Акыркы кабарлар
» Коом » Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жекшеналиевдин абалынан кабар алды
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жекшеналиевдин абалынан кабар алды
15-август, 16:43


Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) кызматкерлери милицияда камалган Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиев менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Омбудсмен кызматкерлерине Жекшеналиев милицияда кыйноо же орой мамиле болбогонун билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирген. Учурда анын жактоочусу иш-материалдары менен таанышып жатат.
15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган.
19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман баш аламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козгогон.










