Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ийгиликтер алдыда” деген Алтынай Өмүрбекова келечектен үмүт жаратууда

“Ийгиликтер алдыда” деген Алтынай Өмүрбекова келечектен үмүт жаратууда

02-апрель, 11:02
913 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем. Мен үчүн эмгегимдин эң жогорку баасы -- ар бир Кыргыз жаранынын пикири, колдоосу. Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем. Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал -- коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, биздин элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим. Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар.

Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашыра албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм. Ийгиликтер алдыда. Бар болуңуздар, аман болунуздар!” - деди Өмүрбекова.

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер