүү, тынчтык жолунда чечүүчү негизги максаттарыбыздын бири экени айныксыз иш. Себеби, Кыргызстан чакан мамлекетпиз, геосаясатта ар дайым айтып жүрөм, “элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы жана келечегине багытталган саясатты алпарышыбыз керек” деп. Ошон үчүн Россия менен Украинанын ортосундагы бүгүнкү чоң жаңжалда эки мамлекеттин тез арада тынчтык жолу менен, дипломатия жолу менен маселени чечүүгө күч аракетибизди жумшап, ат көтөргүс салымыбызды кошконубуз оң.   

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Бүгүнкү күндө орустар менен украиндердин тиреши абдан катуу болууда. Бирок, мен айтар элем, Россия өзүнүн мамлектин коргош үчүн, НАТОнун аскерлерин, алардын ядролук курал-жарактарын Украинага орнотпош үчүн, ошол эле учурда украиндердин улутчулдары орус тилдүүлөрдү кордогону боюнча Россия атайын аскерий операциясын Украинага баштап киргизди. Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана биз дагы ЕАЭБге киребиз, ШОСко мүчөбүз, баардык жактан көптөгөн мамилелерибиз бар. Россияда миллиондон ашык жарандарыбыз иштеп, үй-бүлөлөрүн багып атышат. Эгер экинчи жагын карасак, Украинага кирген союздун боордош өлкөлөрдүн бири катары дипломатиялык жана соода-сатык менен катташып турабыз. Ошон үчүн бүгүнкү күндө болуп аткан тиреш Россия үчүн “атайын аскердик тиреш операциясы” болсо, а Украинада кадимки эле “улуттук боштондук үчүн согуш” деп эсептелип калды. Ал эми Батыш өлкөлөрү үчүн “агрессиялык согуш” катары каралып жатат. Россия менен Украина ортосундагы тиреш өтө татаал жана көптөгөн эл аралык деңгээлдеги ар бир өлкөнүн кандай позицияда болушуна талаш-тартышты жаратып жатат. Кыргызстан өтө кылдаттык жана рационалдуу, туура позицияны колдонуш керек деп ойлойм. Себеби, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда болуп аткан жагдайды бир гана эки өлкөгө тийешелүү дегенден алысмын.  Россия менен азыркы убакта украиндерге кошулган НАТО өлкөлөрүнүн колдоосунда Россияга биз билип-билбеген тиреш катары кабылдайт элем. Ошентсе да Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы келишпестикке бирдей мамиле кылып, согуштун тез бүтүшүнө салым кошсо жакшы болмок.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер