Кенесарынын өлүмү


(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)
Келишимдин тексти:
Договор о дружбе заключенный султанами и биями казаков старшего жуза с кыргызскими манапами:
а) 1847 года августа 22 дня. Мы, ниже сего приложившие собственные тамги кыргызовского народа бии, присланные по доверенности народа нашего к пограничному начальнику сибирских киргизов генерал-майору Вишневскому, дали сие условие в том:
1-е. Обязуемся с народом киргиз Большой и Средней орды как подданными Великого Российского Государя жить дружно и в спокойствии, не делать баранты, грабеж и смертоубийства, возникаемые между ними незначительные разборы удовлетворять обоюдно по решению нащим степным законом.
2-е. Проходящим через места наших кочевьев караванам и торговцам не делать никаких притеснений, а напротив оказывать им защиту и по возможности пособие. Условие сие обязуемся соблюдать свято и не нарушим, а в случае малейшего неисполнения мы подвергаем себя гневу Божия.
На подлинном приложили печати: Уметалы Урманов, Джантай Атекин. Тамги: Джалантуш Исхожин и Токтор Каравчинуров (Токтор Каракүчүков арык тукумунда болгон экен. Аны такташ керек. К.Ж.)
Верно: секретарь Иван Яценко
б) 1847 г. августа 22 дня. Мы, ниже сего приложившие печати и тамги султаны и бии Большой орды в присутствии господина пограничного начальника сибирских киргизов генерал-майора Вишневского с манапами и почетными людьми кыргызовского народа заключили между собой следующее условие.
1-е. Обязуемся с кыргызовским народом жить дружно и в спокойствии, не делать баранты, грабежа и смертоубийства, возникаемые между нами разные претензии удовлетворять обоюдно по решению нашими степными законами.
2-е. Если мы нарушим обоюдное наше спокойствие барантою, грабежом, смертоубийством, то подвергаем себя гневу Божию и взысканию по российским законам.
Подписали и приложили тамги: Али Адилев, Акиш Аблаев, Рустем Асфандияров, Сюк Аблаев, Булень Шанхаев, Тувганбай Конгелдин, Ачеке Дайырбеков, Супатай Алибеков, Дийканбай Кобсалов, Сары Алтаев
Центральный государственный архив Казакской Республики. Ф. 374 оп.1 д.1669. л.128.
Согуш бүткөндөн кийин Кенесарынын карындашы Бопуйхан туткундарды бошотуп алууга Ормон ханга келет. Ормон адатынча жигиттерин төрт топко бөлүп, ар бир топко өзүнчө бирдей түстөгү кийимдерди кийгизип, бирдей түстөгү аттарды мингизип, керней-сурнай тарттырып, добулбасын кактырып, жолго килем төшөп, чоң салтанат менен тосуп алат. Муну көргөн Бопуйхан (казакча туура аты Бопай) “сөзгө кулак салбай, адамдын тилин албай, кыргызга бекер катылган экен төрөлөрүм" деп арман кылган экен. Бопуйхан такта отурган Ормондун алдына келет. “Ханым, башым тартуу, казак элим тартуу, өзүм аял болсом да дүйнөдө айтканыңызды орундатам” деп кулдук уруп, чөк түшөрдө Ормондун жансакчысы чөк түшүрбөй кармап калат. Ормон кулдук урдурбай коёт. Бопуйхан сөзүн улайт: “Ханым, хан колуна хан түшсө, хандын жүзүн хан көрсө, казак-кыргыз салтында ханга өлүм жок деген. Сатууга салып, наркын берип, төрөлөрүмдү аман-эсен кайтарып бериңиз!” дейт. Ормондун жанында отурушкан сакалдуу-көкүлдүүлөр обдулушуп, “төрөлөрү өз жазаларын алышып, эбак эле баштары кесилгенин” угузушат. Бопуйхан агаларынын өлгөнүн кайратынан жазбай, турган турпатынан кебелбей туруп угуп, Ормонханга дагы кайрылат: “Өлгөн жандар өлүптүр, калган жандар калыптыр. Эми калган жанды кор кылбай, баш жыюуга мүмкүндүк бекен, ханым?” дейт.
Ормон хан олуттуу жай отуруп жооп кылат: “Илгертеден кыргыз-казакта элчиликке эр келчү эле. Мейли эми, кайратыңызга биз ыраазы, келип калыптырсыз, зайыптык кылбай сөзүмдү тыңдаңыз! Мен казакка барганым жок, калкын чаап алганым жок. Төрөлөрүң бейкут жаткан элге өздөрү келип катылды, катын-бала, кемпир-чалына карабай кырып, үйлөрүн өрттөп, күлүн көккө сапырды. Төрөлөрүң өздөрү келип, өз жазасын алышты. Өлгөн кыргызга толуктап туруп кунду бер! Тирүү калган казактарды сатууга салам, анысын да төлө” деп Ормон өз шартын айтат. Бопуйхан Ормондун шартын кабыл алып, согушта набыт болгон ар бир кыргызга кун төлөп, туткундарын сатууга салып бошотуп кетет. Кыргыздар Кенесарынын ээр токумун жана башка буюмдарын да беришкен. Бирок салт боюнча согуштук курал-жарактарын беришкен эмес. Кенесарынын мылтыгы Жантайга тийип, кийин аны Колпаковскийге белекке берген. Ал мылтык бир нече жолу бүткүл россиялык курал-жарак көрсөтмөлөрүнө коюлган. Ошол жылдын жай айында кыргыз эли бул согушта шейит кеткендерге арнап, кыргыз-казагына карабай Ысык-Көлдө жалпы чоң аш берип, куран окутушкан. Ага казак туугандарды да чакырышат. Бул гумандуулуктун туу чокусу болсо керек. Кечээ эле “кыргызды тукум курут кылам” деп айылдарын жер менен жексен кылып, бешиктеги балдарына чейин акылга сыйбаган мыкаачылык менен кырып, тирүүнү мындай кой, арбактардын көрүн ачып, сөөктөрүн талаага чачтырган баскынчыларды жеңгендиги үчүн “жеңиш күнүн” майрамдашпай, кайра аларга куран окуткан. Ошентип, ата-бабаларыбыз биз сыймыктанарлык жашап өтүшкөн тура...
Эрдиктин үлгүсү болгон Жамангара, Самак, Баястан, Сейит, Дайырбек, Калча ж.б. баатырлар жөнүндө эч бир окуу китептерде окутулбаса да, эл оозунда азыркыга чейин сыймык менен айтылат. Чыныгы элдик баатырлар деген ушулар да. Туткунда болгон казак жоокерлери кыргыздар менен достошуп, кетеринде кыргыздар аларды аттап-тондоп узатышкан. Кыргыз баатырларын тирүүлөй кескилеп, бөйрөгүн сууруп, балдарын ата-энесинин көзүнчө казанга кайнаткан күнөөлүүлөр "өз жазасын алды" деп, жалпы казак элине кек сакташкан эмес. Мурдагыдай эле кыз алып, кыз беришип, кою короолош, эли жоролош болуп ынтымакта жашай беришкен.
1985-жылы Жаманкара баатырдын айылы Кайырмадан бул согушту дастан сыяктуу кылып айткан Сарлык деген адамды жолуктургам. Ал дастан "Ормон хан" же "Жангарач бий" деп аталбастан "Кенесары, Ноорузбай" деп аталган. Бул кыргыз элинин, душманынын да эрдигин баалай билген, ичтерине кеткен арманын сезе билген, акылман эл экендигин айгинелейт. Чоң аш-тойлордо кыргыз-казак ырчылары айтышканда бул теманы козгоп калышса, ырчыларды токтотуп коюп турушкан (цензура ошондо эле болгон тура). Мисалы 1850-жылы Алыбайдын ашында атактуу Катаган ырчы менен Сүйүнбай айтышканда, Катаган ырчы: "Кенесары, Нооруздун башын кесип алганбыз" деп ырдап келатканда эле калыстар токтотушуп, байгени Сүйүнбайга берип коюшкан. Андан эки жыл өткөндөн кийин Сүйүнбай Арстанбек менен айтышканда, Сүйүнбай: "Жайылыңды жайраган, Садырдын шорун катырган" деп ырдагандан кийин Арстанбек да ага карата жообун айткан. Ошондо калыстар дагы токтотуп, байгени экөөнө тең бөлүп беришкен.
Арыстанбек менен Сүйүнбайдын айтышы
Басынтмак болгон казакты,
Эсенгулдай манапты,
Коёндой кууп качырган,
Кашкарды карай ашырган.
Садырдын шорун кайнаткан,
Жайылыңды жайраткан, - дегенде кезекти Арстанбек алып, кыргыз казак илгертен бир тууган боордош эл болгондугун ырдып келип:
Абылайдын тукуму
Кенесары, Норузбай,
Кесирлүү чыкты чоюштай,
Коңшу жаткан кыргызды
Жөн жайына коюшпай
Кылычын канга кындаган,
Кушчуларды жайлаган,
Арам калмак тукуму
Кимге азап салбаган,
Бейкапар жаткан кыргыздын
Шейит болгон баатыры,
Жесир калган катыны.
Малын жыйып айдаган,
Албаганы калбаган,
Кыз-кыркынын ыйлаткан,
Кемпир-чалды сыздаткан.
Тирүүнү мындай коёлу,
Түрү бузук капырың
Арбакка да кол салган,
Эшкожо менен Канайдын,
Көрүн бузган далайдын.
Бей-бечара ыйлаган,
Бейопа жанын кыйнаган,
Айбандын ишин жасайм деп,
Акыры чыкты мазасы,
Кенесары, Норуздун
Кыргыздан жетти казасы.
Алардын кылган иштери
Аллага кантип жөн болду.
Кене менен Норуздун
Кылганы журтка жеткенден,
Ыза, кордук өткөндөн,
Ормон колду баштаган,
Опсуз көпкөн Кененин
Башын кесип таштаган.
Норузбайдай баатырдын
Жүлүнүн жулуп сабынан,
Жүрөгүн сууруп кабынан,
Журтка өткөргөн зары үчүн,
Шейит болгон жан үчүн,
Кемпир-чалдын ыйы үчүн,
Талкаланган жер үчүн.
Талоонго түшкөн мал үчүн,
Ойрондолгон үй үчүн,
Олжолонгон кыз үчүн,
Жаманкара каны үчүн,
Мазакталган көр үчүн.
Угуп тургун калайык,
Кийинки биздин урпакка,
Арстанбек сөзү ылайык.
Эки эл жоолашса,
Элдештирер бий болот.
Зордун түбү зор болот,
Зоболосу чоң болот.
Чегинен чыкса ашынып,
Чеңгелинен кан чыгып,
Зордуктун түбү кор болот.
Баркташып эл менен жүргөндүн,
Таажысы түшпөйт башынан
Тактысы кетпейт астынан.
Башына келип бак конот,
Кашына келип журт конот.
Жогорку ыр саптарындагы "Арам калмак тукуму" деп Кенесарынын түпкү атасы Чыңгызхандан тарагандыгы туурасында айтылып жатат. Эки ырчынын ортосунда кырдаал тереңдеп баратканын сезген калыстар бул жолу да токтотушуп, байгени экөөнө тең бөлүп беришет.
Бирок Россиянын курамына кирген казактар менен тынчтык келишими түзүлсө да, Кокондун курамындагы казактар тирешүүсүн уланта беришкен. Кенесарынын балдары атасынын кунун кууганы, ошол кезде Коконго караган казак, кыпчактардан көп кол жыйнай башташат. Натыйжада 20-30 миң кол топтолуп, Чүй суусунун боюндагы Авлиета деген жерде тургандыгы, кыргыздар аларга каршы согушууга камданып көп кол топтолгондугу туурасында: “Между тем, сарбазы, чудом спасшиеся во время кровавого сражения с кыргызами, благополучно достигнув Аулие-Аты и других районов, вели неустанную агитацию среди казаков собрать новое войско, начать поход на кыргызов, отомстить за смерть хана Кенесары. Для этой цели они старались использовать даже кыпчаков. Число “кыпчаков-киргизов”, кочевавших в окрестностях Аулие-Аты, достигало 20-30 тыс. человек” дейт. Же “казаки Семиречья, несколько оправившись от тяжелых последствий последней битвы в урочище Май-Тобе, чувствуя плечо поддержки кыпчаков, предъявляли иск кыргызским манапам, добиваясь возмещения куна за смерть хана Кенесары. Одним из тех, кто требовал этого более решительно, был батыр Саурык” [18]. (Казак Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинин шифры Ф. 374. Оп. 1. Д. 2920. Л. ЗЗ об. 34).
Бирок, Кенесарынын уулдарынын негизинен кокондук кыпчактардан куралган сегиз миң аскери кыргыздар менен алгачкы беттешүүдөн кийин эле чегинип кетишкен. Бул туурасында казак тарыхчысы профессор Ж.Касымбаевдин “Хан Кене” монографиясында да айтылат.
1847-жылы 17-ноябрда сотник Абакумовдун Н.Ф.Вишневскийге жиберген рапортунда: “По собранным сведениям узнал я, что кыпчаки в числе 8 тысяч человек с сыном Кенисары пришли к черным киргизам требовать у них пленных, захваченных с Кенисарою равно и самих на верноподданство, на что сии последние решительно отказали, но боятся их многочисленности, особенно манап Джангарач, кочующий ближе к Ташкению...”.
Ал эми Жантай Карабек уулунун 1848-жылы 10-сентябрда Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жазган катында: “Между тем кипчаковцы с большим ополчением прибыли для завоевание нас, но я, соединясь Урман-Батырем (Ормон – К.Ж.), и вообще черные киргизы, восстав против врагов, отразили их оружием, и они без всякого завоевание удалились. Потом осенью, еще со всех сторон собрав войско, покушались они напасть на нас для отмещения за убитых у них в первой битве людей, после того слышали мы, будто они, еще собрав войсо, выступили из своих пределов, но, услыхав, что со стороны Бухарии открываются враждебные действие, пошли они стороны Хоканда”. Кенесарынын уулдары атасынын кунун кууп келишип, жеңилип калышкандан кийин Кокон ханынан кайрадан жардам сурап кайрылышкан. Кокон ханы болсо жакында Кыргызстандын түндүгүнө өз бийлигин кайрадан калыбына келтирүү үчүн кеңири масштабдагы жортуулга даярданып аткандыгын, Кенесарынын уулдарын жыйнаган колу менен бирге ошол жортуулга кошо ала барарын убада кылат. Бирок, ошол учурда Бухара эмири менен кырдаал курчуп тургандыгына байланыштуу жортуул улам кийинки жылга жылдырыла берип, 1851-жылы (түндүктөн орустар жакындап келаткандыгына байланыштуу болсо керек) Кенесарынын уулдарынын дооматтары солгундайт. Орустар болсо кыргыздар менен кокондуктардын кырылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышкан.
Бул туурасында Сибирь чек ара башкармалыгынын башчысы генерал Н.Ф.Вишневскийдин 1847-жылдын 31-декабрында Ормон ханга жазган катында: “Надеется на храбрость Вашу и уверен, что победители Кенесары одержит верх и в этой борьбе с новопришельцами, для чего желает успеха и даже в случае крайности постарается оказать помощь” дейт. Ошентип, Россиянын букаралыгына кирген казактардын өкүлдөрү 1847-жылы 22-августта тынчтык келишимине кол коюшканы менен Коконго караган Олуя-Ата, Чимкент, Ташкент, Сыр-Дарыя казактары жана аларды колдогон кыпчактар 1851-жылдарга чейин тирешүүлөрүн уланта беришкен.
(Уландысы бар)
Кадырбек Жекшелаев, тарых изилдөөчү
"Азия Ньюс" гезити











