Тажиктердин ок атканына Масадыков маанилүү сөз айтмак турсун, “маарап” да койгон жок


Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Азия чөлкөмү боюнча адис катары сыпатталып, макталып калчу. Убагында пиарщиктери көтөрө сала алкашса, өзүнүн да тили буудай кууруп, сайраган жагынан “көркүнө” чыга калчу эмес беле? Бирок реалдуу ишке келгенде алардын бири жок, мышык сымалындай бүрүшүп калган образын кантебиз? Казакстандагы коогалаңда, кийин Баткенде тажиктердин ок чыгарган жоругунда Масадыков маанилүү сөз айтмак турсун, “маарап” да койгон жок. А эмнеге чечкиндүү кадамдарга барууга, караңгыдан көз табууга жараган жок? Таңгалгандар арбын. Айрым билермандар “Масадыковдун мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жетишсиз, эл аралык уюмдарда котормочулук иш кылган, өз алдынча чечим кабыл ала албайт...” деп айткандары бекер жерден эмеспи? “Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз...” дегендей, Таалатбек мырза таасирдүү фигура катары жарай албады, жай турмушта тек гана кооз сүйлөгөндү билет тура. А эл башына күн түшүп, кооптуу кезең башталганда таппай калат экенбиз. Кызматын качан тапшырып кетет?
"Азия Ньюс" гезити











