Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Рахман: “Россиянын мыйзамдары күчөтүлдү, биз ЕАЭБдин мүчөсү катары жеңилдиктерди сурасак болот”

Медер Рахман: “Россиянын мыйзамдары күчөтүлдү, биз ЕАЭБдин мүчөсү катары жеңилдиктерди сурасак болот”

26-февраль, 10:30
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси менен маек.

-- Алгач өзүнүз, кызматыңыз тууралуу токтоло кетсеңиз? Миграция тармагына кандайча аралашып калдыңыз? Мигранттардын жашоосун баштан кечирдиңизби?

-- Миграция кеңеши 2020-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун тескемесинин негизинде уюшулган. Курамында Жогорку Кеңештин төрагасы, ЖК депутаттары, миграция жаатына тийешеси бар мамлекеттик уюмдар, эл аралык донор уюмдары, бейөкмөт уюмдар дагы бар. Миграция кеңешинин 37 чоң шаарларда коомдук өкүлдөрү камтылган. Алардын жыйырмасы Россия Федерациясында, кийинкиси Казакстанда, Түркия, Корея, Америка ж.б. Европа мамлекеттеринде. Миграция кеңешинин катчылыгында алты кызматкер бар. Мен өзүм жетекчи катары эмгектенем. Орун басарым жана миграция тармагында тажрыйбалуу төрт экспертибиз иштейт. 

2002-жылы Москва шаарына биринчи ирет жолго чыгып, поезд менен барып келгем. Поезддеги көйгөйлөрдү көрүп, жол бою укук коргоо органдары, чек ара бажычылар менен талашып-тартышып, биздин жарандардын көйгөйлөрүнө күбө болгом. Келе жатканда да үч сутка бою ошондой эле абалда келгем. Ошондо өзүм чечим кабыл алып, “поезддеги биздин жарандардын укугун коргоого мамлекет тарабынан көңүл бурулуш керек экен” деген ойго келгем. Андан кийин кыргыз темир жол ишканасына келип, ал жерде жетекчилер менен сүйлөшүп, эч кандай жыйынтык болгон эмес. Ошондо президент Аскар Акаевге кат жазып, тилекке каршы, анын жыйынтыгын да көрө албадым. 2004-жылы Москва шаарында өзүм аспирантурага окууга тапшырып, түшкө чейин окуп, түштөн кийин кадимкидей мигранттардын жашоосун көрүп, окуунун натыйжасы менен Москва шаарын жана Москва облусун жакшы эле изилдедим. Ошол жол менен миграцияга келип калгам. Андан кийин 2006-жылдан 2007-жылга чейин Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунда алгач техникалык кызматкер, кийин дипломат болуп иштеп, көйгөйлөрдү мигрант катары эмес, кызматкер катары да терең түшүндүм. 

-- Учурда миграцияда жүргөн мекендештерибиздин саны миллиондон ашты. Кыргыз экономикасынын өзөгүн кармап турууга салым кошуп келишет. Бирок ошого жараша көйгөйлөр да аз эмес... 

-- Чет өлкөдөгү мекендештер сиз белгилегендей, өлкөбүздүн экономикасынын өзөгүн кармап турушат. Социалдык чыңалууну да басаңдатып турган фактор катары карасак болот. Ошол себептен миграция маселесин өзүнчө бир социалдык көйгөй катары карабашыбыз керек. 

Башында кыйынчылыктар көп болчу. Азыркы кезде деңгээлдери көтөрүлүп, мурдагыдай 30дан, 40тан жашамай жок. Мекендештердин көпчүлүгү жогорку, таза жумуштарга иштегенге жетишүүдө. Идиш, пол жуугандардын ж.б. кара жумуштун арасынан биздин мекендештерди көрүү азыраак. Бул жүрөк жылытарлык жаңылык. Эми алардын мындан дагы квалификациясын көтөрүп, өнүгүп жаткан Кыргызстанга иштегенге шарт түзүүбүз зарыл.

-- Инвестор катары өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо турган мекендештер да көбөйүп жатканы кубандырат...

-- Биз инвестор десе эле сырттан чөнтөгүнө 100 млн. сом салып келип, “мына сага инвестиция, каалаган жакка иштет” дегенди күтөбүз. Бирок, тилекке каршы, бутубуздун алдындагы мүмкүнчүлүктөрдү көрө албай жатабыз. Өзүбүздүн ички инвестицияга көңүл бура турган мезгил келди. Алар ошол эле биздин мекендештер. Чет өлкөдөн келген мекендештерибиз алды 100 миң долларга чейин алып келип, жумуш ордун түзгөн адамдар бар. Бирок дагы деле алар чачыранды. Ар кимиси өзү менен өзү. Бири-бири менен байланышы жок. Ошолорду бир аянтчага чогултуп, өткөн жылы биздин жардамыбыз менен миграция ассоциациясы түзүлгөн болчу. Ошол ассоциацияга кирип, чоң иштерди алып баруу аракетин кылып жатышат. Ушинтип биригип турсак, “көп түкүрсө көл болот” дегендей, жасап жаткан иштерибиз дагы, инвестициянын көлөмү дагы башкача бир сандар менен көрсөтүлүп, Кыргызстандын жетекчилиги да буюрса көңүл бура баштайт.

-- Россия менен биздин өлкөнүн мамилесине жараша да мыйзамдар татаалдашып, кээде жеңилдеп турат. Учурда абал кандай?

-- Россиянын мыйзамдары барган сайын күчөтүлүп жатат. Бирок бул башка мамлекеттин өзүнүн ички иши. Биз ага киришип, пикир айта албайбыз. Кечээги 2021-жылы декабрда күчүнө кирген мыйзамдар дагы ошондой. Бул жерде эки мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Биринчи – медициналык кароодон өтүү жана мамлекетке келген чет элдик жарандар бир айдын ичинде колдун из манжаларын түшүрүү боюнча милдеттендирилди. “Бул ошол мамлекеттин ички иши” деп карап отура бербей, биздин дипломатиялык каналдар менен ЕАЭБдин мүчөсү катары ошол аянтчада маселелерди карап, жеңилдиктерди сурашыбыз керек. Буюрса аракеттер болуп, жыйынтыктар жакшы. Ошол эле Сахаровада чет элдиктерди убактылуу кармап туруучу жайда из манжаларды алуу боюнча кезектер чоң болгондуктан, ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерге өзүнчө коридор жасап беришти. Бул да бир чоң жетишкендик. Канчалык биз тараптан аракеттер көп болсо, мүмкүнчүлүктөр да кеңири ачылат. Буюрса жакшы иштер алдыда.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер