Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эмил Узакбаев сыяктуу “жеп-ичкичтер” элита болгондун богун жешеби?”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эмил Узакбаев сыяктуу “жеп-ичкичтер” элита болгондун богун жешеби?”

07-июнь, 09:00
521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке салам. Саясый элитада маал-маалы менен кеп козуйт. Эмил Узакбаев түштүктүн аксакалдарына ай сайын чай-пай берип, өздөрүнчө дуулдашкандары талкуу жаратып келсе, бул жагын кандайча түшүнөбүз? Мунун өзү аймактык бөлүнүүгө жик салбайбы? Эмнеге түндүк-түштүктүн аксакалдарын тегиз жыйнап эле сый көрсөтпөйт? Алакандай кыргыз элинин аттуу-баштуулары минтип жатышса, жаш муунга кандай үлгү көрсөтүшөт? Ушул жагын чечмелеп көрбөйлүбү?

-- ЖМКларда, соцтармактарда бул уюшма тууралуу бир нече жолу маалыматтар чыгып, коом ичинде ар кандай кеп-сөз жүрүп атат. Регионалисттик, трайбалисттик маанайдагы отуруш сынга кабылып, “түштүк аксакалдары” да өздөрүн олдоксон сезип, жапма табак режимине өтүшүп, жашырынып чогула турган болушуптур. Аксакалдар экендери чын болсо, анда эл алдында жүзү жарык, ачык жүрүү керек да. Экстремисттик уюмдардай подпольеге кеткидей, бул жерде эмне кесепет бар (?) деген суроо туулат. Айтор, эми Эмил Узакбаев уюштурган ай сайын өтчү аш жемей, чогулушмай тууралуу сыртка кеп сөз чыгарбоону макулдашышкан имиш.

Башында бул уюшма “Камчыбек Ташиевди коргоо комитети” болуп түзүлүп, ага түштүктүн 50 аксакалы киргени, кийин башка региондордон кошуп, 200-300гө жеткирүү пландалганы айтылган. “Ташиевди коргоо комитети” дегенди түшүнө албаган көпчүлүк кийин эстерине келгенде, “ээ кокуй, булут минип, муз бүркүп турган Ташиевге ким коркунуч туудуруп атыптыр?” деп шыпшынып, “андан көрө “Ташиевден коргоо комитети” дешсе окшошмок экен” дегендей тамашалашып, күлгөндөр да болгон. 

-- Жетимиш жашка таяп калган Эмил Узакбаевдин артынан чуулуу кептер уланып келгенине токтоло кетсең?

-- Ай сайын тай союп, абышкаларды казы-картага карк кылып аткан Эмил Узакбаевдин өмүр жолу, иш таржымалы, көмүскө байлыгы да соцтармактарда сынга кабылып, эми дагы “Ташиевдин көңүлүн таап, жеке кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн жүрөт” деген сымал айыптоолор жамгырдай жаады. Андай негатив ошол жерде чогулган 50 аксакалдын баарына дебейли, көбүнө багышталып айтылып, “жегич-ичкичтер”, элита болгондун богун жешеби?” деген шылдыңдоолорду да угушту. Ошондон уламбы, бул уюмга башка региондордун аксакал-көксакалдарын тартуу иши аксап, алтургай “түштүк аксакалдары” деген 50 киши четинен азайып, бирин-экини ашка келбей, “ооруп атам” сыяктуу көрүнгөн шылтоону айтышып, качып жатканын эшиттик. Ошого карабастан, бу дымагы күчтүү отуруш керек болсо спикер, депутаттарга чейин калчылдатып, ичпегендерин “суй жыкканга” жеткирген сүрү бар экенин да ЖМКлар жазып чыгышты.

-- Коомдук пикирден улам “аксакалдар” уюшмасы солгундап калдыбы?

-- Ошентип, “Садыр Жапаров иш жүзүндө Камчыбек Ташиевди бошото турган болуптур, чогулуп коргоп калалы. Коргоо комитетин түзүп, президенттик шайлоого алып чыгып, башыбызга шайлап алалы” деп түзүлгөн уюм арышын кере албай, жамынышып калышты окшойт. 

-- Эмил Узакбаевдин айынан Камчыбек Ташиевдин да аты аталып кетпедиби. Эми жеке баа берүүгө өтөлү. Камчыбек мырза “жеп-ичкичтерге” эмес, элге таянышы керекпи, же кандай? 

-- Учурда “Камчыбек Ташиев” дегенде ыйлап аткан бала сооронуп, ким болбосун жүрөгү “болк” этет. Коррупцияга каршы күрөштү мындан дагы катуу күчөтө турганын айткандан бери (Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Суваналиевден башкасы), ага ачык каш кайра турган деле саясатчы калбай, карапайым калк ичинде Камчыбек баатырдын аброю өсүп баратканы талашсыз. Андыктан алдыдагы президенттик шайлоодо шансы жок эмес. Шайлоого аттанганга программасы даярбы, ким билсин (?), бирок башка ресурстардан кем-карчы жокко эсе. Дагы бир бирок, ал жеңиш оңойго турбайт. Анүчүн жулуңдап, алчы-таасын жеп алган регионалчы “аксакалдарга” эмес, адилеттикти күтүп, суусап, Ташиевге ишеним артып турган карапайым элге таянганы эп болот. Анан дагы коррупцияга каршы күрөштү баштагыдай кылбай, ачык-айкын жүргүзүп, “коррупциянын анабашыларына тиши өтпөйт” деген илешмеден арылуусу керек! 

-- Бизде эл каймактары, улуттун жүзү боло турган интеллигенция барбы? Мамлекетибиз көп эле оор сыноолорду өткөрүп, кыйынчылыкта келатат. Оош-кыйыш окуяларга карата аксакалдарыбыз омоктуу ой айтканга жарашпай, ар дайым коңулда жашынып жатышкандай. Коомдогу түрдүү көрүнүштөргө калыс, адилеттүү сөз айткандар жокко эсе. Биз эл болобузбу, же?..

-- “Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт” дегендей, бир кезде дүйнөнү дүңгүрөтүп турган Улуу Кыргыз каганатынын, “Манас” эпосунун аркасы менен бизди дүйнө таанып, мамлекеттүүлүккө ээ болуп отурабыз. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү кейпибиз менен дүйнө кайрадан форматталып, бөлүнүп-жарылып аткан кезде мамлекеттүүлүгүбүздү сактап каларыбыз күмөн болуп турганын жашыра албайбыз. Бул биз сыяктуу чакан, кичине мамлекеттердин баарына эле тийешелүү сөз. 

-- Анан?

-- Азыр дүйнө беш-алты ири күч борборлоруна, көп полярдуулукка баратат. Биз ошол күч борборлорунун бири менен (албетте, Россия, Кытай сыяктуу коңшу ири державалар) тыгыз интеграцияланып, соода-сатык, достук мамилебизди чыңдап гана өмүр сүрө алабыз. Океандын ары жагынан келген жоого колтук ачып, украиндердин кейпин кийгизгиси келген ээнбаштарды жоопко тартып, же ошо Батышына кууп салып, коңшулар менен ынтымак-ырашкерлүү болуудан башка жол жок. Азыр “биз Манастын тукумубуз, учаны бизге тартышыңар керек” деп ыргыштай берчү заман эмес. 

-- Кыргыз элитасы боюнча айталы...

-- Ооба, эл катары калыптануу үчүн элитаң болуш керек. А элитаңдын түрү болсо, жогоруда айткандай жапма табакта жүрүшөт, кара жаны менен калтасынан башканы ойлобой калгандар. Каймагы жок көк сүттөй болгон элибизди да көрдүң го кечээки Ленин районунун шайлоосунда. Баары кайдыгер, шайлоого келүү өтө төмөн, жокко эсе. А сен “элбизби?” дейсиң. Мамлекеттүүлүктү, элдин тагдырын, келечекти ойлобой, мал сыяктуу кызыл кекиртекти гана эңсеп-күсөгөндөр үйүр сыяктуу болуп калдык. Эл деген андай болбойт. Калк кандай болорун, мына Түркияны карап бил, 86% эли шайлоого келип, мамлекеттин тагдырын чечип атат. Мына элдин деми! Ушуга карап анан жыйынтык чыгарып, ойлонолу. Болбосо жок болосуң да... 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер