Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Электр энергиясына бааларды сөзсүз көтөрүшүбүз керек”

-- Алишер мырза, май айынан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттаганы жатат. Комитеттин жыйыны учурунда министрдин бул боюнча жүйөлөрүн, аргументтерин угуп көрдүңүздөрбү?
-- Негизи раеалдуу караганда, электр энергиясына бааларды барып-барып сөзсүз көтөрүшүбүз керек. Себеби, дүйнөдө, кошуналар арасында дагы эң арзан тариф биздин Кыргызстанда. Эгер ушул темпте кетчү болсок, энергетика министрлиги кризистен чыга албайт. Муну моюнга алуу керек. Булардын деле мурдагыдай бааны бир сомго, же эки эсе көтөрөлү деген ойлору жок. Болгону азыркы 77 тыйынга 23 тыйын кошолу деп жатышат. Кээ бир күндөрү өзүбүз деле айтып атпайбызбы “кымбат болсо да жарык өчпөсүн” деп. Ушу темпте кетчү болсок, бир күнү кризис күчөп, жарык такыр өчүп калышы мүмкүн. Андан көрө бааны этап-этабы менен аз-аздан көтөрүп, жарык болуп турганы жакшы эмеспи.
-- Сиз айткандай, жарык 23 тыйынга кымбаттаганы кээ бирөөлөргө сезилбейт деле. Бирок, ошол эле учурда пенсионерлер, аз камсыз болгондор сыяктуу калктын аялуу катмарлары бар эмеспи. Аларга кандайдыр бир коргоо, жөлөк чаралары да каралышы керек го?
-- Ал жагы сөзсүз каралат. Мисалы, Токтогул районунун тургундарына баа мурдагы тариф бойдон калат. Андан кийин пенсионерлерге, майыптарга өз-өзүнчө жеңилдиктер каралган. Муну көп деле трагедия кылбаш керек. Тескерисинче, биз, эл өкүлдөрү энергетиктерге бут тоскондун ордуна элге түшүндүрүп, энергетика министрлиги да атайын роликтерди даярдап көрсөтүшсө, элибиз түшүнөт. Максат – баарыбыз биргеликте тармакты кризистен алып чыгып кетишибиз керек.