Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умбриэль Темиралиев: “Тармактык маркетинг жумушсуздук күч алган мамлекеттерде гүлдөйт”

Умбриэль Темиралиев: “Тармактык маркетинг жумушсуздук күч алган мамлекеттерде гүлдөйт”

20-август, 19:30
3 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы оор каржылык абал, калктын жакырдануусу “салган акчаңды аз убакытта эле көбөйтүп беребиз” деген алдамчы уюмдардын активдешүүсүнө алып келди. Финансалык шылуундар мурда “аз акча салып, бат эле чоң суммага ээ болосуң” деп алдашса, эми техника буюмдарынан тартып, жууркан-төшөккө чейин сатканга жетишүүдө. Мындай көрүнүш айрыкча аймактарда кулач жайды. Экономика эксперти Умбриэль Темиралиевдин белгилешинче, тармактык маркетинг жумушсуздук күч алган мамлекеттерде гүлдөйт. 


Тармактык маркетинг жумушсуздуктан күчөйт

-- Социалдык абалы начар учурда адамдар экономикалык стресске кабылып, кылтакка илинишет. Ал эми адамдык ресурсту пайдаланып, биринин баш кийимин бирине кийиштирген лидерлер ортодо акча өөнөп, акырында аферисттик жол менен жок болушат. Себеби, баардык постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөргө окшоп Кыргызстанда да адамдар ар кандай фантастикалык убадаларга ишенишет. Мисалы, “кандайдыр бир документти сатып алсаң, кайсы бир уюмга мүчө болсоң, кирешең өсөт”, же “1000 сом төлөп, бир жумадан кийин эки миң сом аласың” деген сыяктуу куру убадаларга бат эле ынанышат. Мындай убадаларды бир гана шылуундар бере алат. Бул көрүнүш кризисте күчөп жатканын көрүп жатабыз. Анткени, жарандардын басымдуу катмары каржылык жактан билимсиз. Баардык жакшы же пайда алып келе турган сунуштарда акчаны кайтарып алуунун орточо мөөнөтү айтылат, ошондой эле анын жылдык кирешеси 15-16 пайыздан жогору болушу мүмкүн эмес.  

Мындай уюмдар өздөрүн банктар, инвестициялык компаниялар же криптовалюталык биржалар катары аташат

-- Учурда криптовалюталык биржалардын да саны көбөйө баштады. Алар жарандарга акцияларын сатышат. Албетте, акция – компаниянын бөлүгү. Бул баалуу кагаздар киреше алып келет. Бирок, ошондой болсо да кайсы бир компаниянын бөлүгүн сатып алуунун алдында аны изилдеш керек. “Рынокто канча жылдан бери иштейт? Кирешеси кандай? Компанияны ким башкарат?” деген суроолорго жооп издеп, сизди ынандыруучу сукбаттан кийин гана акция сатып алууга болот. Эгерде фантастикалык убадаларды берип жаткан болсо, аны инвестиция катары атоого болбойт, бул көз боёмочулук.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер