Азыр жашоом туңгуюк, кыркка жакындаганда бактысыз болгонумду сездим


Ар бир адам өзүнүн турмушун жазат экен. Ажырашканыма көп эле жыл болду. Үч кызым бар. Бирөөсү өз күчү менен лицейде бекер окуп жатат. Балдарым чоңойгон сайын каалаганын жедирип, кийиндире албай, эми мага кыйын жашоо келип калгандай кыйналам. Өзүм деле жашоодон жыргап кеткен жокмун. Шаарда жашап, тытынып иштейин десем, Бишкекте үйүм жок. Россия да алыс, балдарымды таштап кете албайм. Ким буларды карайт? Карыган ата-энем араң өздөрүн кароодо, аларда да башка неберелер бар. Азыр жашоом туңгуюк. Акча жетпейт. Жетим-жесир болуп отурабыз. Бизге ата-эне, бир тууган да жардам бере албайт экен. Эмне кыларымды билбейм. Кыркка жакындаган аялдын ушинтип бактысыз болгону өкүнүчтүү, өзүмдү сырттан карап бактысыз сезип кетем, боорум ооруйт, ыйлайм. Мындайда психологдун да жардамы жарабас...
Айжан











