Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырган Кашкар Жунушалиев коомчулукка дагы жек көрүндү

Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырган Кашкар Жунушалиев коомчулукка дагы жек көрүндү

17-ноябрь, 16:43
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвада дарыланып жаткан полковник Самат Курманкуловго ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барып, “Эрдик” медалын тапшырды. Дээрлик коомчулукта кызуу талкуу жаралып, басымдуу көпчүлүгү министрди сынга алышууда. Адамдын ден соолугу, өмүрү эч бир сыйлыкка татыбайт эй. Таңгаласың. Самат мырзанын ошол оор абалын видеого, сүрөткө тарттырып, медаль тапшырууну шоуга айландыруу керек беле? Бул жагы да чоң катачылык болду. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей эле жорук эмеспи?.. Эске салсак, Кой-Таштагы (7-августтагы) операцияда Кашкар Жунушалиевдин катачылыгы болгону, Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкуловду даярдыксыз жөнөткөнү, өзү баштап барбаганы көп суроолорду жаратып атат го? Ар кандай кооптуу кагылыштарда министр эң оболу өздүк курамдын коопсуздугуна кам көрүүнү биринчи планга коюш керек эле. Тилекке каршы, бу жерде Жунушалиевдин шалаакылыгы, сабатсыздыгы орун алганын атайын эксперттер, адистер айтып келатканына эмнеге көңүл бурбайбыз? Жоопкерчилиги каралып, адилеттүү баа берилбегенине көпчүлүк нааразы болуп атканы кашкайган чындык! Натыйжада, гүлгүндөй болгон 42 жаштагы Самат Курманкулов ден соолугунан ажырап, майып болуп калды. Адам тагдырынын астында кызмат, наам түккө арзыбайт да! 


Тайлак НАЗЫМОВ
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер