Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Президенттин каршылаштары көбөйө баштаса, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш”

“Президенттин каршылаштары көбөйө баштаса, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш”

04-декабрь, 09:00
1 616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун саясый чөйрөдөгү душмандары көбөйүп, каршылашууга өтө башташканы байкалууда. Негизи эле оппозиция биригип, таасир жарата алабы? Алдыда кандай күрөштөр болушу мүмкүн?

Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер:

-- Эгерде убакыт өткөн сайын президенттин каршылаштары азая баштаса, таңкалсак болот эле. Ал эми алардын көбөйө баштаганы, биригүүлөр күчөгөнү – мыйзам ченемдүү нерсе. Президенттин душмандары эмес, анын каршылаштары же оппоненттери (!) деп айтсак туура болор.

Президенттин оппоненттеринин бир жылга жетпей көбөйүп жана биригип баратышы – бул бүгүнкү күндө сөз кыла турган олуттуу маселе. Чоң көйгөй. 

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

-- Шайлоо таза өттү, аны оппозициядагы күчтөр да моюндап атышат. Азыр мыйзамга ылайык шайлоонун жыйынтыктары чыгарылып жаткан учур. Оппозиция да ошону аягына чейин күтүп, анан саясый кадамдарды жасашы абзел. Күрөш болсо да негиздүү, укуктук талаада болгону туура болот. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун азыр эч ким так айта албайт. Бүгүнкү күндө БШКда чоң жоопкерчилик турат.

Ал эми башка экономикалык жана саясый маселелер боюнча (өзгөчө Кумтөр сыяктуу) оппозиция менен бийлик бир беткей болушу зарыл. Бийлик негиздүү демилгелерге кулак төшөп, оппозиция болсо куру сын эмес, конструктивдүү сунуштарды бериши зарыл.

Бектемир Төлөн, жарандык активист:

-- Менин байкашымда, азыркы бийлик нааразылык акциясын уюштургандарга катаал чараларды көрүүгө даяр. Саясый талаада ар кандай мааниде камоолор болушу мүмкүн. Анткени акыркы мезгилдерде айрым бийлик бутактары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилип келе жатпайбы. Эч бир тарап бийликке “силер мыйзамдын бул беренесин одоно бузуп жатасыңар” деп айтып чыгууга даабай жатышат. Айтканда да бийликтин "кылы кыйшайган" жок да. Ушундай кырдаалды оппозиция лидерлери да жакшы билишет. Ошондуктан алар мыйзамсыз чоң акцияларга барууга батына алышпаса керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер