Шалаакы экс-башкы прокурор оңой кутулуп кеткенин айтып, жыргап жүрүптүр

Сокенин башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов өткөн бийлик учурундагы мыйзамсыз көрүнүштөргө жооп бербей кеткени кандай? Канчалаган коррупциялык иштер, рейдерлик баскынчылыктар, мамлекетти дээрлик талап-тоноого болгон аракеттер, саясый куугунтуктар, деги койчу, санай берсе Сооронбай Жээнбековдун үч жылдык бийлиги Кыргызстанды чылага тыккандай эле образдуу көрүнүштү жаратты. Дал ушул кездерде Өткүрбек Жамшитов ыпластыктарды көрмөксөнгө салып, былтыйып отуруптур. Башкы прокуратура мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, коррупцияга каршы күрөшүү керек эле. Тилекке каршы, ал кызмат абалын шалаакылык менен аткарганы бүгүн байкалууда. Эмне үчүн өткөн иштер боюнча Өткүрбек жооп бербейт? Айрым маалыматтар боюнча, бул эргул “оңой кутулуп кеттим” деп ооз көптүрүп жүргөнү эмнеси?
"Азия Ньюс" гезити