Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тыштан карыз алуу эгемендүүлүккө жана ички саясатка таасирин тийгизет”

“Тыштан карыз алуу эгемендүүлүккө жана ички саясатка таасирин тийгизет”

27-октябрь, 10:00
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чет өлкөлөрдөн өкмөттүн насыя, карыз алганына кандай карайсыз? Бул жагынан сын-пикирлер туура эле айтылып атабы?

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:

-- Эгер насыя биз алгандай кайсы бир бөлүгү грант, калганы арзан пайызда болсо, анда жаман эмес. Мисалы, сиз үй алам десеңиз жеке банк аркылуу 18-20% аласыз, мамлекеттик ипотека 6-8-10 пайыз. Жөн эле кредит алам десеңиз банктан 16-18-20 пайызга аласыз. Ал эми биз алган насыя 2% пайыз. Ошондой эле 5-6 жылдык каникулу менен. Ал акчаларды алып, жакшы пайдаланып, туура багытта иштетип, кайра кайтарып койсок болот. Шарттары жакшы насыя алуу экономикага жакшы эле жардам даИриде өзүн-өзү актай турган долбоорлорго жумшасак, мамлекетке пайдасы тийет.

Искендер Шаршеев, экономист:

-- Өкмөттүн тышкы карыз алуусу боюнча сын-пикирлер ар кандай жана ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша. Жалпысынан чет өлкөлөрдөн карыз алуу экономикалык өнүгүүнү колдоо, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, социалдык долбоорлорду каржылоо сыяктуу максаттарды көздөйт. Бирок бул чаралар туура ишке ашырылбаса, же тийиштүү көзөмөл жана эсеп берүү системасы болбосо, ал көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Сын-пикирлер негизинен төмөнкү жагдайларга байланыштуу: өкмөт ашыкча карыз алган учурда аны кайтаруу үчүн бюджеттик каражаттардын көп бөлүгү проценттерди төлөөгө сарпталып калат. Бул экономикалык өнүгүүнү жайлатышы жана келечек муунга оорчулук алып келиши мүмкүн. Көп учурда тыштан карыз алуу эгемендүүлүккө жана ички саясатка таасирин тийгизет. Карыз берген уюмдар же өлкөлр өз шарттарын коюшуп, мамлекеттин ички иштерине кийлигишиши мүмкүн. Эгерде карыз туура колдонулбаса, ал экономиканы чыңдоо максатына жетпей калат. Карыздан түшкөн каражаттар натыйжалуу долбоорлорго салынбай, коррупциянын курмандыгына айланса, мамлекет карызга батат. Эгерде карыз узак мөөнөттүү жана инфраструктуралык долбоорлорго, экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталса, ал келечекте пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, кыска мөөнөттүү чыгымдарды жабуу үчүн алынган карыздар туруктуу экономикалык өсүштү камсыздай албайт. Ошондуктан, карыз алуу туура максаттарга жана эффективдүү башкарууга багытталып, ачык-айкын көзөмөл жүргүзүлсө, ал оң натыйжа берет. Ал эми туура эмес пландоо жана пайдалануу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Сын-пикирлерди эске алуу жана аларды анализдөө мамлекеттин каржылык стратегиясын жакшыртууга жардам берет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер