Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Долларды чектөө экономикага терс таасирин тийгизет”

Элдар Абакиров: “Долларды чектөө экономикага терс таасирин тийгизет”

04-июль, 09:00
232 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чет өлкөдөн которулган долларды алуу көйгөйгө айланды. Андан тышкары, бул валютанын тартыштыгы күтүлөрү да айтылууда. Ушул жагдайга кандай пикирдесиң?

-- Кыргызстанда бир нерсени өндүрүп жасаган ишкерлер бар. Көптөгөн ишканаларда доллар менен кандайдыр бир чийки зат, деталдарды алыш керек. Алар долларга муктаж. Андай ишканалардын тизмесин түзүп, өкмөт аларга болгон чектөөнү кеңейтиши зарыл. “Ишкерлер жумасына 10 миң доллар гана алууга уруксат” деген билдирүүнү уктум. Аны ишкерлердин жүргүзгөн ишинин көлөмүнө жараша, ар биринин маалымат статистикасына таянып, чектөөлөргө этият мамиле жасаш керек. Ал ишканалар токтоп калса, кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө өтө терс таасирин тийгизет. 

Экинчиден, Россиядан келген акчалар бар. Андан тышкары, көптөгөн көлөмдө Россиянын өзүнөн доллар ала албаган кишилер Кыргызстан аркылуу алууга аракет кылышары мүмкүн. Бул жакка рубль которуп, банктан алып, аны акча алмаштыруу жайларынан долларга алмаштырып, Кыргызстандан алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай чектөөлөр киргизилсе керек деген пикирдемин. Бирок мен жогоруда белгилегендей, экономикага зыяны тийбей тургандай жолдорду караш керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер