Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Кечээ келген бийликти жарга такап, “эртең кет” деген болбойт да”

Сабыр Муканбетов: “Кечээ келген бийликти жарга такап, “эртең кет” деген болбойт да”

28-март, 21:29
1 209 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Салам Сабыке! 24-март элдик революция майрамың менен куттуктайм! Кандайсың досум?

-- Өзүңдү да куттуктайм, бирге болсун. Майрам болобу анан, болуп атыптырбы?

-- Болбосо, болтурабыз Сабыке. Башка жакта болбосо да бизде болот да. Кетпе, бир аздан кийин баштайбыз. Андан көрө кеп сал. 24-март, 7-апрель, 6-октябрь революция күндөрү, анан дагы бир 20-30 жылда 8-9 төңкөрүш кылсак, ошондо ай сайын революция күнүн майрамдап калчудайбыз. Революция күнүн белгилөөгө, деги эле ушу революция, элдик көтөрүлүш дегенге кандай карайсың?

-- Ажыкыстанмайыңды баштадыңбы? Ай сайын эмес, күн сайын майрам болсо, эмне, сен экөөбүзгө жаманбы? Андай болсо кана, анттирбейт го? Ондон ашык Конституция алмаштырдык, кана ар айда майрамдаганыбыз? 5-майды эле берип койду го? Революция көбөйүп кетсе деле бир жылда бир күндү белгилеп калсак керек. Мен мисаалы, Аксы окуясы болгон күндү, 17-мартты сунуштайт элем. Эл өз тагдырына кайдыгер болбой, ойгонуп, бийликтин ээси ким экенин эске салып, эсирген бийликке ачык сес көрсөтүп, эркиндик үчүн кан төгүү болгон күн эмеспи.

Эми элдик көтөрүлүш тууралуу... Спартак жетектеген кулдардын көтөрүлүшүнөн бери эле бийлөөчү таптын башкаруусу, адилетсиздиги жанына баткан карапайым эл ар дайым көтөрүлүп (сарайдагы бийлик талаш, путч эмес), көпчүлүк учурларда жеңилүү ызасын тартып, кырылып, катуу жазага тартылып, дарга асылып, атылып, басылып, убакыттын өтүшү менен кайра жанданып, көтөрүлүп, не деген кандуу көтөрүлүштөр болуп келе жатканын тарыхтан билебиз. 

Ар бир төңкөрүштөн кийин кээде аз, кээде кардиналдуу түрдө коом өзгөрүп, тазалануу, жаңылануу жүрүп, эл каршы чыккан бийлик алмашып, кеткен бийликтин жосундарынан арылуу жүрөт эмеспи. Көбүнчөсү “жеңдик” деген учурда деле жыйынтыгы көңүлдөгүдөй чыкпай, жеңиштери уурдалып кетет. Ошого карабастан, экономикага айрым учурда терс таасири болоруна да карабастан, кандай деген күндө да, бул элдик көтөрүлүш дегенди мен ар дайым позитивдүү иш-аракет катары баалайм. Анткени элдин көксөөсү сууп, пары чыгып, кычуусу канып тынчтанат да, кандайдыр бир деңгээлде жашоонун жаңы этабы башталып, өнүгүүгө шанс берилет. Революция деген сөздү которгондо “кескин бурулуш” деген эле сөз экен. Андыктан, “я всегда за революцию! Давай, майрамды баштайлы!” деп койбоюмбу...

-- Сабыке, “элдин көксөөсү сууп, пары чыгып тынчтанат” дедиң. А бизде мына күздө элдик көтөрүлүш болуп, бийлик алмашты. Тынчтанбай атабыз, митингдер болуп, нааразычылыктар көбөйүп баратат. Муну кандай түшүндүрүүгө болот, кычуубуз канбай калдыбы ошондо?

-- Биз, кыргыз эли кыска мөөнөттө үчүнчү ирет бийлик төңкөрүп атабыз. Кычуубуз канбай атканы да бар. Себептери көп. Бирок негизги себептери катары мен мурдагы эки элдик көтөрүлүштөгү “жеңиш уурдалды” деген жыйынтыкка канааттанбай, унутулбай, жүрөгүбүздө турганын; эми бул көтөрүлүштөн кийин дагы ошондой болуп калбасын деген чочулоо күч экенин; ага кошумча 6-октябрдагы элдик көтөрүлүштүн жыйынтыктарына да канааттанбагандык бар экенин; жаңы келген бийликтин айткандары менен кылган ишиндеги шайкештиктин аздыгын; убадалардын аткарылбай жаткандыгын; ошондой эле президенттик шайлоонун артынан удаа келген жергиликтүү жана парламенттик шайлоо кампаниясына байланыштуу саясый күчтөрдүн катуу активдешип жатканын айтар элем. 

