Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орусия кумшекерди жана дан өсүмдүктөрүн экспорттоого тыюу салды

Орусия кумшекерди жана дан өсүмдүктөрүн экспорттоого тыюу салды

15-март, 12:07
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө данды экспорттоого 30-июнга чейин жана ЕАЭБдин чегинен тышкары кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин убактылуу тыюу салды. Мындай маалымат Орусия өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.

"Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө данды экспорттоого, ошондой эле кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүүдө. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Данга чектөөлөр 2022-жылдын 30-июнуна чейин, кумшекер үчүн 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Данга тыюу салуу буудайга, арпага жана жүгөрүгө тиешелүү.

"Чечим ички азык-түлүк рыногун тышкы чектөөлөрдөн коргоо максатында кабыл алынды", - деп айтылат орус өкмөтүнүн маалыматында.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер