Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Малдан салык алуу мыйзамына каршы пикиримди билдирем”
-- Аманкан Батырбекович, сиздердин бир кесиптештериңиздер мал-жандыктан салык алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатыптыр. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Мен комитеттин төрагасы катары айтсам, бул туура эмес. Мыйзам долбоорун сунуштаган кесиптешибизден сурасак, “бул салык байлар үчүн” дейт. А байларды кантип эсептеп чыгабыз? Бул жагын да карап көрүш керек. Анткени, “100 малдан көп болсо салык салалы” деп атат. Дыйкан чарба маңдай тери менен тапкан малга салык салганыбыз туура эмес деп эсептейм. Өзүмдүн каршы пикиримди билдирем. Малды жалаң дыйкан чарбалар өстүрөт. Ошону да караш керек. Бизнесмендердин малы болсо, ал өзүнчө кеп. Аны мамлекеттик тийешелүү органдар текшерип, мүлкү боюнча декларациясына салыштырып карап чыгуулары абзел.
-- Анда ал долбоор агрардык саясат комитетине келе элек турбайбы?
-- Азырынча бизге келе элек. Бирок, кесиптештерибиз сунуштап жатышат. Келгенде комитетте талкуулап, ошол жерде кесиптештер менен чогуу чечим кабыл алабыз. Өзүмдүн оюмду дагы бир жолу айтып кетейин, мен бул демилгени туура көргөн жокмун, кесиптештеримдин да бир тобу туура көрбөй жатышат. Жер-жерлердеги шайлоочуларыбыз менен жолугушуп, сүйлөшкөн учурда алардан да “туура эмес” деген сөздөрдү угуп жатабыз.