Ал эми Жерүй кени, Камбар-Ата-I ГЭСи, кыргыз-өзбек жери аркылуу өтчү темир жолу, чек ара маселелери, Конституция алмаштыруу, коррупцияга каршы күрөш, кадр саясаты, камакка алуулар сыяктуу көптөгөн маселелер – булар албетте, мамлекеттеги саясый туруктуулукка тикелей таасир бере турган олуттуу маселелер. Бирок ошого карабастан, ушул шайлоо саясый өнөктүктөрүнүн көркүн чыгара турган риторика экени да талашсыз. 

Мындай проблемалар ар дайым болуп келген, боло берет. Бул маселелер шайлоодон кийин унутулуп калат дегенден алысмын, мынча болбосо да, ар дайым көтөрүлөт, айтылат, бирок шайлоолордо көйгөйлөр апогейине жете айтылат. 

Маселени көтөрүш керек, айтыш керек, бийлик чечиш керек, чече албаган бийлик кетиш керек. Бирок кечээ келген бийликти жарга такап, “эртең кет” деген болбойт да. Мыйзам бар, шайланган убакыты, мөөнөтү бар. Ошого чейин айтып туруш керек, сындап, чыдап, бирок күтүш керек да. 

Анан антпей, жыл айлантпай эле куушмай ойноп, ар келген бийликти кубалай берсек, ким чыдайт, ким иштейт? Иш болобу, ар күн сайын эле портфель бөлүштүрмөйдөн кол бошобой жатса? Эл аралык коомчулук эмне дейт? Бизди ошондо ким мамлекет катары тааныйт? Бул өтө кооптуу, коркунучтуу маселе, эл болуудан калып, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажыроого кептелишибиз мүмкүн. Мен ошого байланыштуу бийликти да, бийликке умтулуп аткан баардык саясый күчтөрдү, саясатчыларды сабырдуулукка, терең ойлонуп кадам таштоого чакырам. “Ойлонолу туугандар, биз болбой баратабыз!” деп эскертээр элем.  

-- Конституция-ханституция маселесине да кыскача токтоло кетели. Президенттик башкаруу системасына ылайыкталып жазылган Башмыйзам өлкө ичинде жана да  Венециия комиссиясы тарабынан сынга кабылып жатат. Сунушталган долбоордогу мүчүлүштүктөр тууралуу эмне айтасың?

-- Эчтеке айтпайм. Өткөндө силердин гезитке конституциялык реформа тууралуу кеңири маек бергем. Мен парламенттик система менен өнүгүп-өсөбүз деген көз караштагы адаммын. Жалгыз адамга бийлик берүү авторитаризмге алып келет деп ишенем. Бирок эл президенттик башкаруу деп чечти, мен жактырбасам да моюн сунууга мажбурмун. Баш ийип, унчуккан жерим жок. Президенттик деп жазып атышабы, болду, демек президенттик. Деталдарын талкуулоо мага маанилүү деле эместей сезилет. “Повторение мать ученье” дейт го орус туугандар, мейли, кайра бир барып келели артка. 

-- Анда темир жол тууралуу кеп сал. Россия Федерациясы менен Казак Республикасы каршы болуп жаткандыгы айтылууда. Сен кандай дейсиң, бул жол керекпи, керек эмеспи?

-- Албетте керек. Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия аркылуу Европага чыга турган темир жолу биздин өлкө аркылуу өтүп, Тынч океан, Атлантика океан, Ирандан Араб жарым аралына тартылган ветка менен Инди океанына чыгуу мүмкүнчүлүгү ачыла турган жолдон биз эмнеге баш тартуубуз керек? Транзиттик төлөмдөрдү алып, үч океан тараптан жүк келүү, үч багытка жүктөрүбүздү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо келесоолукка тете. 

Азия менен Европага темир жол менен ташылган жүктөр Казакстан, Россия аркылуу ташылып, миллиарддаган доллар транзиттик төлөмдөр алынат. Кытайдан Казакстанга кирип атканда, Беларустан Европага чыгып атканда ошончо миңдеген эшелон поезддердин дөңгөлөктөрү алмаштырылып, же контейнерлер кайра башка платформага жүктөлөт. Анткени Кытай менен Европа узкоколейка а, постсоветтик өлкөлөрдө ширококолейка стандарты менен салынган. 

Азыр Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу узкоколейка жол салынса, Кытайдан Европага жана Инди океанга, айтор, баардык тарапка дөңгөлөк алмаштырып убара болбой, поезддер шуулдап, экономикалык жактан да, убакыттан да утуш болгону турат.

