Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Зеленский азыркы замандын накта лидери экенин далилдей алды”

-- Адил мырза, Борбор Азия өлкөлөрү Украинага карата кандай көз карашта экен? Талдоо иретинде баам салдыңбы?
-- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда нейтралдуу позицияны карманарын билдирген. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев согуштун өзүн комментарийлебегени менен Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан. Өзбекстан да тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде Украинанын бүтүндүгүн колдоп, Донбасстагы түзүмдөрдү тааныбастыгын билдирген.
-- Бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин аракеттерине кандай багыттама берет элең?
-- Кремль басымдуу роль ойногон ЕАЭБ, КККУ сыяктуу уюмдарда Борбор Азия мамлекеттери кирсе дагы, нейтралдуу позиция кармаганыбыздын бир чоң себеби бар. Анткени биз Борбор Азия мамлекеттери Россияга окшоп башка мамлекеттер менен кол үзүп, обочолоно албайбыз. Коңшу мамлекеттер менен соода мамилени күчөтүүгө ынтызарбыз. Тышкы инвестицияга аба менен суудай муктажбыз. Өнүгүп жаткан өлкөдөн, “өсүүгө кадам салабыз” десек тыш жактан акчага басым жасап, жаңы технология келишине аракет кылышыбыз керек. Анткени ааламдашуу заманда жашап жатабыз. Дүйнө бири-бири менен өтө чырмалышкан. Ошондуктан Борбор Азия аймагындагы өлкөлөргө алака катышты чыңдап, регионалдык күчтөрдү карап, дүйнөлүк державалар менен дагы жакшы мамиле көздөгөндөн башка аргабыз жок.
-- Кыргызстан чакан өлкө эмеспи. Жакырланып да баратабыз. Келечекке карай кандай божомол кылабыз?
-- Ошентсе дагы көбүнчө биздин мамлекеттерде “Украиндагы согуш бизге таасир этпейт” деген көңүл кош мамиле бар. Буга мен караманча каршымын. Анткени Кремлдин колониалдык саясатынан эң оболу СССРге кирген мамлекеттер жабыркап жатат. “Приднестровье” деп аталган сепаратисти колдогону, Грузияга таандык болгон Түштүк Осетия менен Абхазияны тартып алганы, Крым жарым аралчаны басып алганы буга мисал. Ал эми Украинаны басып алуу аракети, ал жакта болуп жаткан согуш акыркы 70 жылда калыптанган дүйнөлүк системаны бузуп, талкалоодо. Бул абдан кооптуу. Биздин коопсуздугубузга да коркунуч туудурат. Анткени Кремль азыркыга чейин СССР курамына кирген өлкөлөрдү көз карандысыз мамлекет катары тааныбай жаткандыгынын белгиси. Ошондуктан менин терең баамымда, Украина утулса, кийинкиси ошол эле кейиштүү тагдырды Казакстан, андан кийин Кыргызстан күтүп турат. Бирок ошол эле учурда биз Россия бийлиги менен таптакыр мамилени үзүп коё албайбыз. Муну Батыш өлкөлөрү да түшүнүп жатышат.
-- Украинанын президенти Зеленскийден маек алдың го? Эл аралык байланыштарга баам салсаң керек?...
-- Зеленский менен сүйлөшүп жатып, мен ошол эле оюмду улантып суроо узаттым. Борбор Азия мамлекеттери Украиндагы согуш башталгандан кийин бирдей позиция билдирип келет. Буга БУУдагы бирдей добуш берип жатканыбыз мисал. Глобалдык ири борборлордун да биздин аймакка кызыгууса артты. Муну Кытай–Борбор Азия, Евро Биримдиги–Борбор Азия сыяктуу аянтчаларынын күчөшүнөн көрсө болот. АКШнын президенти тарыхта биринчи жолу баардык Борбор Азия мамлекеттери менен жолугушту. Биз Украинадагы окуядан саясый да, экономикалык дагы упай топтоп жатабыз. Ошондуктан Евро Биримдиги, Улуу Британия, АКШнын чоң аткаминерлери биздин аймакка көп каттап, “санкцияны буйтап өтпөгүлө” деген суранычтан бөлөк, инвестиция, гранттарды күчөтүү, мигранттарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аракеттерин көрүп жатат. Бул жакшы жышаан. Муну колдонуш керек деп ойлойм. Бийлик деле ошондой аракеттерди көрө баштаганын байкап жатабыз.
-- Украина лидеринин ой-пикирин улантсаң? Жалпы саясатка таасири барбы?
-- Зеленский дагы өз жообунда “Борбор Азия мамлекеттери Украинаны бир колдон колдоп бергиле” деп үндөгөн жок. Бир гана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин бир айдан кийин өтүүчү Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айтты. “Биз Борбор Азия лидерлерин бул саммитте көргүбүз келет. Бул жерде эмнеден коркушат? Ал жерде Путиндин жок болушу гана коркунуч жаратат. Эмне, алар келип койсо, Путин Борбор Азиянын бир мамлекетине танктары менен жөнөйбү? Жок, бул аздык кылат. Алар Кремль менен азыркы алакасын жоготуп алуудан коркушат. Бул согуштун аякташына жардам бербейт. Кудай сактасын, элестетип көрсөңөр, биздин позицияда болсоңор, колдоо көрсөтпөгөн, кошулбаган өлкөлөргө кандай карайт элеңер? Өкмөттөр санкция киргизет, бирок саммит бул тынчтык тууралуу, тереңинде диалог боюнча. Кайсы бир агрессорго каршы согушта жалгыз экениңерди элестетип көрсөңөр. Менимче, бул алсыздык. Мен Борбор Азиянын баардык лидерлери сөзсүз болуп, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем” деди Зеленский.
-- Зеленскийде жеңүү үмүтү барбы? Анын көздөрүнөн эмнени көрө алдың?
-- Брифинг боюнча сөз кылсак, ага өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер катышты. Маалымат жыйыны 23-майда Россиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза болгон Харьковдогу басмакананын аймагында өттү. Маалымат жыйын учурунда Зеленский Украина өз көз карандысыздыгы үчүн оор күрөштөн өтүп жатканын кошумчалап, өлкөсү баары бир жеңерин ишенимдүү белгиледи.
-- Маектешүүдө Зеленский өтө таасирдүү сөздөргө, салмактуу ой-пикирлерге басым жасап жатканын көрө алдык...
-- "Дүйнөдө кендери, энергетикалык ресурстары жок, бирок алдыңкы өлкөгө айланган көп эле мамлекеттер бар. Анткени алар бирөөгө көз каранды эмес. Алардын эли өз паспортун, жарандыгын, иденттүүлүгүн сыйлашы үчүн көбүрөөк аракет кылышат. Кимдир бирөөнүн виртуалдык колдоосун издөө менен иденттүүлүктү жоготуп албоо маанилүү. Украина өз карандысыздыгын көп ирет жоготуп, тапты. Тагыраагы, бизден алып коюшчу” деп кошумчалады Зеленский.
-- Зеленскийге тумар белек кылганың Кыргызстанда кеңири талкууга жол ачты. Маңызына токтоло кетсең?
-- Зеленский согуш башталгандан бери өмүрүнө кеминде беш-алты жолу кол салуу болгонун билдирген. Ошондуктан мен Зеленскийке тумар тартууладым. Тамашага аралаштырып, “ал керек болсо “Patriot” абадан коргонуу комплекстен да эффективдүү” деп айтым. А бирок чынында Зеленский азыркы замандын накта лидери экенин көрсөтүп, аны далилдей алды. Ошондуктан анын амандыгы – Украинанын бүтүндүгү менен түздөн-түз байланыштуу. Ал эми Украинанын көз карандысыздыгы – менин Кыргызстанымдын көз карандысыздыгы менен байланыштуу. Ошол үчүн Зеленскийке тумар белек тартууладым.
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити