Чынара Эсенгул, саясат талдоочу: «Кыргызстанга дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөрдүн таасири оор тийет»

-- Чынара айым, учурдагы сырткы саясаттын жалпы абалы жана Кыргызстанга тийгизген таасирлеринен азыноолак кеп баштасаңыз?
-- Дүйнөлүк саясатта бир топ өзгөрүүлөр болуп атат. 57 мамлекеттин курамындагы ОБСЕ уюму, 193 өлкөнүн башы бириккен БУУ жана Европадагы кызматташтык коопсуздук уюмдары дүйнө алкагында таасирлерин жогото баштады. Бул деген саясый каатчылыктын башталып атканын билдирүүдө. Ушуну менен катар Глобалдык Түштүк менен Глобалдык Түндүктүн негизсиз ажырымдары да каатчылыктын бир белгиси экенин түшүнсөк болот. Мындан сырткары, Россия, Кытай, Бразилия, Индияга окшогон мамлекеттер Глобалдык Түштүктү чогултуп, саясый Батышка каршы экономикалык негиздеги чоң альянс түзгүлөрү келип атканы ачык билинип калды. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюталык фонд Кытай мамлекетинин өз алдынча түзүп аткан альтернативалык заманбап банктарынан чочулап турушат.
Ооба, согуштар көбөйүп атат. Ага сарпталган чыгымдарды айтпай тек коёлу. Бир келген жашоого адамзат бакубат турмушка умтулуунун ордуна көптөгөн каражатты аскердик техниканы жана ок-дарыларды чыгарууга жумшап, экономиканы унутуп койбосо да экинчи планга жылдырууда. Ушундай тенденцияны байкап атабыз. Мурун бир полярдуу саясат жүргүзүп келсек, азыр көп полярдуу саясат жүргүзгөнгө мажбур болуудабыз. Мындай учурда Кыргызстанга тийгизген таасири оор болот.
-- Эмне үчүн оор болот?
-- Анткени, учурда дүйнөлүк же эл аралык укук тийешелүү деңгээлде каралбай калды. Эл аралык укуктарды бузган күндө да, ага эч кандай санкция иштебей атканын билебиз. Системанын жоктугу, күчү келбей жатканы сезилет. Мындайча айтканда, күчтүү мамлекет анархиялык методду колдонуп, «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, чабалдар эмне кылсаңар ошо кылгыла» дегендейге өтүп алышты. Кыргызстан мындай учурда жогорудагыларды эске алуу менен тышкы саясатты туура жүргүзүүсү абзел. Ар бир күчтүү мамлекеттин тилин таап, ошол эле учурда өзүбүздүн ички саясатка каршы келбеген иштерди жүргүзө билүүбүз керек.
Климаттык өзгөрүү, жасалма интеллект деген глобалдык чоң маселелер туруп атат, анан согуштун көбөйгөнү. Ушу үч чоң жагдайга Кыргызстан даяр турушу шарт. Дүйнөлүк саясаттын абалын ушул үч чоң маселе аныктап чыгарат. Башкача айтканда, согуштук-аскердик потенциалыбызды күчөтүшүбүз керек. Жасалма интеллект менен кандай мамиледе болуп, кандайча жөнгө сала алабыз? Анан климаттык өзгөрүүнү кабылдоо, адаптация кылуубуз кажет, бул жагынан даярдыгыбыз барбы?..
-- АКШнын жаңы шайланган президенти "келгин куштарга" (мигранттарга) болгон мамилесин кескин өзгөртүүдө. Ошондо биздин ал жакта иштеп, жашап жаткан жарандарга кыйынчылык жаралбайбы?
-- Трамп мырза АКШга президент болуп келгенден баштап чоң өзгөрүүлөр орун алууда. Бир канча указга кол койгонго үлгүрдү. Өзгөчө Мексика аркылуу Америкага өтүп аткан мигранттарга каршы жолдорду, каналдарды токтотуу боюнча. Муну Трамптын жеке жана «Республика» партиясынын консервативдик көз карашы катары түшүнөбүз. Азырынча легалдуу эмес жүргөн мигранттарга каршы күрөш катуу жүрөрү айтылууда. Маселе жаралууда. «Нукура америкалыктарга, тактап айтканда, акжуумал түстүүлөргө (каратору эместерге) басым жасалат. Калгандары мыйзам чегинде катуу текшерүүгө алынат» деди пезидент. Кошумча катары «ЛГБТ (лесбиянка, гомосексуализм, бисексуализм, трансексуализм) менен да катуу күрөш жарыялайм» деп бир топ консервативдик көз караштагы нерселерге катуу кулак какты кылды. Ошон үчүн кыргыздар кай жерге барса да жергиликтүү мыйзамдарга баш ийип, тартип бузбай, легалдуу макамын алып, анан жашап-иштей берсе болорун айткым келет. Же депортациянын жеңил формасында мекенге кайтып келе турган жолдорун издешсин.