Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас САМАТОВ, фермер: “Бажы биримдигине каршы чыкканыбыз туура экенин турмуш өзү көргөзүп койду”

Манас САМАТОВ, фермер: “Бажы биримдигине каршы чыкканыбыз туура экенин турмуш өзү көргөзүп койду”

22-ноябрь, 13:11
1 692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Манас аке менен дыйканчылык боюнча азыноолак маектештик. Бу киши башынан эле “фермермин” деп келет. Айыл чарбасында эмгектенген мыкты адистин бири. Кант кызылчасы болсун, же багбанчылык, айтор, иштин көзүн билген адис. Учурда фермерлердин абалын, деги эле айыл чарба абалы, Бажы биримдигинин биздин экономикабызга, анын ичинде айыл чарбасына тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

-- Манас аке, Кыргызстанда фермерлик абал кантип атат?

-- Өлкөдө фермердин орду бүгүн аябай оор. Кырдаал катаал болуп турган кез. Жыйынтыгында жалпы айыл чарба өндүрүшүнө тескери таасирин тийгизүүдө. Бир беткей системага түшүрүлгөн айыл чарба саясаты жок. Бийлик менен фермерлердин ортосундагы мамиленин формуласы жөнүндө кеп кылбай эле койсок болот. Фермерлерге жол көрсөтүп, канткенде айыл тургундарынын жашоосун көтөрсө болорун айтып-дей турган адистерди көрбөй турам.

-- Бул боюнча кандай сунушуңуз бар?

-- Түп-тамырыбыздан бери өзгөрүшүбүз керек. Агрардык саясатка реформа кылуу абзел. “Фермер” деген өндүрүшчүнүн статусун, макамын мыйзам  деңгээлинде бекитүү зарыл экенин сокур да, дүлөй да түшүнүп турат. 

-- Бүгүнкү күндө фермерлер кайсы багытта жакшы иш алып барып, алгылыктуу жолго коюлуп келатат деп ойлойсуз?

-- Келечек багбанчылыкта. Бул эми бир күндө боло турган иш эмес. Өлкөнү бүтүндөй мөмөлүү бактарга айлантыш үчүн көптөгөн жумуштарды кылуу керек. Эбегейсиз каражат, ишбилгилик, эптүүлүк талап кылынат. Бул багытка түптүү саясат керек. Ал эми техникалык өсүмдүктөр экинчи орунда калууда. Албетте, муну менен техникалык өсүмдүктөрдү өстүргөндү токтотпойбуз. Алардын да түшүмдүүлүгүн арттыра турган жолдор бар. Дагы бир көйгөй бар: илгертен бери  келаткан кечек тоютту даярдоо. Бүгүнкү күндө бир килограмм чөптүн баасы 10 сомго чыгып кетип атат. Ошол эле учурда сенаж, силос деген тоюттун түрлөрү бар. Сапаттуулугу жагынан жогору, алар арзан болууда. Эмне үчүн биз силос, сенаж жасап пайдаланууга өтпөйбүз? Ушундан улам айыл чарба өндүрүшүн жакшы жакка буруп кетиш үчүн, жаңы технологияларды алып келиш үчүн ишбилги, көзү жеткен, канткенде өзгөртсө болорун билген, анан дыйкандар менен түздөн-түз иштей алган жетекчи керек болуп атат. Кадрдык маселебиз аксап атканын баары эле билишет. Тактап айтканда, айыл чарбасына комплекстүү түрдө мамиле кылуу керек. 

-- Фермерлер “кант кызылчасын кабыл алуучу жайга алып келсек, баасы төмөн түшүп кетти” деп айтып атышат. Бул боюнча оюңуз кандай?

-- Албетте, 38 пайыз жоготуп атабыз. Мурунку келишимдеги 3 сом, 20 тыйындын ордуна 2 сомго жетпеген баа менен тапшырып атабыз. Себеби, канттын баасы түшүп кетти. Завод төлөмдүн 72 пайызын кумшекер менен берип атат. Бул кант кызылчасы “өлдү” деген эле кеп. Эмдиги жылы кант кызылчасын эч ким өндүрбөйт болуш керек.  

-- А эмнеликтен ушундай болуп калды?

-- Бажы (мен “Быжы” деп эле айтып атам) биримдигинин кесепетинен улам ушундай болду. 15 миң тонна Украинадан, 20 миң тонна Россиядан кумшекер келет экен. Биздин өлкө жөн эле “проходной двор” болуп калды. Бажы биримдигинин чечимин биз эмес, жадагалса биздин президент эч нерсе кыла албайт экен. Москвада отурган Бажы биримдигинин Евразиялык комиссиясынын 5-6 кишиси чечип атат. Биздин өлкөнүн тагдыры жат мамлекетте чечилип жатканы фермерлерди өкүндүрүүдө. Дагы бир жолу айгинелеп турат, Бажы биримдигине каршы чыкканыбыз туура экенин турмуш өзү көргөзүп койду.  


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер