Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев партиялашы Султанбеков аркылуу маанилүү иштерди жасоодо

Атамбаев партиялашы Султанбеков аркылуу маанилүү иштерди жасоодо

29-апрель, 09:00
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков аз күн мурун “апрелчилерди” чогултуп, саясый дымак көрсөттү. Барган сайын Бакиевдин кандуу бийлигинен жабыр тарткандарды, майып болгондорду сураган деле жан жок. Бейкүнөө 87 азаматыбыз каза тапса, ал эми 14 жылдан бери ондогон жаракат алгандар да бу дүйнө менен коштошуп кете беришкен. Жакында Алмазбек Атамбаев 7-апрель күнүнө карата кайрылуу жасап, элге дух бергендей болду. Андан соң Темирлан Султанбеков аты унутулуп бараткан Апрель революциясынан кийин түзүлгөн бир нече кыймыл, уюмдардын башчыларын чакырып, “ийри отуруп, түз кеңешти”. Албетте, бул саясый кадам. Кечээги кандуу бийликти кубалаганга салым кошкондорду баалап, жабыркагандардын тууган-туушкандарына дем берип, мындан ары да бир болууга жасаган аракети маанилүү. Демек, Атамбаев кечээги тарапташтарын таштабай турганын билдик, өзү алыста болсо да Султанбеков аркылуу ал-абалдарын суратып, кайрадан саясаттын тамырын кармоого кеч эмес ишаратын байкатты окшойт. Маңыздуу маселе...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер