“Пиарщиктер” жазадан кутулушуп, Равшан Джеенбеков баштаган кайтпастар соттолушса...


“Кемпирабадчы” саясатчыларга, активисттерге карата прокурор өз милдетин улантты. Сот Марат Сыдыковдун актаган чечимине арызданып, экинчи инстанцияга доо арызын жолдогон. Президент маегинде билдиргендей, айып пул төлөтүү же пробацияга алуу чечимдери чыкса керек. Бирок баарынабы? Башында отузга жакын адам айыпталып, камакка алынышкан. Убакыттын өтүшүнө жараша көпчүлүгү үй камактарына чыгышкан. Акыры Марат Сыдыковдун чечими аркылуу баары акталышты. Бирок кийинки процесс шаардык сотто уланары белгилүү. Ошондо кандай чечимди күтөбүз? Биздин баамыбызда, бийлик менен “жең ичинен сүйлөшүп” алгандар жеңил кутулушуп (алардын алды “пиращиктерге” айланышты), Равшан Джеенбеков баштаган артка кайтпастарга, принципке бек тургандарга жаза ыйгарылышы мүмкүн. Саясый күрөш да. Аягы барып туруктуу позицияны кармангандар эл астында жеңишке жетишет. Абройлору көтөрүлөт. Анүчүн убакыт керек. Тарых өз баатырларын баары бир убагы келгенде кастарлап алары шексиз.
"Азия Ньюс" гезити