Ал эми биздин боордош деген стратегиялык өнөктөштөрүбүз аскердик стратегияга шылтап, биздин алсыз экенибизден пайдаланып, кедерги кылып, “жолду салдырбайбыз, салынса биздин көзөмөл аркылуу салынышы керек” деп кысып, каршы болушууда. Иш жүзүндө “транзиттик жүктөрдүн көлөмү кыскарып, кирешелерибиз азаят” деген эле кызыкчылыктары жатат. Алардын кызыкчылыгы кызыкчылык, биздики кызыкчылык эмес экен. Биздин буга чейинки жетекчиликтер да союздаштардан чочулап, батынбай, иш жылбай келет. 

Коркпой-үркпөй эле бетине айтып, “макул болбосоң кой, бизге да жашоо керек!” деп бул жолду баштоо керек. Саясый эрк болсо болду, “биздин жерден өткөн жол биздики болот” дегенди макулдашсак болду, Кытай эле каржылап, кыска мөөнөттө бүткөргөнү турат. Өзбекстан да кызыкдар. Өзбектерде бар эрк бизде жок экени гана кейиштүү. 

Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” деген Пекин–Парижди байланыштыра турган темир жолу жалаң ушу биздин ыргылжыңдыгыбыздын айынан ортодогу 250 чакырым жери гана бүтпөй токтоп турат. Кытайлар беймаза болуп, шаштысы кетип, ар кандай уступкага даяр. Керек болсо, так ушул темир жол маселесин жылдыруу үчүн өткөн парламенттик шайлоодо кытай лоббисин жаратуу аракеттери бийлик алмашуусуна таасирин тийгизгени айтылууда. 

-- Садыр Жапаров ишке киришкенден кийинки алгачкы иш сапары Москвага жасалды. Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүндө Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу тууралуу алгылыктуу сөз болгону айтылганын укпадык. Президенттин Россия, Казакстан, Өзбекстанга болгон иш сапарлары тууралуу ЖМКларда деле ар түркүн пикирлер айтылып, канааттанууга караганда, сын-пикирлер көп болгондой. Ушу тууралуу ой билдире кетсең?

-- Эми жашоонун шарты, жанрдын мыйзамы ошондой. Бийликчил ЖМКлар жактап сүйлөйт, оппозиция жамандап сүйлөйт. Жогоруда айттык, шайлоого карата саясый кырдаал кызып турган чак. Анан ушундай кырдаалда оппозициячыл тарап колдоп чыкса, нонсенс болбойбу. Биз душмандашканга чейин жеткизбей, мыйзам чегинде маданияттуу айтышканга үйрөнүшүбүз керек. Эл дагы анализ жасаганга үйрөнүп келе жатат. Журналисттер, эксперттер, саясат таануучулар да диссертация жазып аткансып, илимий терминология менен алектенип, интеллектин демонстрация кылгандан бери болуп, көпчүлүккө түшүнүктүү, жалпак тил менен жазганга, айтканга аракет кылса...

Эми Садыр Жапаров президенттик милдетин аткарууну жакында баштады. Креслого көчүгү жаңыдан көнүп, ишти жаңыдан өздөштүрүүдө. Сыртка жасалган иш сапарларынан уят боло тургандай ремейк деле кетиргенин көргөн жокпуз. Темир жол, ж.б. көптөгөн маселелер жөнүндө айтылбагандыгын деле туура түшүнсөк болот. Бул эми биринчи жолугушуулар, таанышуу, мамиле түзүүнүн башталышы да. Адеп барганда эле маселени кабыргасынан коюп, же беттен алып мамилени бузуп алса, азабын эл тартат. Ошондуктан, Садыр Жапаровго чыдамдуу болуп, келечегин ойлойлу. Болуп өткөн үч иш сапарды тең ошондой баалоо керек деген ойдомун.

Россия менен биз ЕАЭБ, ОДКБ, ШОС алкагында өнөктөшпүз. Жолугушуулар тыгыз эле болот. Арыз-арманды, таарынычты айтканга жетишебиз. Эң негизгиси, президентибиз жалтаңдабай, коркпой-үркпөй, өлкө кызыкчылыгы үчүн тикесинен тик туруп, элдин талабын биринчи орунга коюп, “чапанымды чечип алып атты беле?” деп иш кылса болду. Аны айтса-айтпаса деле, кыска убакытта өзү эле көрүнүп калат. 

Айрыкча темир жол маселеси боюнча, калкты газ менен камсыздоодогу баалардын эселеген айырмасын, ж.б. толгон-токой өнөктөштүккө жатпай турган ички көйгөйлөрдү орус, казак бийликтеринин бетине баса эле айтат деген ишенимдемин. Антпесе болбойт.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер