Акыркы кабарлар
» Коом » Хабиб Нурмагомедов Инстаграмм баракчасынан канча миллион табат?
Хабиб Нурмагомедов Инстаграмм баракчасынан канча миллион табат?
23-ноябрь, 14:54
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов Инстаграмм баракчасынан канча каражат табаарын Forbes журналы эсептеп чыкты.
Атактуу мушкер Орусиядагы жарнама киреше боюнча рейтингде 7-орунда турат. 2019-жылы Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы жарнамаларынан жалпысынан 570 миң доллар тапкан.
Ал эми рейтингдин башында жарнама кирешелери боюнча 1,6 миллион доллар тапкан журналист Ксения Собчак турат.
Кыргызстанда Инстаграмм баракчаларында миллион катталуучусу бар бир топ шоу-бизнес өкүлдөрү бар. Алар да убагында бул тармактан жакшы каражат табаарын айтышкан.
Aryba.kg