Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биялы бийдин Үркүндө суусамырлыктарды сактап калганы

Биялы бийдин Үркүндө суусамырлыктарды сактап калганы

01-сентябрь, 21:04
1 575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саяктар Биялы бийди акылман кеңешчи катары санашчу. Аны атынан чакырбастан жөн гана бий-аке деп кайрылышчу. Ал бий экендигине манчыркачу эмес. Бардыгына бирдей мамиле жасачу. Адамдар ага көңүлдө ыйык сакталган сырларын айтып, тең бөлүшчү. Ошону менен катар зор мейкиндикте бардык тарабынан курчалып турган өрөөн аларга бүтүндөй бир падышачылыктай көрүнгөн сыяктуу сезилип, бийге алардын аягы суюлбай келип турган.

Бир күнү ага анын жактырган адамы, тилинен бал тамган, көптөгөн элдик уламыштар менен легендаларды билген, жолуке уурусунан чыккан Ырысалы чечен келип калат. Аны менен маектешүү бий үчүн абдан кызык эле. Ырысалы акылман, көптү билген кызыктуу маек кура билген адам. Анын бардыгын билгендиги бийди таңкалтырчу, Ырысалы Суусамырдын саяктарынын жаңы кабарларын биле турган, өрөөндүн ар бир саягына мүнөздөмө да бере алчу.

Маектешүүчүлөрдүн көңүлүн алыстан келе жаткан жоон топ – жарымы атчан, жарымы жөө жалаңдап келе жаткан адамдар бурду. Жоон топ жолдон кошулган адамдар менен улам көбөйүп отуруп, бийдин бозүйүнө жакындай берди. Алардын жүздөрүндө кооптонуу бар эле. Мындайды бий эч качан көргөн эмес. Ырысалы дагы эмне болуп жатканын түшүнө алган жок. Эки атчан жоон топтон бөлүнүп, Биялы бийдин айылын карай чаап жөнөдү. Биялы бий менен Ырысалы ордуларынан туруп, чабармандарды карай утурлай басышты. Эки жигит чаап келген аттарынан ыргып түшүп, бий тарапка тез эле жетип келишти. Алардын кабактары бүркөө эле, абдан эле чочулап алышкан. Биялы бий жана Ырысалы менен учурашкан соң, алар болуп өткөн окуя тууралуу, саяктардын бири жакында Чүй өрөөнүндө болуп, ал жактан суук кабар алып келгендиги тууралуу шашып айтып башташты. Ал жактагы кыргыздар орустар менен уруша баштаган. Чүй тараптан келген адам кыргыздар тегирменчи орусту бала-чакасын кошуп кантип өлтүргөндүгү тууралуу айтып келген. Анын кебине караганда, орустарды өлтүрүү жана туулган жерден кууп чыгуу чечими кабыл алынгандай. Саяктар сегиз орусту туткундап, алардан өч алуу маселесин чечүү үчүн сизге алып келе жатат деген кабарды бийге угузушат.

Биялы жана анын жанындагылар жигиттердин сөзүн угуп, келе жаткан жоон топту күтүп калышат. Бозүйдөн аялдар менен балдар чыгат. Жадагалса байбичелер дагы бийдин бозүйү тарапка басышат. Эл тез эле топтоло түшөт. Суусамырлыктардын буга чейиинки жашоосунун чен өлчөмү бузулгандай бардыгы кооптонуп алган. Атчандар менен жөө адамдардын кыжырданган жоон тобу бозүйдүн жанында чогулган элге жакындап келип токтоду. Биялы бий менен анын жанындагы аксакалдарга топтон суурулуп чыгып Сасыкулдун уулу Карабек келди. Карабек саяктардын ичиндеги куйту адам эле, аны “эл бузар” деп атап коюшчу. Анын кыска муруттуу май баскан бети бийдин кыжырын келтирди. Карабек дайыма чагым чыгарып, элди жикке бөлүп жөн жүрчү эмес. Бардык конфиликттер менен чыр-чатактын чордонунда болуп, анабашы эле. Эл ага ишеним арткандай, өтө сыймыктануу менен кырдаалды жогорку деңгээл менен түшүндүрүүгө киришти. Анын сөзүнө караганда, Чүй өрөөнүндө солтолор менен сарбагыштар дини бөлөктөрдү бирден жок кыла башташты. Аларды жер үстүнөн тыптыйпыл жок кылып, биздин жерден кууп чыгуучу күн аз калган сыяк. Карабек атайы катуу сүйлөдү. Элдин атынан сүйлөп жаткандай, алардын жолбашчысы сыяктуу түр көрсөттү. “Суусамырда орустар бар экендигин билип, ал туугандары менен бирдикте аларды туткунга алып, куралсыздандырып, сиздин алдыңызга алып келдим, урматтуу бий, бардык саяктардын көзүнчө аларды өлүм жазасына буюруу үчүн сиздин уруксатыңызды сурап келдик. Биз, саяктар, бардык элден четте калбашыбыз керек. Бөтөн диндеги булардын башын алсак, биз, Суусамырдын саяктары эртең башка уруулардын жана туугандардын алдында башыбызды жерге салбай көздөрүн тике карайбыз. Биз ошондо капырлардан өз жерибизди бошотууга өз салымыбызды коштук деп тайманбай туруп айта алабыз” деп сөзүн бүтүрдү да, жардана карап турган элден колдоо күтүп, аларды бир сыйра карап өттү. Бирок, адамдар үндөбөстөн турду. Алардын сүрдүү жүздөрү бейкүнөө адамдарды өлүмгө тартуунун зарлдыгы тууралуу айтылган Карабектин сөздөрүнө түшүнбөй тургандай элес калтырды. Суусамырлыктардын көзүнчө бир да адам эч качан буга чейин эл алдында өлүм жазасына тартылган эмес. Жымжырттык өкүм сүрдү. Бардыгы бий эмне дейт экен деп күтүп турду...

Биялы бий үчүн болуп жаткан окуя күтүүсүздүк эле жана чектен чыккан көрүнүш болчу. Ал өтө тынчсызданган абалда эле. Чындыгында эле ал Карабек талап кылып жаткан өлүм жазасына эч кимди тартып көргөн эмес. Жарданган эл анын чечимин күтүп жатты.

Биялы бий сөзүн алгач бул адамдардын күнөөсү эмнеде, эмне үчүн биз аларды өлүм жазасына тартышыбыз керек деген суроодон баштады. “Суусамырлыктар үчүн булар эмне жаманчылык кылды? Эгер алардын кандайдыр бир күнөөсү болсо, келгиле анда талдап текшерүүгө алалы. Бул жерде биздин уруунун аксакалдары отурат. Бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө орустун гана мыйзамы эмес, байыртадан бери келеткан биздин элдин адаты да жол бербейт. Мындан сырткары, Кудайдын соту бар! Биз бейкүнөө адамдарды өлтүрүү сыяктуу чоң күнөөнү мойнубузга алалыбы? Биздин алдыбызда биз сыякатуу эле тирүү адамдар турат. Алардын да үй-бүлөсү, балдары бар. Адам өмүрү Жараткандан белекке берилген. Ал жогорку баалуулук болуп саналат. Өмүр ыйык!

Же биз бул бечараларды орус болгону үчүн, көздөрү башка түстө болгону үчүн, башка динде болгону үчүн өлтүрөлүбү? Айткылачы, менин уруулаштарым, ак падышанын бийлиги бул жерде – биздин Суусамыр жергебизде эмне жаманчылык кылды? Дарыгерлердин келгени жана силерди дарылагандары эмне жалганбы? Степандын силердин балдарыңардын сабатсыздыгын жоюп окуткандыгы жалганбы? Же алар кокондуктардай силердин малыңарды тартып алдыбы? Сарбаздар сулуу кыздарыңарды алып кетпесин деп катканыңарды унутуп калдыңарбы? Эгер андай болсо, мен силерге муну айтып коёюн, ак падыша зор мамлекеттин башында турат. Анын армиясы, замбиректери бар. Эгер алар эртең келип, жарандарынын өлүмүнө жооп берүүнү талап кылса, бул үчүн ким жооп берет? Мага Чүй өрөөнүндө падышага солтолор менен сарбагыштардын бардыгы каршы чыкпагандыгы белгилүү. Эмне үчүн коңшуларыбызда – Кетмен-Төбө менен Таласта тынч? Же биз дагы башка жерде адамдар өлүп жаткандай өлүмгө баралыбы? Аскерге чакырып жатканы түшүнүктүү. Дагы көп нерсе түшүнүксүз. Ошондуктан, келгиле күтө туралы. Алды-артын карабастан иш кылбайлы. Ал эми кармалгандарга келсек, менин чечимим бирөө гана. Биздин адамдарды өлтүрүүгө, болгондо да бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө укугубуз жок. Мен дагы бир ирет кайталайм, өмүр ыйык! бий сөзүн өтө катуу айтты.

Чогулгандар бийдин сөзүн жактап, күүлдөй түшүштү. Аксакалдар колдогондой баштарын ийкешти. Эч ким бийге каршы чыккан жок. Адат боюнча анын чечими талкууга алынмак эмес. Саяктардын күрүчбек уругунун акылман лидеринин кадыр-баркы жогору эле. Эл бийдин чечиминин адилеттүүлүгүнө жана тууралыгына бул гана жолу ынанып жаткан жок. Бирок, чындыкты айта кетиш керек, айрым аңкоо адамдар адеп-ахлак жана жөнөкөй адамгерчилик жөнүндө ойлонбостон суусамырлыктар үчүн болуп көрбөгөн окуяны – адамдарды өлүмгө тартууну көрүүнү күтүп турушкан. Сабатсыз жана ой жүгүртүүсү Суусамырдын чегинен ашпаган бул адамдар бейкүнөө адамдарды, алар кайсы гана динде болбосун өлүм жазасына тартуунун аягы кандай болоруна көздөрү жетип ойлоно алышмак эмес.

Кооптонуп турган орустар аларды өлүм жазасына тартпай тургандыгын билишкен соң, маңдайлары жарыла кубанышты, бирөөлөрү көзүнө жаш алды, ал эми сакалдуурак бирөөсү чөгөлөп тизелей калып колдору менен жүзүн жапты. Бийдин жакын адамдарынын, күрүчбек уругунун аксакалдарынын бири Баракан Байбосунов туткундарды өзүнчө бозүйгө жайгаштырууга жана тамак берүүгө буйрук алды.

Биялы бийдин бозүйүнө уруу аксакалдары чогулду, бул жерде волостук старшина Түркмөн Сарпеков да бар эле. Бардыгы бийдин чечимин бир добуштан колдошту жана чагымчыл иш-аракеттерге карабастан суусамырлыктардын ичинде тынчтыкты сактоо керектигин айтып чыгышты. Уездик борбордун жолундагы Чүй өрөөнүндө жергиликтүү калктын өч алуу коркунучу сакталып тургандыктан, Суусамырдагы орус туткундарын Кетмен-Төбө жана Анжиян аркылуу Ташкентке жөнөтүү чечими кабыл алынды. Алар коштоп жүрүүчүлөр менен камсыз кылынып, азык-түлүк берилди. Волостук старшина уездик башкармалыкка окуя тууралуу маалыматты жеткирүүгө милдеттенме алды.

Бир аз убакыт өткөн соң Суусамырга падышанын аскерлери келди. Отряддын командири Биялы бийге честь берүү менен орус адамдарынын өмүрүн куткарып калгандыгы үчүн Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун атынан алкыш жарыялады. Аскерлердин командиринин сөзүнөн көрүнүп тургандай, аларга бул факт тууралуу белгилүү болгон, ошондуктан, алардын Суусамырдагы өрүү кылуусу тынч өткөн.

Командирдин отрядында аларды коштоп жүргөн бир нече кыргыздар бар эле. Алардын бири таасирдүү манап, Талас өрөөнүндөгү кушчу уруусунун башчысы Кызылбаш Кудайберген болчу. Таласта атактуу эки адам мындай ысымды алып жүргөн. Аларды айырмалоо үчүн бирин Кызылбаш Кудайберген, башкасын Карабаш Кудайберген деп аташчу. Бийалы бий Кызылбаш Кудайбергенди таанычу. Ал Жумгалдын волостук башчысы Мырзабектин досу эле. Алар кезек-кезеги менен жолугушчу, анткени, Таластан Чаекке, же Чаектен Таласка Суусамыр аркылуу каттай турган. Кызылбаш Кудайбергендин Манастын мекениндеги кадыр-баркынын жогору экендиги талашсыз эле. Дал ошондуктан ал Таластагы кан төгүлүүнү токтотуп калууга жетишкен.

Кудайберген Биялы бийге жолукпай кете алмак эмес. Бул жолу ал көтөрүлүшкө чыккан сарбагыштардын оор тагдыры тууралуу кеп салып отурду. Замбиректер жана мылтыктар менен куралданган орус аскерлерине союл жана айры менен каршы чыккан жүздөгөн мекендештерибиз өлдү. Башкысы эмне үчүн? Элди сактап калыш керек деди. Кудайберген Таластагы элди орус кыштактарын кыйратпоого, орус дыйкандарын жана алардын аялдарын, бала-чакасын өлтүрбөөгө кантип ынандырганын айтты. Эми Канатты эч кимге кереги жок согушту токтотууга ынандыруу ниетин билдирди.

Биялы бий дагы сегиз орус туткунун кантип өлүмдөн алып калгандыгы тууралуу Кудайбергенге кеңири баяндап өттү, мейманды узатып жатып ак жол каалап, кочкорлук бир туугандарды куралданган аскерлерге каршы чыгуудан, майнапсыз согуштан баш тарттырууну, өлүмдөн адамдарды сактап калуунун зарылдыгын каалады. 


Кемелбек КОЖОМКУЛОВ, тарыхчы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер