Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абадда жаш келин өз жанын кыйды

Жалал-Абадда жаш келин өз жанын кыйды

11-январь, 19:49
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абадда 24 жаштагы келин асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 10-январь күнү саат 01:00дөр чамасында Токтогул РИИБнин «102» кызматына ошол эле райондун 24 жаштагы тургуну жашаган үйүндө асынып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Токтогул РИИБнин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тийешелүү иш кагаздар чогултулган. Аталган факты Токтогул РИИБге «өзүн өзү асып алуу” болуп катталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон келиндин жолдошу 1996-жылы туулган жаран 10-январь күнү саат 00:00 чамасында үйүнө келип, үйүндө келинчеги жок болгондугуна байланыштуу аны издеп, өздөрү жашаган Токтогул шаарындагы үйүнүн сарайында асынып турган жеринен тапкандыгы такталган.

Жолдошунун айтымында, келинчеги менен буга чейин урушкан эмес жана жакшы мамиледе болушкан. Бул факты боюнча каза болгон келиндин атасы, 1958-жылы туулган жаран жана жакын туугандары кызынын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышып, актылар түзүлүп, кол коюлган. Бул окуя боюнча текшерүү иштери улантылууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер