Кайнатам арак ичкен сайын жандүйнөм эзилет, чарчадым...

Турмушка чыкканыма быйыл 8 жыл толот. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Үч балабыз бар, шүгүр, улуусу 6 жашта, кичүүсү 1,5 жашта. Азыр кайната-кайненем менен бирге жашайбыз.
Менин негизги көйгөйүм кайнатам. Ал көп ичет, кээде жумалап запойго кетет. Ичип алса, баарыбыз менен урушат, жаман сөздөрдү айтып, бизди кемсинтет, жаңжал чыгармай адаты бар. Өзүнүн кылган ишин кайра-кайра эскерип, башкаларга шылтай берет. Үйдө дайыма чыңалуу, тынчтык жок.
Бир жылдан ашты, жолдошум экөөбүздүн мамилебиз да сууп кетти. Уруш-талаш көбөйдү, түшүнүшө албай калдык. Акыркы күндөрү жашагым келбей баратат. Балдарды алып кетип, тынчтыкта жашагым келет. Бирок каякка барам? Жашаган жерим жок, иштебейм, балдарым али кичинекей. Жолдошум таксист. Тапканы күнүмдүк тамак-ашка эле жетет. Мага акча бербейт, балдардын кийим-кечесине эптеп урушуп жүрүп араң алам. “Чет жакка барып иштеп кел” десем, көнбөйт. Жалкоолугунан жоопкерчиликти сезбей жүрөт. “Квартирага чыгалы” десем, ага да макул эмес. Кайнатам арак ичкен сайын жандүйнөм эзилет. Тажадым, чарчадым. Эже-сиңдилер, акыл-насаат айтыңыздарчы, эмне кылсам болот? Балдар үчүн чыдайын дейм, бирок жандүйнөм ооруп бүттү...
Элиза
"Азия Ньюс" гезити